Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштандынын тарифтери жөнүндө

2022-04-23 / Юридикалык кеңеш

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен, ЖӨБ органдарынын суроолоруна юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА жооп берди

Суроо: Жаңы ачылган муниципалдык ишкананын таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтерди белгилөөнүн тартиби кандай? Кызмат көрсөтүү фактысын (таштанды чыгарылган фактыны) танып жаткан кызмат алуучуларга карата кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн?

Жооп: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бекиткен Кыргыз Республикасынын аймагында катуу тиричилик таштандыларын чогултуу, ташуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифти эсептөөнүн методикасы бар. Методика КТКны чогултуу, ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө бирдиктүү тарифтик саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан ишканаларга жана уюмдарга колдонууга сунушталат.

КТКны чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээлин эске алуу менен адистештирилген уюм тарабынан аткарылган иштердин иш жүзүндөгү өздүк наркы боюнча эсептелет. Баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алып, ар бир субъект үчүн жекече аныкталган экономикалык жактан негизделген чыгымдардын (иш жүзүндөгү жана/же пландуу) жана пайданын өлчөмүнүн негизинде түзүлөт.

КТКны чогултуу, ташуу жана көмүү тарифи төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Т.ч.т.ө.н.куб = (Т.ч.т.ө.н.куб + Жайг.баасы.куб) х Рент.к, мында:

Т.ч.т.ө.н.куб – 1 куб метр таштандыны чогултуу жана ташуу боюнча иштердин өздүк наркы, сом менен;

Жайг.баасы.куб – 1 куб метр таштандыны полигондо жайгаштыруунун баасы, сом менен;

Рент.к – рентабелдүүлүктүн коэффициенти, формула менен аныкталат:

Рент.к = 1 + 0,01 х Рент., мында, Рент — рентабелдүүлүк, % менен.

КТКны жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди жергиликтүү кеңештер өз карамагындагы аймактарда белгиленген тартипте бекитишет.

Муниципалдык ишкананын таштанды чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөдөн баш тарткан кардар тууралуу айта турган болсок, мындай учурда муниципалдык ишкана кардардан таштанды чыгаруу тарифинин суммасын өндүрүү үчүн сотко кайрылышы керек. Кардар канчалык кааласа да, таштанды чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдөн баш тарта албайт, бирок муниципалдык ишкана да акы төлөбөгөн кардарды тейлебей коюуга укугу жок. Эгерде кардар таштандыны өзү полигонго алып чыкса, муну жасап жатканын далилдей алса, анда кызмат көрсөтүү үчүн төлөбөй койсо болот.

 

Окшош материалы: