Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун максаттуу муниципалитеттери жергиликтүү жамаат менен чогуу приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү – суу менен камсыз кылуу, КТКны ташып чыгаруу, спорттук секциялар жана демилгелүү ийримдер, “бирдиктүү терезе” принциби

2022-07-05 / ЖӨБ кызматтары
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун максаттуу муниципалитеттери жергиликтүү жамаат менен чогуу приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү – суу менен камсыз кылуу, КТКны ташып чыгаруу, спорттук секциялар жана демилгелүү ийримдер, “бирдиктүү терезе” принциби

Автор: Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун коммуникация боюнча адиси

Максаттуу ЖӨБ органдарын тандап алуу

2022-жылдын январь айынын этегинде USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы 21 максаттуу муниципалитетти аныктап (картаны караңыз), алар менен жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында тыгыз кызматташтыкка бел байлады. Тандоонун негизги факторлору төмөнкүлөр болду: кызыкдар муниципалитеттердин  саясий эрки жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуусу, техникалык жана инфраструктуралык потенциалы, муниципалитеттеги калктын саны, муниципалитеттин аймагында жигердүү коомдук уюмдардын болушу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну каржылоо же аутсорсингге берүү потенциалы, географиялык жайгашуусу.

Муниципалитеттер менен  USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун  кызматташтыгы аймактагы жарандар үчүн маанилүү болгон жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталат. Конкреттүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуудан тышкары, ар бир максаттуу муниципалитет: өз ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатууга, анын ичинде жергиликтүү бюджетти башкарууда ачыктыкты камсыздоого; ЖӨБ органы менен жамааттын ортосундагы байланышты жакшыртууга; жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандарды тартууга, анын ичинде муниципалитеттин ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун максаттуу муниципалитеттердеги ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүү формалары тартылган кызматкерлердин, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билим деңгээлин жана практикалык көндүмдөрүн жигердүү жогорулатат деп болжолдойт.

Аталган облустардын башка муниципалитеттеринде да USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосун алуу мүмкүнчүлүгү болот: 2023-жылы 20 муниципалитет жана 2024-жылы дагы 10 муниципалитет колдоого алынат. Бирок, Кыргыз Республикасынын бардык ЖӨБ органдары төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат: “теңден-теңге” принциби боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери боюнча өз ара окутууга жана мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө, Мыкты тажрыйбалардын порталы (www.myktyaimak.gov.kg) аркылуу билим алууга жана тажрыйба алмашууга; долбоордун эксперттеринен жана консультанттарынан кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча консультацияларды алууга; ЖӨБдү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин коомдук талкуулоого; КР ЖӨБ Союзу аркылуу улуттук деңгээлде өз кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Суу менен камсыздоо, КТКны ташып чыгаруу, спорт секциялары жана ийримдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү жарандар артыкчылыктуу деп аташты

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 20 пилоттук муниципалитетке жергиликтүү тургундардын катышуусу менен фокус топторду уюштурууга жардам берди. Бул жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруудагы жана өркүндөтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири. Фокус топторго катышкан 600дөн ашуун жаран (аялдардын 43%) жергиликтүү калк кайсы кызмат көрсөтүүлөрдү артыкчылыктуу деп эсептээрин жана биринчи кезекте жакшыртуу керектигин аныктоого жардам берди.

Биринчи этапта 20 муниципалитеттин жашоочулары калк үчүн приоритеттүү болгон 90 кызмат көрсөтүүнү аныкташкан (Жалал-Абад облусунда – 22, Ош облусунда – 24, Нарын облусунда – 24 жана Ысык-Көл облусунда – 20). Кийинки этаптарда ар бир муниципалитет приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы тизмесин аныктап, аларды кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясына жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тиешелүү программаларына киргизип чыгышты.

Приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөрдүн ичинен 20 муниципалитетте төмөнкү төрт кызмат көрсөтүү эң көп кездешкен:

  • ичүүчү суу менен камсыздоо кызматын жакшыртуу/уюштуруу;
  • КТКны чыгаруу жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу/ жакшыртуу;
  • спорт секцияларын жана чыгармачылык ийримдерин уюштуруу;
  • “бирдиктүү терезе” принциби боюнча маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу.

Тизме калктын ушул кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын чагылдырат, аларды тигил же бул муниципалитетте жакшыртуу зарыл, же башынан баштап уюштуруу керек. Алар максаттуу муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын изилдөөнүн, жергиликтүү тургундардын катышуусу менен фокус топторун өткөрүүнүн, ошондой эле долбоордун алкагында атайын түзүлгөн жергиликтүү кеңештерге караштуу консультативдик кеңештердин отурумдарынын негизинде тандалып алынган. Андан кийин тандалып алынган бардык приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөр Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу пландарында бекитилип, жергиликтүү кеңештердин токтомдору менен бекитилген.

Максаттуу муниципалитеттерде консультативдик кеңештерди жана жумушчу топторду түзүү

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу процессинде калктын ой-пикирин жана муктаждыктарын эске алуу өзгөчө маанилүү этап болуп саналат. Бул этап жергиликтүү бюджеттердин чектелүү финансылык ресурстарын калк үчүн эң приоритеттүү жергиликтүү маселелерди чечүүгө багыттоо максатында жасалат.

Бирок, бул процессте жергиликтүү калктын пикирин эске алуу гана эмес, кесипкөй мамиле жасоо да, жер-жерлерде кызмат көрсөтүүнү жана жашоо сапатын жакшыртууга билими, квалификациясы жана кызыкчылыгы бар даярдалган адамдардын катышуусу талап кылынат.

Ушул максатта USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен 2022-жылдын март айынан баштап максаттуу муниципалитеттерде жергиликтүү кеңештердин жана ЖӨБдүн аткаруу органдарынын алдында жумушчу топторду жана консультациялык кеңештерди түзүү боюнча жигердүү иштер жасалды. Консультациялык кеңештердин жана жумушчу топтордун мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга керектүү тажрыйба жана билим алуу үчүн долбоордун эксперттеринин жардамында интенсивдүү окутуулардан өтүштү. 

Жергиликтүү кеңештердин алдында түзүлгөн консультативдик кеңештер өзгөчө мааниге ээ, себеби алар приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу жана уюштуруу процессинде жамааттагы топтордун кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыз кылышат, ал эми алардын жигердүү иши калк үчүн приоритеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча пландарды ишке ашырууга негиз болуп берет.

Мындан тышкары, кеңештер мониторинг жана баалоо процессине катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин жакшыртууга жардам берип турушат. Калктын ар кандай категорияларынын кызыкчылыктарын эске алуу максатында кеңештердин курамына жергиликтүү кеңештердин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана жамааттын мүчөлөрү (консультативдик кеңештин 102 мүчөсү, анын ичинен 30% аялдар) киргизилген.

Айыл өкмөт жана мэриянын алдында түзүлгөн жумушчу топтор айыл өкмөттөрүнүн/мэриялардын адистеринен жана эксперттеринен турат. Алар жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын даярдап, аткарышат (Жумушчу топтун 114 мүчөсү, алардын ичинен 39% - аялдар).

Кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүү: кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, тарифтерди жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын эсептөө боюнча тренингдер

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору төрт облуста максаттуу муниципалитеттер менен баштапкы жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар долбоор аларга жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга кандайча жардам берерин жана башкаруунун жакшыртылган ыкмаларын киргизүү жана жыйынтыктарга жетүү үчүн кандай иштер жасалышы керектигин биле алышты.

Долбоор ошондой эле аймактардагы максаттуу муниципалитеттер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, тарифтерди эсептөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары боюнча интенсивдүү тренингдерди өткөрдү. Максаттуу айыл өкмөттөрүнөн жана мэриядан өнөктөштөр төмөнкү темалар боюнча практикалык маалыматтарды, кесипкөй кеңештерди жана сунуштарды алышты:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн укуктук базасы; 
  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун укуктук базасы;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча колдонмо (уюштуруу методикасы, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, бааларды эсептөө, бааларды коомдук талкуулоо жана макулдашуу, методиканы тандоо жана талдоо, кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо, келишимдерди түзүү, мамлекеттик сатып алуулар);
  • ар бир темадан кийин практикалык оюн/көнүгүү.

Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу стратегиясын жана планын иштеп чыгышты, анын негизинде ар бир муниципалитет жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процессин баштайт.

“Тренинг учурунда катышуучулар кызмат көрсөтүү процессин туура уюштуруу инфраструктуралык объекттин (мисалы, спорт залдын, маданият үйүнүн) бар болгонундай эле маанилүү экенин түшүнүштү, себеби инфраструктуралык объектинин болушу калк үчүн кызмат көрсөтүүнү дайыма эле камсыз кыла бербейт. Жер-жерлерде көптөгөн бош турган объектилерди, айрыкча эл аралык долбоорлордун каражаттарына, республикалык бюджеттен же аймактарды өнүктүрүү фонддорунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен курулган спорттук комплекстерди көрө аласыз. Бирок ЖӨБ органы алардын ичин кантип “толтурууну”, бул объекттерди тейлөөнүн жана башкаруунун финансылык жагын кантип чечээрин билбегендиктен, көп каражатты талап кылган объектилердин эшиктери жабык бойдон калууда. Ошондуктан, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стандарттык алгоритмин үйрөнүштү, кызмат көрсөтүүчүлөргө экономикалык стимул берүү аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн үйрөнүштү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин эсептөө боюнча тажрыйба жана билим алышты”, - деди USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун 2-компонентинин (Жергиликтүү деңгээлдеги натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөр) координатору Бакыт БАЙСАКОВ.

Максаттуу муниципалитеттерде биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү

Мониторинг жана баалоо – кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процессинин маанилүү бөлүгү, себеби мониторингдин сапаты жана туруктуу болушу ЖӨБ органына кызмат көрсөтүүчүнүн ишинин сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында алууга, жарандар конкреттүү кызматка канчалык канааттангандыгын же канааттанбагандыгын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. ЖӨБ органдары тарабынан уюштурулган кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли бүтүндөй ЖӨБ органынын ишине баа берүүгө, ошондой эле кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү чогултуу деңгээлине, ал эми соңунда кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугуна таасир этерин унутпаш керек.

Ошондуктан, максаттуу муниципалитеттер менен иш алып барууда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору керектөөчүлөрдүн катышуусу менен кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоону уюштурууга өзгөчө көңүл бурат. Бул багыттын алкагында максаттуу муниципалитеттер долбоор менен биргеликте 20 пилоттук муниципалитетте туруктуу иш алып барган биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) топторун  түзүү боюнча чоң иштерди жасашты, алардын курамына жергиликтүү жамааттардын жигердүү мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнүн жана мэриялардын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары кирди.

2022-жылдын май айында долбоор пилоттук муниципалитеттерде 100дөн ашык БМжБ тобунун мүчөлөрү үчүн тренингдерди уюштурду. Тренингдердин катышуучулары коомдук мониторингдин ыкмалары, укуктук базасы жана негиздери жөнүндө билимге ээ болушту, жана ошондой эле практикалык көнүгүүлөрдүн алкагында мониторинг топторунун бир жылдык пландарын даярдашты. Бүгүнкү күндө долбоор топторго жергиликтүү кеңештердин сессияларында пландарды бекитүүгө көмөк көрсөтүп келет.

Мониторинг пландарынын негизинде БМжБ топторунун мүчөлөрү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында түзүлгөн же жакшыртылган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баа беришет жана өздөрүнүн сунуштары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот. 

Окшош материалы: