Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчылардын аттестациясы тууралуу

2022-07-04 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду ЖӨБ Союзунун өкүлү Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ жана БАЖБАнын юристи Жаңыл ДЮШЕЕВА даярдашты

Кыргыз Республикасында учурда түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын институттары учурда олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр муниципалдык кызматкерлердин штаттык бирдигине, ошондой эле муниципалдык кызматтын шарттарына жана муниципалдык кызматкерлердин карьералык жогорулашына таасирин тийгизери калетсиз.

Муниципалдык кызматка өтүү көлөмү жагынан өтө маанилүү укуктук институт болуп саналат. Ал эми муниципалдык кызматка өтүүнүн маанилүү элементтеринин бири – муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоо болуп саналат.

Аттестация кызматкерлердин практикалык ишмердүүлүгүндө өзгөчө мааниге ээ, анткени ал кадр саясатында жана муниципалдык кызматты башкарууда демократиялык принциптерди кеңейтүүнүн укуктук каражаты, мамлекетте максаттуу жана болжолдуу кадр саясатын калыптандырууну жана ишке ашырууну камсыз кылуунун каражаты болуп саналат.

Аттестация кызматкердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана анын муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарына коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келүү даражасын такай аныктоо, ошондой эле квалификациялык категорияны берүү үчүн зарыл. Кызматкерлерди мезгил-мезгили менен аттестациялоосуз муниципалдык кызматты өтүүнү жакшыртуу жана тартипке келтирүү мүмкүн эмес.

Аттестацияны өткөрүү жана кызматтан жогорулатуу тартиптерин жана эрежелерин иштеп чыгуу бири-бири менен тыгыз байланышкан процедуралар. Тар мааниде аттестациялоо кызматкердин кесиптик, ишкердик жана жеке сапаттарын текшерүү жана баалоо, анын кызматын жана кызматка коюлган талаптарга кызматтык ылайык келүүсүн белгилөө максатында жүргүзүлөт.

Муниципалдык кызматкерди аттестациялоо муниципалдык кызматкерлерди тандоо, квалификациясын жогорулатуу жана жайгаштыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Аттестациялоо учурунда кызматкерлердин кесиптик, ишкердик жана моралдык сапаттары, адамдар менен иштөө жөндөмдүүлүгү бааланат, алардын ээлеген кызматына ылайыктуулугу жөнүндө корутундулар чыгарылат.

Ушул максатта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө” 2022-жылдын 31-майындагы №169 Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты – мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын кесиптик билимдеринин жана иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо.

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зарыл квалификацияга ээ болгон кызматчылардан турган жогорку кесипкөй аппаратын түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бул саясатты ишке ашыруунун алкагында ушул Жарлык менен “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө” жоболор бекитилди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо боюнча айрым суроолорго жооп даярдап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жарыялап жатат.

Муниципалдык кызматчыларды аттестациядан өткөрүү канча убакытта өткөрүлүүгө тийиш?

Муниципалдык кызматтын административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар туруктуу негизде, бирок эки жылда бир жолудан көп эмес аттестациядан өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, тиешелүү категориядагы административдик кызмат ордун бир жылдан аз убакыт ээлеген кызматчылар, кош бойлуу аялдар эгер өздөрү аттестациядан өтүү ниетин билдирбесе аттестациядан өтпөйт, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр, 1 жылдан ашык мөөнөткө окууга жөнөтүлгөндөр да аттестациядан өтпөйт. Аталган кызматчыларды аттестациялоо алар ишке чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес жүргүзүлөт.

Муниципалдык кызматчы аттестацияга чейин канча убакыт калганда аттестациядан өтө тургандыгы тууралуу кабардар болуусу зарыл?

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы, же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамы аттестация башталганга чейин кеминде бир ай мурда, ар бир аттестациялануучу кызматчыга аттестация өткөрүү жөнүндө буйрукту кол койдуруп билдирүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, даярдоо ишин жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт.

Аттестация өткөрүүдө кандай учурларда муниципалдык кызматчыга карата “ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт” деген чечим кабыл алынышы мүмкүн?

Аттестациянын жүрүшүндө төмөнкү учурларда муниципалдык кызматчыга карата “ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт” деген баа алды деп эсептелиниши мүмкүн:

  • кызматчынын компьютердик тестирлөөгө келбей калышынын жүйөлүү себептери жок болгон учурда;
  • аңгемелешүү өткөрүүдө кызматчынын Комиссиянын жыйналышына келбешинин жүйөлүү себептери жок болгондо;
  • аттестациянын жыйынтыгы менен 15тен аз балл алганда.

Белгилей кетсек, жүйөлүү себептер болуп кызматчы иш сапарда, өргүүдө (эмгек, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала багуу боюнча, эмгек акысын сактабастан) жүргөндө, ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген мезгилде, анын же жакын туугандарынын ден соолугунун абалы боюнча (тиешелүү документтер менен ырасталган), форс-мажордук жагдайлар эсептелинет.

Аталган себептерге байланыштуу кызматчы компьютердик тестирлөөгө же аңгемелешүүгө келбей калган учурда комиссиянын чечими боюнча компьютердик тестирлөө же аңгемелешүү башка күнгө жылдырылышы мүмкүн.

Аттестациялоонун жол-жоболору бузулган учурда кандай чечим кабыл алынышы мүмкүн?

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси аттестациялоонун жол-жоболорун бузуу факты болгон учурда комиссиянын чечимин жокко чыгарууга жана кайра аттестациялоону дайындоого укуктуу.

Аттестациялоонун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда кызматчы кимге кайрыла алат?

Аттестациялоонун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда кызматчы чечим менен таанышкандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө негизделген каршы пикири менен кайрылууга укуктуу.

Эгерде кызматчы “ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт” деген баа алса кандай чечим кабыл алынат?

Эгерде кызматчы “ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт” деген баа алса ал биринчи аттестациянын жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин кайра аттестациядан өтөт. Эгерде кайталап аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча кызматчы “ээлеген кызматка ылайык келбейт” деген баа алса, ал ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

 

 

Окшош материалы: