Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жайыттарды курчап тосуу тууралуу

2022-06-01 / Юридикалык кеңеш
Жайыттарды курчап тосуу тууралуу

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана КР ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

СУРОО: Жайыт багытындагы жердин айланасын курчап тосконго болобу?

ЖООП: Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жергиликтүү кеңеш бекиткен Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына ылайык гана колдоно алышат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жайыттарды пайдалануунун белгиленген системасы жайыттарды сезондук пайдаланууну болжолдойт, бул жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча бекитилген планга ылайык жайыт которуштуруп айдоону милдеттүү түрдө аткарууну талап кылат.

Мындай пландуу система мал жаюу, чөп чабуу, жер үстүндөгү жана түп-тамырынан бери жакшыртуу, жайыттын эс алуусун кезектешип өткөрүүгө багытталган, бул аларды сарамжалдуу жана узак мөөнөткө жемиштүү пайдаланууну камсыз кылат.

Жайыт жерлерин тосуу мүмкүн, эгерде жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу Планына ылайык төмөнкүлөр белгиленсе: 

  • бул участок жайыттарды багуу жана иштетүү үчүн зарыл болгон жайыттардын муктаждыктары, малдын мезгилдүү жашоосу үчүн арналган жайыт инфраструктурасынын объекттерине киргизилсе; 
  • бул жайыт аймагын эс алуу жана калыбына келтирүү, ошондой эле жайыт чөптөрүн малдын тартипсиз жеп кетүүсүнөн сактоо үчүн белгилүү бир мөөнөткө тосуу зарыл болсо.

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планында каралбаган бул участокто жайыт пайдалануучулар тарабынан өз малын жаюу үчүн өз алдынча тосмолорду орнотууга жол берилбейт, себеби бул Жайыт жерлерин ченемсиз жүктөлүшүнө (ашыкча жүктөлүшүнө) жана алардын деградациясына алып келет.

Акыр-аягы, жайыт пайдалануучулардын мындай аракеттеринин кесепети жайыт участокторунун абалынын начарлашына жана алардын деградациясына алып келет.

Ошондуктан жайыт пайдалануучулар тарабынан жайыт участокторун уруксатсыз тосуу алар тарабынан жайыт пайдалануунун белгиленген режимин бузуу болуп эсептелет, ал үчүн алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн (КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 251-252-беренелерине ылайык).

Окшош материалы: