Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук угуулардын катышуучуларынын саны жөнүндө

2022-04-23 / Юридикалык кеңеш

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен, ЖӨБ органдарынын суроолоруна юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА жооп берди

Суроо: Жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга канча киши катышууга тийиш?

Жооп: Коомдук угуулардын укуктуулугун камсыз кылуучу бюджет боюнча коомдук угууларга катышуучулардын саны мыйзамдарда каралган эмес. 

ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамаат коомдук угуулардын санына карата талаптарды жергиликтүү жамааттын уставында белгилей алат: мисалы, кеминде 70 адам, чакырылган адамдардын жарымынан көбү, кварталдын, айылдын же айыл аймагынын жашоочуларынын жарымынан көбү ж.б. деген талапты киргизе алышат. Эгерде уставда укуктуулугун камсыз кылуу үчүн угуулардын санына талаптар белгиленбесе, анда жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо үчүн коомдук угууларды өткөрүү чечимин кабыл алган ЖӨБдүн аткаруу же өкүлчүлүктүү органы өзүнүн чечими менен катышуучулардын минималдуу санын аныктай алат, ошол санга жараша коомдук угуулар өттү же өтпөй калды деп таанылса болот. Катышуучулардын санына талаптарды коюп жатканда ошо сан жүйөлүү жана максатка ылайыктуу болгонуна басым жасап, ошондой эле муниципалитеттин аймагындагы ишеним деңгээлине жана жаңжал потенциалына көңүл буруу керек. Айталы, жашоочулар ЖӨБ органдарынын ишинен күмөн санабаса, анда катышуучулардын саны өтө көп болбошу керек. Тескерисинче, эгерде ЖӨБ органдары менен жарандардын ортосунда тирешүү жана ишенбөөчүлүк байкалса, анда ЖӨБ органы бюджеттин долбоорун талкуулоого жарандарды мүмкүн болушунча көбүрөөк тартууга аракет кылышы керек. Ошондой эле эгерде муниципалитеттин аймагында жаңжал чыгуу ыктымалдыгы бар болсо, мисалы, жергиликтүү бюджеттин ресурстары үчүн атаандашкан эки айылдын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыгышы мүмкүн болсо, ар бир айылда бир нече угууларды, ошондой эле жалпы бир угуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароого болот. Жаңжал чыгуу ыктымалдуулуугунун деңгээлин төмөндөтүү 

үчүн угууларда калктын ар кандай топторунун, өзгөчө жергиликтүү бюджеттин ресурстары үчүн атаандашышы ыктымал кызыкчылык топторунун өкүлдөрүнүн (ар кандай көчөлөрдүн, айылдардын тургундарынын, ар кандай кызыкчылык топторунун өкүлдөрүнүн) катышуусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Коомдук угуулардын катышуучуларынын арасында эркектер жана аялдар, карылар жана жаштар, ошол аймакта жашаган бардык этностук топтордун өкүлдөрү жана башкалар болушу керек. Мисалы, угуулардын укуктуулугу үчүн жамаат 70тен кем эмес адам, чакырылган адамдардын жарымынан көбү, көчөнүн, кварталдын, айылдын же айылдык аймактын тургундарынын жарымынан көбү, бир жыныстагы адамдардын 30 пайыздан кем эмеси, жаштардын бери дегенде 20 пайызы катышууга тийиш деп аныктай алат. Практика көрсөткөндөй, угууларга катышкандардын саны адатта айылдык муниципалитеттерде 50дөн 120 адамга чейин, чакан шаарларда 250 адамга чейин жетет. Эл аралык практика көрсөткөндөй, калктын бюджеттик процесске тартылуу деңгээли катышуу укугуна ээ болгондордун санынан 10 пайыздан ашпайт (жашы жете электерди жана укуктан ажыратылган адамдарды кошпогондо).

Окшош материалы: