Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ТСКАКБ менен мамилелерди токтотуу жөнүндө

2022-04-23 / Юридикалык кеңеш

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен, ЖӨБ органдарынын суроолоруна юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА жооп берди

Суроо: Ичүүчү сууну жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүнү ТСКАКБдан алып, жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканага мыйзамдуу түрдө өткөрүп берсе болобу?

Жооп: Маселе ТСКАКБ менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы мамилелер кандай таризделгенине жараша болот. Себеби ЖӨБ органы суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүн уюштурууга ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Суу менен жабдуу үчүн акыркы жоопкерчилик ЖӨБ органында болгондуктан, ал кызмат көрсөтүүчү менен, биздин мисалыбызда ТСКАКБ менен таризделген мамиледе болушу керек. Эреже катары, бул мамилелер келишим менен таризделет. ТСКАКБ - коммерциялык эмес уюм, коомдук бирикме түрүндөгү өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн уставына ылайык иш алып барат. ТСКАКБнын уюштуруучулары болуп жеке жактар гана саналат. КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунда “айылды суу менен камсыздоо системалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине өткөрүп берилген учурдан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берет” деп айтылган. “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын (суу түтүктөрүн, курулуштарын) пайдалануу менчик (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын) ээси менен түзүлгөн келишим боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Эгерде ТСКАКБ суу менен камсыздоо тутумдарын башкара албай жатса жана калкты ичүүчү суу менен талаптагыдай камсыз кылбаса, анда ЖӨБ органы аны менен келишимди бузууга жана жарандарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин башка адистештирилген суу менен камсыздоо ишканалары аркылуу чечүүнү уюштурууга укуктуу (мисалы, муниципалдык ишкана түзө алат же аны башка адистештирилген суу менен камсыздоо ишканаларына аутсорсингге бере алат). Эгерде айыл өкмөтү менен ТСКАКБнын ортосунда суу менен камсыздоо кызматын көрсөтүү боюнча тийиштүү келишим түзүлбөсө, жергиликтүү кеңеш суу менен камсыздоо тутумун ТСКАКБнын карамагына өткөрүү жөнүндө чечимин күчүн жоготту деп таанып, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнү тандап алуу жөнүндө башка токтом кабыл алат.

Окшош материалы: