Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлер тууралуу

2022-06-01 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана КР ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

СУРОО: Жаңы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы менен шаардык кеңештин төрагасынын эки орун басары болот, алар  төраганынын сунуштамасы менен шайланат. Эгер көпчүлүк жана азчылык коалициялары түзүлбөсө орун басарлар депутаттардын саны аз фракциядан бир талапкерди, депутаттардын саны көп фракциядан бир талапкерди сунуштаганы канчалык туура?

ЖООП: Жаңы мыйзамдарда коалиция деген түшүнүк каралган эмес. Бирок, шайланган депутаттар кеңеште депутаттык фракцияларды жана топторду түзүүгө укуктуу.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет. МК жана ЖӨБ иштери боюнча Мамлекеттик агенттик бекиткен Типтүү регламентке ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Бирок типтүү жобо кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ жана ар бир кеңеш өзүнүн регламентин кабыл алат, алар типтүү регламентти колдоно алышат жана мыйзамдарга каршы келбеши керек. 

Талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат деп көрсөтүлгөн. Андыктан, Регламентиңизди карап, ошол белгиленген тартипте өткөрүүнү сунуштайбыз. Себеби, регламент бул Типтүү документ. Ар кайсы жергиликтүү кеңештики ар башкача бекитилиши мүмкүн.

Окшош материалы: