Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ротация тууралуу

2022-05-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын юристи Жаңыл Дүйшеева жана КР ЖӨБ Союзунун юристи Гулназ Курманова жооп берди.

СУРОО: Ротацияны муниципалдык кызматчынын демилгеси менен жүргүзүүгө болобу?

ЖООП: Ооба, болот. Ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же кызматчынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык кызматчы аны ротациялоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу.

СУРОО: Эгерде муниципалдык кызматчы кызматка дайындалгандан бери 6 ай өтсө, анын демилгеси менен ротация жүргүзсө болобу?

ЖООП: Жок, болбойт. Ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупция тобокелдигин азайтуу максатында ротациялоо учурларын, ошондой эле ротациялоо кызматчынын өзүнүн демилгеси менен ишке ашырылганды кошпогондо, кызматчы акыркы кызмат ордун бир жылдан кем эмес ээлеп турган шартта жүргүзүлөт.

Окшош материалы: