Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кадрлардын резерви тууралуу

2022-05-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын юристи Жаңыл Дүйшеева жана КР ЖӨБ Союзунун юристи Гулназ Курманова жооп берди.

СУРОО: Эгерде адам башкы кызматтарга кадрдык резервге киргизилген болсо, анда бул адамды бош турган кенже, улук административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоого болобу?

ЖООП: Ооба, болот. Башкы административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервинде турган адамдар административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобун ээлөөгө талапкер боло алат, башкача айтканда башкы кызмат орду менен бирге улук, кенже кызмат орундарына да дайындоого мүмкүн.

СУРОО: Иштеп жаткан муниципалдык кызматчылар кадрлар резервине кантип кошулат?

ЖООП: ЖӨБ органында административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар жетекчинин тийиштүү чечими (актысы) чыгарылбастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин алардын иш стажына туура келген тобуна (башкы, улук жана кенже) автоматтык түрдө киргизилген деп эсептелет. 

СУРОО: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резерви ар бир кызмат орун үчүн өз-өзүнчө түзүлөбү? 

ЖООП: Жок, резерв бардык кызматтар үчүн түзүлөт, бирок иштин стажына тийиштүү болгон үч топко ээ – башкы, улук жана кенже топтору бар. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрлардын ички резерви муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат. 

 

Окшош материалы: