Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасы тууралуу

2022-09-19 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна жоопторду БАЖБАнын юристи Жаңыл ДҮЙШЕЕВА даярдады

Айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасында аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун эки кызматы бар, бирок иш кагаздарын жүргүзүүчү жок. Аскердик-эсепке алуу инспекторунун ордуна иш кагаздарын жүргүзүүчүнү жумушка алсак болобу?

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтому менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилген. Аскердик-эсепке алуу столунун инспекторлору өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарышат жана аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун штаттык бирдиги айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санына киргизилбейт. Аскердик-эсепке алуу персоналынын саны аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын санына жараша белгиленет.

Мындан улам, аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун ордуна иш кагаздарын жүргүзүү кызматын түзүүгө болбойт. Мындан тышкары, иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматы техникалык тейлөөчү персоналдын категориясына кирет жана айыл өкмөтүнүн башка адистеринин ордуна түзүлүшү мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары айыл өкмөтүнүн каражаттары болгон учурда эмгек макулдашуусу же келишим боюнча белгиленген штаттык сандан ашык иш кагаздарын жүргүзүүчүнү жалдоого тыюу салбагандыгын белгилей кетүү керек.

Окшош материалы: