Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчикти сатуу жөнүндө

2022-04-23 / Юридикалык кеңеш

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен, ЖӨБ органдарынын суроолоруна юрист Нуржан МАМЫРАЛИЕВА жооп берди

Суроо: Муниципалдык мүлктү (объекттерди) сатууну же ижарага берүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт барбы?

Жооп: “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү же алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

Жогорудагы Мыйзамдын 12-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңеш муниципалдык менчикти пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилейт, ошондой эле анын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзөт. Мындан улам ар бир жергиликтүү кеңеш муниципалдык менчикти сатуу же ижарага берүү жөнүндө жоболорду өз алдынча бекитет.

“Муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-1-беренесине ылайык, муниципалдык мүлктү электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон аукциондо сатуу менчиктештирүүнүн усулдарынын бири болуп саналат. Ошондой эле жогоруда аталган мыйзамдын 15-беренесине ылайык, муниципалдык менчиктин объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте электрондук форматта да өткөрүлүшү мүмкүн.

Жогорудагы Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү жоболорду бекиткен:

  • Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы №519 токтому менен бекитилген).
  • Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген). 

Суроо: Муниципалдык жерлерди жеке ишкердикке узак мөөнөткө берүү үчүн аукцион кайсы ченемдик укуктук актыга ылайык өткөрүлөт?

Жооп: Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүүчү негизде берүү КР Жер кодексинин ченемдерине жана жергиликтүү кеңеш бекиткен ченемдик укуктук актыга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актынын талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларда (бардык учурларда жүргүзүлүүгө тийиш болгон жер участокторун түзүүнүн жол-жоболорун кошпогондо) жер участокторун акысыз берүүгө жайылтылбайт, тактап айтканда:

  • жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга берилгенде;
  • мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу болуп саналбаган юридикалык жактардын төмөнкүдөй максаттарда пайдалануусу үчүн: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, суу чарбачылыгы, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациалык жана тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн. 

Окшош материалы: