Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ноокен районунун Масы айылындагы “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасынын ийгилигинин сыры

2022-04-23 / ЖӨБ кызматтары
Ноокен районунун Масы айылындагы “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасынын ийгилигинин сыры

МУНИЦИПАЛИТЕТ ТУУРАЛУУ. Масы айыл өкмөтү Кыргызстандын түштүгүндө, Жалал-Абаддын түндүк-батышында Бишкекти Ош шаары менен байланыштырган М41 жолунун боюнда жайгашкан. Муниципалитет 26 миңден ашык адам жашаган беш айылдан турат. Бул айылда кыргыздар, өзбектер, уйгурлар жана башка улуттар жашайт. Муниципалитеттин административдик борбору

Гульнара САЯКБАЕВА, ЖДККЖ долбоорунун муниципалдык ишканаларды өнүктүрүү боюнча эксперти

Муниципалитеттин аймагында 24 коомдук тамактануу пункту, 16 социалдык объект, райондук маанидеги 23 мекеме, 5 базар бар – бул объекттердин бардыгынан чоң көлөмдөгү тиричилик таштанды чыгарылат. Таштандыдан арылтуу иши көп убакыт бою талаптагыдай уюштурулбай келген. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 2011-жылы “Масы Тазалык” муниципалдык мекемесин түзүү чечими кабыл алынган. “Масы Тазалык” жергиликтүү калкка катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, калктуу конушту көрктөндүрүү, санитардык жактан тейлөө жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Ишкананы ачып жаткан маалда атайын техникадан ГАЗ-53 гана бар болчу. 2014-жылы ишкана дагы бир ГАЗ-53 самосвалын, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унааны, бир экскаваторду жана 18 орундуу маршруттук автобусту сатып алган. Ишканада 16 адам иштечү.

15 жылдан ашык убакыттан бери ишкана классикалык сценарий боюнча иш жүргүзүп келген. Биздин өлкөдөгү ушул өңдүү көптөгөн ишканалар сыяктуу эле, “Масы Тазалык” да сметалык принцип боюнча иштеген, башкача айтканда, толугу менен жергиликтүү бюджетке көз каранды болчу. Жергиликтүү бюджеттен каржылоо ишкананын бюджеттик сметалык багытынын негизинде жүргүзүлүп келди. Ишкананын жумушчуларынын эмгек акысы өндүрүмдүүлүгүнө жараша эмес, башында белгиленген бойдон берилип турчу. Ишкананын өнүгүү келечеги бүдөмүк эле, жумуш болсо да, болбосо да, эмгек акы баары бир төлөнүп келген. Күйүүчү майга жана унааларды оңдоого кеткен чыгым нормаланган эмес, эсеп-кысап жүргүзүлбөгөндүктөн техника тез-тез бузулуп, иштебей турчу. Муниципалдык ишкананы өнүктүрүүгө жасалган мындай мамиле сөзсүз түрдө туңгуюкка кептейт. Муниципалитеттин администрациясы менен ишкананын кызматкерлеринин ортосунда көптөгөн талаш-тартыштар болуп, бул жергиликтүү элдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин бир топ төмөндөткөн. Калк көрсөтүлгөн кызматтар үчүн дээрлик акча төлөбөй калган. Ишкана акырындык менен банкроттукка карай бараткан. Ишкананын кызматкерлерге да, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө да, салык органына да, социалдык фондго да карызы көбөйө баштаган. Ишкананын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдары ишкананы кризистен чыгарууга бир топ аракет жасашкан, бирок мындан майнап чыккан эмес.

Жалпысынан ишкана субъект катары кызматкерлерди кызыктыра алган эмес, кадрлар бул жерде көпкө кармалбастан, иш которуп кеткендер көп болчу. Атайын техниканын тез-тез бузулушу керектөөчүлөрдүн ар кандай катмарынын ортосунда чыр-чатакка алып келди, натыйжада төлөмдөр азайып, уюштуруучунун да, жергиликтүү калктын да ишеними азайган. Ишканага карата мамиле эң төмөн деңгээлге түшүп, эми-эми жабылат деп күтүлүп жаткан.

2015-жылы Масы айыл өкмөтү “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбооруна пилоттук субъект катары тандалып алынып, ошол мезгилден баштап комбинат өзгөрүү жолуна түшкөн.

Айталы, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү кызмат көрсөтүү, мамлекеттик сатып алууларды өндүрүү жана муниципалдык заказды аткаруу чөйрөлөрүндө өз потенциалын тынымсыз жогорулатып турушкан. Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына тажрыйба алмашуу иш сапарларына катышып, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин даярдоо боюнча окуудан өтүшкөн. Ишкананын материалдык-техникалык базасын оңдоо үчүн Долбоор 1 комплект оргтехника сатып берген. Муниципалдык кызмат корсөтүүлөрдүн кошумча реестрине 5 кошумча кызмат көрсөтүү киргизилди, алар учурда иштеп жатат. Жергиликтүү калк арасында жоопкерчиликти жогорулатуу, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кызматтардын туруктуулугун бекемдөө максатында Масы АӨ Долбоор уюштурган конкурска катышууну чечкен. Натыйжда айыл өкмөтү 2-орунду ээлеп, 2 принтер утуп алган, алардын бири ишкананын пайдалануусуна берилген. Маса айыл өкмөтүнүн базасында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлүп, ал ушул күнгө чейин иштеп келүүдө.

Андан соң алынган билимди жана көндүмдөрдү жакшыртып, ошондой эле ишканада экономикалык туруктуулукту өнүктүрүү максатында Масы АӨ башчысы кризиске каршы башкаруу боюнча көз карандысыз консультантты тартууну чечет.

Ишкананын тарыхы менен таанышып чыккан соң, адис анын өндүрүшүн башкарууда кемчиликтер бар болгонун аныктады, аларды төрт категорияга бириктирсе болот: укуктук, ресурстук, экономикалык жана финансылык. Бардык категориялар боюнча кылдат жана максаттуу талдоо жүргүзүлүп, ал көп өтпөй ишкананын кризиске каршы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берди.

Ишкананын ченемдик укуктук документтери менен таанышып чыгуу укуктук көйгөйлөрдү талдоонун бир бөлүгү болуп калды. Бул талдоо ушул бөлүктө көптөгөн кемчиликтер бар экенин көрсөттү. Алсак, ишкананын Уставы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин алкагында иштелип чыккан эмес. Уставдын өзөгүн Орусия Федерациясынын унитардык ишканасынын Уставы түзүп, ал кырдаалга ылайыкташтырылганы белгилүү болгон.

Ресурстук көйгөйлөргө жүргүзүлгөн талдоо кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы социалдык-өнөктөштүк мамилелердин өзгөчөлүктөрүн аныктап, ишканада Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери, коопсуздук техникасы, ошондой эле ишкананын социалдык жана өндүрүштүк өнүгүү техникасы сакталбаганын көрсөттү.

Экономикалык абалга жасалган талдоо пландаштырууну, мониторингди жана акча агымынын практикасын карап чыгууну камтыды. Талдоо ишкананын активдерин жана пассивдерин пландаштыруу жана бөлүштүрүү болбогонун аныктады. Ошондой эле пайданын ар бир элементине талдоо жүргүзүлдү. Пайданын ар бир элементин талдоо ишкананын жетекчилиги, анын уюштуруучулары, кредиторлору ж.б. үчүн абдан маанилүү. Жетекчилер үчүн мындай талдоо ишкананын өнүгүү келечегин аныктоого мүмкүндүк берет, себеби киреше капиталдык салымдарды каржылоонун жана жүгүртүүдөгү каражаттарды толуктоонун булактарынын бири болуп саналат. Уюштуруучулар үчүн пайда алар конкреттүү ишканага салган капиталдан киреше алуунун булагы болуп берет. Кредиторлор ишканага берилген насыялардын же зайымдардын, анын ичинде алар боюнча пайыздар канчалык кайтарылаарын баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Финансылык абалды талдоо маалында ишкананын финансылык ишинин жыйынтыктары чыгарылат. Ал төмөнкү этаптардан турат:

  • 1) отчеттук мезгилдеги ар бир көрсөткүчтүн базалык көрсөткүчкө салыштырмалуу өзгөрүүсүн изилдөө (горизонталдык талдоо);
  • 2) тиешелүү беренелерге структуралык талдоо (пайыз менен);
  • 3) бир катар мезгилдер (жыл, квартал) үчүн көрсөткүчтөрдүн өзгөрүү динамикасын изилдөө – тренддик талдоо;
  • 4) айрым факторлордун пайдага тийгизген таасирин изилдөө (фактордук талдоо);
  • 5) КР Эсеп палатасынын мамлекеттик инспекторунун 2017-жыл үчүн отчету изилденген.

Комплекстүү талдоо ишкананын ишмердүүлүгүн каржылоонун булагы жергиликтүү бюджет болгонун көрсөттү. Ишкана көрсөтүлгөн кызматтарга эсеп жүргүзбөйт. Аткарылган иштердин тизмеси, таблицалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча нормалоо, керектөөчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн категориялары боюнча жарандык-укуктук мамилелер жок. Акчанын кыймылы туш келди жана башаламан жүргүзүлөт. Ишкананын өндүрүмдүүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанайынан жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнөн түздөн-түз көз каранды болчу. Ишкананын директорунун ушундай кейиштүү кырдаалга таасир эте ала турган рычагы болгон эмес. Ишкананын кызматкерлери милдеттерине кайдыгер жана жоопкерсиздик менен мамиле жасап келишкен.

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жасалган иштерди текшерип чыккан. Инспектордун 2019-жылдын 25-декабрындагы корутундусунда ишкананын чарбалык ишинде көптөгөн кемчиликтер болгону айтылып, ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тактап айтканда – тарифтик системага ылайык жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Ишкананын кызматкерлеринин маанайы жана жасап жаткан ишине мамилеси, алардын кирешени көбөйтүүгө ынтызарлыгы эң маанилүү өңүт болуп саналат. “Масы Тазалыктын” АР БИР КЫЗМАТКЕРИ менен бетме-бет баарлашуу болду. Алар менен бирдикте ишкананы түзүүнүн себептери, анын зарылчылыгы, жумушчулардын муктаждыгы, эмгек акыны төлөөнүн формасы, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүүгө дем берүү ыкмалары ар тараптан изилденип чыккан.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча ишкана үчүн кризиске каршы жекече план иштелип чыгып, анда ишмердүүлүктү түп-тамырынан бери өзгөртүүлөр камтылган. Планды ишке ашыруу кызыкдар тараптардын бардык категориялары үчүн – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары, ишкананын кызматкерлери жана жергиликтүү калк үчүн чоң күч-аракетти талап кылды.

Кризиске каршы пландын алкагында ишкананын чарбалык ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон бардык документтер даярдалган; аткарылган иштердин бардык түрлөрү боюнча нормалоо жүргүзүлдү, тарифтер эсептелип, технологиялык карталардын калькуляциясы жасалып, өндүрүштүк программа, өндүрүшкө социалдык өнөктөштүктү киргизүү боюнча документтер даярдалып, уюштуруу документтерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди, ошондой эле эки жылга өнүктүрүү сценарийи иштелип чыкты. Айталы, өнүгүү сценарийине ылайык, планды ишке ашыруунун биринчи жылында ишкана финансылык экономикалык деңгээлге   – нөлдүк чекке жетет. Бул деңгээлде ишкана жергиликтүү бюджеттен көз карандысыз болуп, кеткен чыгымдары актала баштайт.

2020-жылдын 31-декабрына карата ишкананын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акча каражатынын түшүүсү боюнча финансылык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду:

Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү кризиске каршы пландын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Айталы, ишканада жеке коргонуу каражаттары, күн сайын бир жолу ысык тамак, зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча акы, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор, тейлөө аймагын кеңейткени үчүн сыйакы, абоненттик базаны көбөйткөнү үчүн кошумча төлөмдөр жана сыйакы, жаңы жыл майрамында жана балдарды коргоо күнү балдарга белектер сыяктуу социалдык шыктандыруу ыкмалары киргизилди. Болгондо да, азыр кызматкерлер белгиленген акыны эмес, ишинин жыйынтыгы боюнча эмгек акы алышат, мында жумушчу өзүнүн иш аймагы үчүн кызыкдар болуп, жоопкерчилигин сезет. Ошондой эле системага бригадалык подряд ыкмасы да киргизилди. Эми административдик-башкаруучу персоналдын кызматкерлеринин эмгек акысы жумушчулардын өндүрүмдүүлүгүнөн көз каранды болот. Айталы, эгерде мурда эмгек акы иштин жыйынтыгына көз каранды болбой, бардык кызматкерлер ай сайын башынан белгиленип калган бирдей эмгек акыны алып келишсе, эми болсо эмгек акысы жасаган ишине жана түшкөн акчага жараша пропорционалдуу түрдө баарына тегиз бөлүштүрүлөт. Мындай мамиле кызматкерлердин бардык категорияларын тейлөө аймагын кеңейтүүгө жана аткарылган иштердин көлөмүн көбөйтүүгө шыктандырат.

Ишканада башкаруунун туруктуу формасын орнотуу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү:

  • муниципалдык ишкананын Уставы даярдалып, колдонууга киргизилди;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЖӨБ органдары менен ишкананын, ошондой эле жергиликтүү калк менен ишкананын ортосунда келишимдер даярдалып, колдонула баштады;
  • катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматына тарифтер белгиленип, жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынган токтом менен күчүнө кирди;
  • ишканада социалдык өнөктөштүктүн принциптери иштелип чыгып, күчүнө кирди;
  • ишкананын 2019-2020-2021-жылдарга жыйынтыкка багытталган бюджети түзүлдү;

Салыштырма таблицада көрүнүп тургандай, 2017-жылга салыштырмалуу 2021-жылы каражаттардын орточо өсүшү (атайын адис ишке тартылгандан баштап) 347,2 миң сомду түзгөн. Кошумча компенсацияларды жана социалдык пакетти эсепке албаганда орточо эмгек акы 6 миң сомго көбөйдү. Ишкананын ишмердигине зыян келтирбестен жумушчулардын саны 6 адамга кыскарды. Жеке жактар менен 468 келишим, ал эми юридикалык жактар менен 8 келишим түзүлүп, абоненттик базада өсүш байкалды.

Белгилей кетсек, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында ишкана 2019-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун Кеңеш АА, Масы АА жана Бешик-Жон ААда катуу тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча муниципалитеттер аралык кызматташууга катышып келет. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул Долбоордун алкагында муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестри түзүлүп, колдонууга берилди.

2021-жылдын 28-июлунда Масы айыл өкмөтүнүн юридикалык жактары менен жолугушуу өтүп, катуу тиричилик калдыктарын чогултуунун дифференцияланган ченемин киргизүү маселеси талкууланды. Иш-чара ишкананын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында өткөрүлдү. Бул жолугушууга чейин чарба жүргүзүүчү субъекттерден таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөмдүн өлчөмү белгиленген деңгээлде болуп, бардык категориядагы субъекттер үчүн бирдей эле – жылына 4800 сом төлөшчү. 2021-жылдын 17-августунда жергиликтүү кеңештин сессиясында ченемдик акт кабыл алынган. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жаңы нормативдердин киргизилиши менен ишкананын ишмердигинде экономикалык жылыш болот деп күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде ишкананы текшерип чыккан. Инспектордун 2021-жылдын 27-августунда берген корутундусунда сунуштар жана көрсөтмөлөр болгон жок.

Бул иш-чаралардын алкагында Долбоор “Масы Тазалык” муниципалдык ишкананын базасында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын муниципалдык ишканаларынын административдик жана башкаруучу персоналынын кызматкерлери ортосунда муниципалдык ишкананы башкаруу боюнча тажрыйба алмашууну өткөрдү. Анын жүрүшүндө катышуучулар муниципалдык ишкананы башкаруу функцияларын, ошондой эле чарбалык чыгымдарды эсептөөнүн принциптери менен өндүрүштү жүргүзүү боюнча жакшы көндүмдөргө ээ болушту.

Айыл аймагынын тирүү организми катары ишкананын ийгилигинин формуласы – ишкананын табиятына болгон мамилени өзгөртүү, тактап айтканда, ишкана – бул көңүлкош маанайдын, өздүк кирешенин жана баюунун булагы эмес, ошондой эле түйшүк алып келчү көрүнүш эмес. Ишкана – калктуу конушта жашаган адамдын жашоо тиричилигин камсыз кылуу үчүн ачык-айкын, маданий, социалдык, тиричилик, өз ара пайдалуу шарттарды өнүктүрүүнүн булагы!

Бүгүнкү күндө ишкананын урааны – “Ишкана үчүн адам эмес, ишкана адам үчүн”.

 

Окшош материалы: