Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы – бул Шагым айылынын жашоочуларынын эмгеги

2022-06-01 / ЖӨБ тажрыйбасы
Балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы – бул Шагым айылынын жашоочуларынын эмгеги

Бактияр САБЫТБЕК уулу, Куршаб айыл аймагынын Шагым айылынын демилгелүү тобунун өкүлү; Динмухаммед КАНЫБЕК уулу, USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун жергиликтүү координатору

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Заманбап дүйнөдө короонун, айылдын же шаардын маанилүү атрибуту балдар аянтчасы болуп саналат. Бул жерде балдар жана алардын ата-энелери бош убактысынын бир топ убактысын өткөрүшөт. Балдар аянтчасы балдардын да, алардын ата-энелеринин да коомго аралашуусуна, балдардын физикалык жактан өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, алардын интеллектине оң таасирин тийгизип, өзүн, өз мүмкүнчүлүктөрүн таанып билүүгө жардам берип, дүйнө таанымын кеңейтет. Тилекке каршы, Куршаб айыл аймагынын Шагым айылында өсүп келаткан муун үчүн ойноп, убактысын жигердүү жана пайдалуу өткөрүүгө атайын бөлүнгөн жай болгон эмес. Мындан улам көп жылдар бою балдар жана өспүрүмдөр кайсы жерде ойноорун билбей, көчөлөрдө, тактап айтканда, жолдун боюнда ойношоор эле, бул болсо алардын коопсуздугуна коркунуч жараткан. Бул көйгөй Шагым айылы пайда болгондон бери эле чечилбей келаткан маселе болчу. Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражаты жетишсиз болгондуктан (муниципалитет дотацияда турат), тургундардын айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылууларынан майнап чыккан эмес.

Айыл тургундары ушул балдар аянтчасы бир топ маселени чечүүгө жардам берет деп ишенишкен. Алар:

  • а) балдардын жана өспүрүмдөрдүн жигердүү эс алуусу үчүн шарттар түзүлмөк;
  • б) балдар менен улуулар чогуу спорттук-оюн иш-чараларына катыша алышмак;
  • в) жаш муундун арасында сергек жашоо образын жайылтууга жардам бермек.

Эмнелер жасалды?

Жергиликтүү тургундар жана айылдын активисттери бир кыйла ишти бүтүрүштү: алар айылды бийлик менен биргеликте өнүктүрүү мүмкүн жана зарыл экенин далилдеп, ошону менен жамааттын кызыкчылыгындагы керектүү жыйынтыктарга жете алышты. USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун колдоосу менен демилгелүү топ айылдагы 250 кожолуктун арасында сурамжылоо жүргүзүп чыгышты. Бул сурамжылоонун жүрүшүндө катышуучулардын 99% балдардын жана өспүрүмдөрдүн физикалык өнүгүүсү үчүн балдар аянтчасынын жана футбол талаасынын жоктугун өтө маанилүү маселе катары баалашты. Бул суроо менен демилгечи топ Куршаб айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке кайрылып, жыйынтыгында тогуз адамдан турган жумушчу топ түзүлдү. Бул жумушчу топко Куршаб айыл өкмөтүнүн өкүлү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мектептердин директорлору, айылдын ишкерлери жана демилгелүү топтун мүчөлөрү кирди.

Шагым айылынын демилгечи тобу, Куршаб айыл өкмөтү жана USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун ортосунда үч тараптуу кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле ресурстарды мобилизациялоо планы түзүлдү, бул план балдар аянтчасын курууга ресурстарды тартуунун этаптарын жана милдеттерин аныктаган.

Балдар аянтчасын куруу үчүн муниципалитетте бош жер болбогондуктан, Касым Эрматов атындагы мектептин аймагындагы эски спорт аянтчасын колдонууну чечишкен. Аянтчаны куруу маалында демилгелүү топ айыл эли менен биргеликте бул идеяны колдоп, кошумча түрдө өз каражатына футбол аянтчасын жабдып, 20-30 орундуу эс алуучу үстү жабык чатырча куруу демилгесин көтөрүп чыгышты.

Тараптардын салымы:

  • USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору демилгелүү топтун өтүнүчү боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоого жардам берди;
  • Куршаб айыл өкмөтү балдар аянтчасынын аймагын жарыктандырууга, ошол аймакка топурак төгүүгө, отургучтарды сатып алууга каражат бөлүп, балдар аянтчасынын сапаттуу жана өз убагында салынышын көзөмөлгө алды;
  • демилгелүү топ дизайн жана жамааттын салымы боюнча коомдук консультацияларды уюштурду. Бул максатта демилгелүү топ ар бир короону кыдырып чыгып, демилге жана максатка жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, демилгелүү топ калкты жана жамааттын ресурстарын мобилизациялоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү, анын ичинде ашар графигин иштеп чыгып, акчалай эмес салым (эмгек күчү, жумушчулардын тамактануусу, техника ж.б.) кошушту;
  • демилгелүү топ жана айыл өкмөтү кызыкдар тараптардын жана жамааттын катышуусун көрсөтө алгандан кийин USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору оюн аянтчасы үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын муктаждыктарын канааттандырган жабдууларды (урналарды, селкинчектерди, каруселдерди, дөбөлөрдү, тренажерлорду) сатып берди.

Чыгашалар

Долбоордук-сметалык документтерге (ДСД) ылайык долбоордун жалпы чыгымдары 2 920 752 сомду түздү, мында:

  • калктын, анын ичинде бизнес секторунун жана мигранттардын диаспорасынын салымы 1 924 505 сом өлчөмүндө болду;
  • жергиликтүү бюджет 462 400 сом көлөмүндө салым кошту;
  • USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун салымы 533 847 сом болду.

Жыйынтыгы 

Шагым айылынын балдарына коопсуз шарттарда физикалык өнүгүүсү жана оюндар үчүн шарттар түзүлдү. Жашоочулардын өздөрүнүн күч-аракети менен, жаңы оюн аянтчасынын аркасында балдардын активдүүлүгү жакшырып, күчтүү жана шамдагай болушат, бул алардын интеллектине жана жалпы психологиялык абалына да оң таасирин тийгизери турган иш. Мындан тышкары, үстү жабык чатырча жашоочуларга чогулуп, жамаат үчүн маанилүү маселелерди талкуулоого жана ар кандай коомдук иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Алтынбек ТАШИЕВ, айыл өкмөт башчысы: “Оюн аянтчалары шаарда эле эмес, айылдардын короолорунда да болушу керек. Биздин аянтча муниципалдык менчикте турган аймакта жайгашкандыктан, бул аянтчанын коопсуздугу жана аны күтүү үчүн жоопкерчиликти Куршаб айыл өкмөтү өз мойнуна алды. Жергиликтүү кеңеш аянтчаны мектеп жана жергиликтүү тургундар пайдаланат деген токтом кабыл алган”.

Бекназар КАРИМОВ, жумушчу топтун мүчөсү, бухгалтер: “Ашар жолу менен баштаганбыз. Кошуналар, айылдаштар үч топко бөлүнүп, күн сайын кезектешип түшкү тамак даярдап турушту, бул бизге чоң жардам болду. Айылдаштарыбыздын ынтымагы мени кубандырды”.

Окшош материалы: