Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жосундар жана тартиптик жаза тууралуу

2022-05-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын юристи Жаңыл Дүйшеева жана КР ЖӨБ Союзунун юристи Гулназ Курманова жооп берди.

СУРОО: Муниципалдык кызматчынын тартиптик жазасы бар болсо ээлеген кызмат ордунан жогору турган кызмат ордуна дайындоого болобу?

ЖООП: Жок, болбойт. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кызматчыга салынган тартиптик жаза күчүндө турган мезгилде аны кызмат орду боюнча жогорулатуу мүмкүн болбойт. 

СУРОО: Муниципалдык кызматчы жасаган жоруктун оордугун жана мүнөзүн ким аныктайт?

ЖООП: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат.

Окшош материалы: