Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аял жетекчи “Автотранс” муниципалдык ишканасынын өнүгүүсүнө кантип дем берди

2022-04-23 / ЖӨБ кызматтары
Аял жетекчи “Автотранс” муниципалдык ишканасынын өнүгүүсүнө кантип дем берди

Ирена БАЙТАНАЕВА, журналист.

Токтогул КАРАМЕРГЕНОВА 67 жашта. Ал дээрлик өмүр бою башкы бухгалтер болуп иштеп, пенсияга чыгууну ойлонуп жүргөн кезинде айыл өкмөт башчысы Найзабек Көлбаев “Аламүдүн-Автотранс” муниципалдык ишканасын жетектеп берүүнү сунуштаган. Кыска убакыттын ичинде жаңы директор уюмду кризистик абалдан алып чыгып гана тим болбостон, буга кошумча анын ишин жолго сала алды.

Т.КАРАМЕРГЕНОВА: Мен ишканада башкы бухгалтер болуп иштегем жана Найзабек Асанбековичтин өтүнүчүн четке кага алган жокмун. Тескерисинче, менин билимим, мүмкүнчүлүктөрүм аларга дагы деле керек болгонуна сүйүндүм.

Н.КӨЛБАЕВ: “Автотранста” жалаң эркектер иштешет, алардын ортосунда чыр-чатактар   көп болгон. Кээ бир айдоочулар кетип калса, алардын ордуна башкалары келип, бирок чечилбеген көйгөйлөрдөн улам алар да жумуштан кетип калышчу. Уурдоо фактылары да болгон. Акчаны эркин тескөөгө көнүп калышса керек, себеби бул жерге негизинен шаарда маршрутка айдап, тапкан акчасын күн сайын алгандар келчү, алар муниципалдык транспорттун тартибине көнө албай коюшту. Мына ушул жагдайлардын бардыгы графиктин бузулушуна алып келди. Мурдагы директор мындай анархияга чыдай албай, ден соолугу начарлап, дарыланууга кеткен. Мен “балким, пандемия эркектерге таасир эткендир, ал эми аялдар болсо кыйынчылыктарга туруктуураак болсо керек? А балким, жамаатта аялдар да иштешсе, эркектердин ортосунда достук маанай бекем болмок беле” деп ойлонуп көрдүм.

КАРАМЕРГЕНОВА “Аламүдүн Автотранстын” директорунун милдетин аткаруучу болуп келгенден көп өтпөй ишкананын бардык финансылык мыйзам бузуулары – салыктар, карыздар, социалдык төлөмдөр – ачыкка чыкты. Ошондой эле тобокелчиликтер жана өнүгүү пландары аныкталды. Буга чейин ишкананын абалы тууралуу чыныгы маалыматтар ачыкка чыкпай, айыл өкмөтү реалдуу жагдайдан кабарсыз кала берген экен.

КӨЛБАЕВ: Карамергенова “жагдай ушундай, чечим кабыл алгыла” деп, толук маалымат бергенде, мен абдан ыңгайсыз болдум. “Эмнеге муну мага көрсөтүп жатасыз?” деп сурадым. “Мага кандай мурас тийгенин билишиңиз үчүн айттым”, - дейт. Макул, бирок өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуусуз, ошол эле учурда алар үчүн толук жоопкерчиликти да аласыз”, - дедим. Эми карагылачы, автобустар линияга толук курамда чыгып жатат, буга чейин сегиз автобустун ичинен төртөө гана иштечү, айдоочулардын чатагы токтоп, жергиликтүү бюджетке салык түшө баштады.

Аламүдүн айыл аймагынын транспорту Бишкек транспорту менен интеграцияланган. Бир каттам борбор калаанын чыгыш тарабындагы Кырман конушунда, экинчиси төртүнчү шаардык оорукананын аймагында аяктайт. Окуучулар, пенсия курагындагы жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер акы төлөшпөйт. Сегиз автобус тең Ташкенттен лизингге сатып алынган, айыл өкмөтү анын баасынын 80% төлөп койду.

Эмне үчүн аялдын башкаруусу ачык-айкын жана натыйжалуу болуп чыкты? Мунун сыры эмнеде?

Т.КАРАМЕРГЕНОВА: Мунун эч кандай сыры жок. Балким, мен аял болгондуктан мага кулак төшөшөт, ушул менин өзгөчөлүгүм болсо керек. Жаштарды туура жолго багыттап, керек болгон учурда көңүлүн жакшы сөз менен көтөрөм, кемчиликтерин да бетине айтам. Энелик ички туюм мени бир да жолу алдай элек.

Н.КӨЛБАЕВ: Аялдар ар бир тапшырманы ийине жеткире, кынтыксыз аткарууга  аракет кылышат. Алар алгач ишти ойлоп, андан кийин гана финансы тууралуу ойлонушат, ал эми эркектер алгач акча талап кылып, андан кийин гана ишке өтүшөт. Балким, тапкан киреше бирдей болуп чыгат, бирок эң мыкты жыйынтыкты аялдар гана көрсөтөт. Негизи эле бизде 12 муниципалдык мекеме болсо, анын сегизин аялдар, төртөөнү гана эркектер башкарат. Өзүңүз көрүп тургандай, бизде гендердик катыш аялдардын пайдасына чечилген жана биз мындан пайда гана таптык.

 

Окшош материалы: