Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтү үчүн күйүүчү майдын лимиттери тууралуу

2022-06-01 / Юридикалык кеңеш
Айыл өкмөтү үчүн күйүүчү майдын лимиттери тууралуу

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана КР ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

СУРОО: Финансы министрлигинин райондук аймактык бөлүмү айыл өкмөттүн карамагындагы кызматтык автотранспорт үчүн күйүүчү майга ай сайын бөлүнгөн лимитти берүүдөн баш тартып жатат. Алар ЖӨБ органдарына бекитилип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт үчүн күйүүчү майды чыгымдоонун лимитин бекиткен КР Өкмөтүнүн токтому жокко чыкканын ырасташууда. Алардын жүйөсү канчалык негиздүү?

ЖООП: Ооба, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматтык автотранспортторго күйүүчү майды чыгымдоо лимитин бекиткен Өкмөттүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтому Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №9 токтому менен күчүн жоготту деп  табылган. 

Бирок, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 30-апрелинде №240 “КР мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жаны токтом кабыл алган. Аталган токтомдун 4-тиркемесине ылайык, ЖӨБ органдарына бекитилип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 300 литр отунду чыгымдоо белгиленген. Белгилей кетсек, буга чейин отунду чыгымдоо лимити айына 240 литр болчу.

Ошондуктан, райондук каржы бөлүмдөрүндө ЖӨБ органдарынын карамагындагы кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт үчүн ай сайынкы лимитти бөлүп бербөөгө эч кандай негиз жок.

Окшош материалы: