Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кайрымдуулук” социалдык дүкөнү калктын аялуу топторуна жардам берүүдө

2022-07-05 / ЖӨБ тажрыйбасы
“Кайрымдуулук” социалдык дүкөнү калктын аялуу топторуна жардам берүүдө

Автор: Кымбат КОРОБАЕВА, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү 

Теплоключенка айыл аймагы – 13 миңден ашуун адам жашаган Ак-Суу районунун административдик борбору, ал эми кожолуктардын саны 2830га жетет. Элет жериндеги жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 360тан ашат, анын ичинде 120дан ашык аз камсыз болгон үй-бүлө бар. 

Бул айыл аймагы Каракол шаарына жакын жайгашкандыктан, убактылуу жашап, акча табуу үчүн башка региондордон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр келишет. Ошондуктан, айылда эмгек биржасы жакшы өнүккөн.

Жыл сайын жергиликтүү бюджеттен калктын өзгөчө аялуу катмарына социалдык жардам көрсөтүүгө каражат бөлүнөт. Бирок акыркы жылдары социалдык коргоого муктаж жарандардын санынын кескин көбөйгөнүнөн улам жергиликтүү бюджетте каражаттын жетишсиздиги байкалууда.

Эмнелер жасалды?

2020-жылдын декабрь айында жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү көйгөйүн чечүү максатында айыл өкмөтүнүн бюджеттик жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы жергиликтүү бюджетке альтернатива таап, бакубат жашаган катмардан жардам сурап кайрылууну сунуш кылган. Мына ушинтип “Кайрымдулук” деп аталган социалдык дүкөндү ачуу идеясы пайда болгон. Маселе Теплоключенка айыл аймагынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (СЭӨПкө) киргизилиши керек болчу, акыры бул тапшырма да ийгиликтүү аткарылды.

СЭӨПтү жаңылоо жана толуктоо боюнча аракеттерди Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору да колдоп берди. Чогуу жасалган иштин натыйжасында калктын аялуу катмарына жардам берүү үчүн социалдык дүкөн ачылды.

Тапшырманы ишке ашыруу үчүн Ак-Суу жергиликтүү мамлекеттик администрациясы (ЖМА) 40 тонналык контейнер берди. Ал эми айыл өкмөтү контейнерди дүкөнгө тууралап оңдоп, электр линиясына кошуп берди.

Дүкөн ачылаар замат мүмкүнчүлүгү бар адамдар жаңы же эски, бирок колдонууга жарактуу, таза кийимдерди, эмеректерди жана буюмдарды алып келе башташты. Өз кезегинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, кварталчылар жана Ак-Суу ЖМА өкүлдөрү да дүкөнгө азык-түлүк жана кийим-кече алып келип беришти.

Азыр социалдык дүкөн калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүп, жергиликтүү калкка өз иши тууралуу маалыматтарды берип, товарларды кабыл алып турат.

Тараптардын салымы

Ак-Суу жергиликтүү мамлекеттик администрациясы (ЖМА) акысыз негизде 40 тонналык контейнерди берди.

2020-жылы айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен контейнерди оңдоого жана электр зымдарын өткөрүүгө 80 миң сомго жакын каражат сарптады. Кийим-кечени, эмеректерди жана азык-түлүктү кайрымдуулук менен алектенген кайдыгер эмес жарандар алып келип беришет.

Жыйынтыктар

Практиканы ишке ашыруу процессинде бардыгы “Адамдардан адамдарга” принцибин бекем кармашты. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана таянбастан, бири-бирине жардам көрсөтүү жолу менен айыл аймактагы социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу практикасы пайда болду.

Социалдык дүкөн жакында эле ачылганына карабастан, көптөгөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган райондун башка муниципалитеттеринин жашоочулары да жардам сурап кайрылышат.

Бүгүнкү күндө ар кандай кийимдер, тиричилик техникасы, жууркан, жаздыктар жана оюнчуктар чогултулуп, бардык товарлар кирешелер журналына жазылат.

Жергиликтүү бюджеттен жыл сайын калктын аялуу топторуна каражат бөлүнүп турат, бирок бул каражат муктаж болгондордун баарына жетпейт. Оор турмуштук кырдаалга туш болгон жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык кызматкерлер, кварталчылар жана мектептеги социалдык мугалимдер аныкташат. Бир жылдын ичинде кайдыгер эмес айылдаштарыбыздын жардамы менен аз камсыз болгон 43 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү, алар социалдык-экономикалык абалын оңдой алышты.

Социалдык дүкөн иш күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки саат 5ке чейин иштейт. Дүкөндө айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери иштешет. Алынган товарлар атайын “Кирешелер журналына” жазылып, “Чыгымдар журналынын” негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп берилет.

Алынган сабактар

Социалдык дүкөндүн ишин жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерине жүктөлгөн, бирок бул ишти жасоого бир адамдын күчү жетпейт. Ушундан улам долбоорду ишке ашыруучу тараптардын негизги көйгөйү кадрдык ресурстардын жетишсиздиги болду. Процесстин бардык катышуучулары ушундай ишти баштоо демилгеси болсо, анда адам ресурстарын бөлүштүрүүнү алдын ала пландаштыруу керектигин тез эле түшүнүштү. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн кварталчыларды жана ыктыярчыларды ишке тартуу чечими кабыл алынды.

ШОРУКОВА Ю., айыл тургуну, бенефициар: “Үй-бүлөдө акча тартыш болгондуктан, телевизор сатып алууга каражатыбыз жок эле. Балдарым пандемия маалында билимден өзгөчө өксүдү, себеби окуу онлайн режиминде өткөндүктөн телевизордун жоктугунан абдан кыйналдык. Социалдык дүкөн тууралуу угуп, ал жакка барсак, телевизорду белекке беришти. Эми балдарым эл катары билим алып, жыргап калды! Ал эми бош убактыбызда жаңылыктарды көрөбүз”.

САЯКОВА А., айыл тургуну, бенефициар: “Жашоо шартынын начардыгынан идиш-аяк, төшөнчүлөрүбүз жетишсиз болду. Социалдык дүкөн ачылганда жардам сурап кайрылганбыз. Алар бизге идиш-аяктан, жууркандан, азык-түлүктөн абдан жардам беришти. Биздей жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берген мекендештериме терең ыраазычылыгымды билдирем!”.

КОРОБАЕВА Кымбат, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери: “«Кайрымдуулук» социалдык дүкөнүнүн жардамы менен азыр көптөгөн аярлуу үй-бүлөлөргө жакшы жардам берилип жатат. Эң негизгиси айыл тургундарыбыздын арасында кайрымдуулук кылууну каалагандар көп, эл жардам берсе, бул биздин бири-бирибизге кайдыгер эмес экенибизди көрсөтөт”. 

 

Окшош материалы: