Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суу үчүн тарифтер жана төлөмдөр жөнүндө

2022-09-19 / Юридикалык кеңеш
Суу үчүн тарифтер жана төлөмдөр жөнүндө

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду БАЖБАнын юристи Жаңыл ДҮЙШЕЕВА даярдады

Мамлекет дарыялардан жана тоо булактарынан сууну пайдалануу үчүн төлөмдөрдү белгилегенби? ЖӨБ органдары сууну ачык булактардан пайдалангандыгы үчүн райондук суу чарба башкармалыгына акы төлөшү керекпи? Эгер төлөшү керек болсо, анда кайсы мыйзамдын негизинде төлөйт жана суммасы канча болот? 

Төлөмдөр белгиленген, бирок жер үстүндөгү сууларды калктын муктаждыгына сарптаса, ЖӨБ органдары бул төлөмдөрдү төлөбөйт.

Кыргыз Республикасынын Суу кодекси жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн зарылдыгынын жалпы принцибин белгилейт. КР Суу кодексинин 48-беренесинин 3-бөлүгүндө суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун, суу пайдалануучуларга жеңилдиктерди белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылары айтылган. КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы №222 токтому менен Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби (мындан ары – “Тартип”) бекитилген. Аталган Тартип төмөнкүлөрдү белгилейт:

  • жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун тартибин;
  • жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуунун жана берүүнүн тартибин;
  • суу алуу жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын келип түшүүсүн контролдоону;
  • жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуудан келип түшүүчү каражаттарды пайдалануу тартибин;
  • суу пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин.

Жер үстүндөгү суулар – бул жер бетинде агып жаткан же топтолгон суулар. Тартипке ылайык, суу пайдалануучулар мамлекеттин пайдасына төлөм төгүүгө тийиш, ал “жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым” деп аталат. Жыйымдын суммасын тартипте берилген формулалар боюнча суу пайдалануучулар эсептешет. Тартиптин 10-пунктуна ылайык, жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасын эсептөөнү суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашуу боюнча ар бир өткөн ай үчүн алган суунун көлөмүн жана коюлган ставкага жараша, жайгашкан жери боюнча суу пайдалануучулар жүргүзөт жана отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен суу керектөө объектисинин жайгашкан жери боюнча жыйымдын суммасын төгүшөт.

Тартиптин 13-пунктуна ылайык, жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мекемелер менен уюмдар;
  • сууну электр энергиясын, анын ичинде кайра жаралуучу энергияны өндүрүү максатында пайдаланганда;
  • сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, жашыл бакчаларды сугаруу, балыктарды багуу жана өстүрүү максатында белгиленген лимиттин чегинде пайдаланганда;
  • сууну малды сугаруу жана үйдүн жанындагы участокту сугаруу үчүн пайдаланганда;
  • сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланганда; 
  • сууну калктын ичүүчү муктаждыктары үчүн алууда;
  • сууну санитардык жана экологиялык коё берүүдө; 
  • сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында, эс алууда жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланганда;
  • суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторингди, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографиялык жана издөө-тартуу иштерин жүргүзүүдө;
  • гидроэнергетикалык, мелиоративдик, балык чарба, суу транспорту жана канализациялык багыттагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
  • мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.

Ичүүчү суунун тарифин эсептөө тартиби кандай?

Ичүүчү сууга тарифти эсептөөдө КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу зарыл.

КР Министрлер Кабинети “Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынан керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө дифференцияланган тарифтерди аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Бирок бүгүнкү күндө бул токтомду КР Министрлер Кабинети кабыл ала элек.

Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги кандай? 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарына жараша жана жоопкерчилик менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. КР Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгү боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселе да кирет: калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу.

Мындан улам, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары жергиликтүү маанидеги маселени – калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн жоопкерчилик алышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы чечимдерди кабыл алган учурда келип чыгуучу жагымсыз кесепеттер болгондо, өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашырбоонун же талаптагыдай эмес жүзөгө ашыруунун натыйжасында алардын жоопкерчилиги пайда болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарына административдик, тартиптик, материалдык жана жазык жоопкерчилигинин чаралары колдонулушу мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү юридикалык жак катары өз иш-аракеттери үчүн жарандык-укуктук же мүлктүк жоопкерчилик тартышы ыктымал.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын өз ишинин жыйынтыгы жана тиешелүү маселелерди чечүү тартиби үчүн калктын алдындагы жоопкерчилиги жергиликтүү жамааттардын уставдары менен аныкталат.