Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин кыскартууга илинген учурда иштен кетүү жөлөкпулу тууралуу

2022-06-01 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана КР ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

СУРОО: Муниципалдык кызматчы эмгек өргүүсүнө чыгып, өргүүдөн кийин же дарылануудан кийин кайтып келип, кыскартууга илинип калса, ЖӨБ органы ага 3 ай үчүн компенсация төлөшү керекпи?

ЖООП: Штаттык бирдикти кыскартууга байланыштуу иштен кеткенде бул эмгек өргүүсү жана ооруп калгандыгы үчүн компенсация төлөөгө таасирин тийгизбейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 85-беренесине ылайык, кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу эмгек келишимин бузууда иш берүүчү иштен бошотууга чейин кеминде 1 ай мурда кызматкерге кол койдуруу менен жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү. Эскертүү мөөнөтүнүн мезгилинде кызматкер өзүнүн эмгек милдеттерин аткарат, ички эмгек тартибинин эрежелерине баш ийет, ага башка кызматкерлер менен бирдей эле эмгек шарты жана эмгек акысы кепилденет, ошондой эле орточо эмгек акысын сактоо менен жумуш издөө үчүн жумасына бир бош күн берилет.

Мындан улам кызматкер эмгек өргүүсүнөн чыккандан кийин саны же штатынын кыскарышына байланыштуу иштен бошотулушу мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин 2,3-пункттарына ылайык мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына же штатынын кыскартылгандыгына байланыштуу бошотууда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт:

  • 1) ээлеген кызмат ордуна ылайык орточо үч айлык эмгек акысынын өлчөмүндө иштен кетүү жөлөкпулу;
  • 2) эгерде кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 ай бою мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы.

Кызматчынын орточо эмгек акысы анын мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген акыркы 12 айы үчүн төлөмдөрдүн негизинде эсептелет.

 

Окшош материалы: