Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин Убактылуу комиссиясын түзүү тууралуу

2022-06-01 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) колдонуучуларынын суроолоруна Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана КР ЖӨБ Союзунун юристтери жооп беришти.

СУРОО: Убактылуу комиссияны түзүү тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими кайсы документ менен таризделет?

ЖООП: “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБ органдары жөнүндө” мыйзамдын 36-беренесине ылайык, жергиликтүү кенештер убактылуу комиссияларды түзүүгө укуктуу. Ушул эле мыйзамдын 39-беренесинде “жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары – буйрук түрүндө кабыл алынат” деп белгиленген. Ошондуктан колдонуудагы мыйзамдарга ылайык убактылуу комиссия буйрук менен түзүлсө болот. 

Окшош материалы: