Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Муниципалитет” журналынын жазылуучулары – муниципалдык башкаруунун алдыңкы катмары

2022-12-28 / Көңүл чордонунда
“Муниципалитет” журналынын жазылуучулары – муниципалдык башкаруунун алдыңкы катмары

“Муниципалитет” журналынын кадырлуу жазылуучулары! Узап бара жаткан жылдын этегинде жыйынтык чыгарып, ал эми жаңы жылдын алдында пландарды түзүп, аны жакын жана кымбат адамдар менен бөлүшүү салт болуп калбадыбы. “Муниципалитет” журналынын редакциясы үчүн эң жакын жана кымбат адамдар - бул биздин окурмандарыбыз. Ошондуктан, 2022-жылдын декабрында (журналдын ушул саны даярдалып жатканда) биз жыйынтыктарды чыгарып, ошол замат эле 2023-жылдын январына карата (бул журнал колуңузга тийгенде) пландарыбыз менен бөлүшөлү деп чечтик. Ар бир окурманыбызды келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз жана журналга болгон кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Журналдагы жаңылыктар жана макалалар оңой эмес ишиңизде

“Муниципалитет” журналын кимдер окуйт жана канчалык көп окуп турушат?

Өнүктүрүү саясат институту “Муниципалитет” журналын башкарууну Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясына өткөрүп бергенин билесиз. Академия жазылуучулар журналдан эмнелерди күтүп жатышканын, кандай маалыматка муктаж болгонун, кандай форматты каалаганын, журналдын тилине жана баасына байланышкан суроолорду тактоо максатында 2022-жылдын этегинде окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзгөн эле. 365 анкета толтурулуп, бул бизге журналдын мындан аркы өнүгүүсү кайсы багытта жүрүшү керектиги жөнүндө сапаттуу маалыматты берди. Эң оболу, биздин негизги окурмандарыбыз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жергиликтүү мамлекеттик башкаруунун өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр болгонуна ынандык. Алсак, муниципалдык кызматчылар жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү мамлекеттик кызматчылар, бюджеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери жалпысынан биздин окурмандар аудиториясынын 85 пайыздан ашыгын түзөт экен (1-диаграмманы караңыз). 

Окурмандарыбыздын басымдуу бөлүгү – 70 пайыздан ашыгы – журналдын материалдарын туруктуу окуп турушат, окурмандардын 45% ар бир санын калтырбай окуганга аракет кылышат, ал эми дээрлик 30% пайдалуу макалаларды көп окуйт (2-диаграмманы караңыз). Бул жыйынтык бизди абдан кубандырды.

Журналдын тематикасы

Респонденттерден алган маалымат журнал текчеде чаңдап жатпастан, бара-бара көп окулган китепчеге айланып, иш столунда турат деп үмүттөнүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан редакциянын кызматкерлери “Журналдын тематикасын кеңейтип, ага жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү өнүгүүгө тиешеси болбогон, бирок окурмандарыбызга жумуштагы түйшүктөн алагды кылып, жашоонун башка чөйрөлөрүндөгү кызыктуу маалыматтарды кошсок кандай болот?” деп ойлошту. Бирок сурамжылоого катышкан респонденттердин жарымынан көбү – 54,7% – муниципалдык кызматчылардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өнүгүүнүн башка катышуучуларынын маалыматтык муктаждыктарына даректелген адистештирилген журнал ушундай бойдон калып, өзүнүн тематикасын кеңейтпөөгө тийиш деп жооп беришкен (3-диаграмманы караңыз). Анткен менен, окурмандардын дээрлик жарымы жергиликтүү өнүгүүгө байланышпаган темаларга, мисалы, илимий, техникалык жаңылыктарга жана жетишкендиктерге кызыгышат (40 пайыздан ашыгы). Ошондуктан, журнал 2023-жылы окурмандарына ушул багытта эксклюзивдүү жана жаңы материалдарды алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн тиешелүү маалыматтарды жарыялаган басылмалар менен байланыш түзүүнү пландаштырып жатат.

Ошентсе да, аудиториянын курамы жана кесиптик кызыкчылыктары журналдын негизги тематикалык мазмунун аныктайт. ЖӨБ органдарына кесиптик ишинде жардам берип келаткан түрмөктөр азыр да буга чейинкидей эле популярдуу болгонуна ынандык. Юридикалык консультациялар түрмөгү бул рейтингде лидер болуп калды. Бул түрмөккө окурмандардын үчтөн экиси кызыгат. Мыйзамдардагы жаңылыктар жана ЖӨБ менен иштеген долбоорлордун жаңылыктары окурмандардын жарымынан көбүнө кызыктуу экен. Калган түрмөктөр, анын ичинде аналитикалык материалдар, эксперттердин комментарийлери, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары аудиториянын төрттөн бир бөлүгүн кызыктырат, бирок мындай жыйынтык журнал бул түрмөктөрдөн баш тартат дегенди билдирбейт, себеби алардын туруктуу окурмандарынын арасында жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары көп. Алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө актуалдуу маалыматтарга жетүүсү муниципалдык кызматтын жана ЖӨБ органдарынын келечеги үчүн чоң мааниге ээ (4-диаграмманы караңыз).

Журнал жергиликтүү өнүгүүнүн практиктери үчүн канчалык пайдалуу?

Редакция үчүн “Окурмандар журналдан алган билимин кантип колдонушат?” деген суроого жооп алуу абдан маанилүү эле. Ай сайын биз ар бир окурманыбыз өздөрү үчүн пайдалуу маалыматты, кеңештерди, тажрыйбаны таап, муну андан ары жергиликтүү өнүгүү практикасында колдоно алышы үчүн журналдын ар бир санын түзүп чыгууга көп убакыт коротобуз. Окурмандардын басымдуу бөлүгү – дээрлик 68% – журналдан өз суроолоруна жооп таба тургандыгын, ал эми 60 пайыздан ашыгы башка ЖӨБ органдарынын практикасын өз ишинде колдоноорун угуп абдан сүйүндүк! Биз мындай жыйынтык менен сыймыктанабыз жана муниципалитеттерге бири-биринен үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн да журналды чыгарып жатканыбыз абдан туура болду деп эсептейбиз! Дээрлик ошончо респондент журналдан окуган эксперттик кеңештерди өз ишинде колдонгонун тастыкташты, ал эми ар бир үчүнчүсү башка муниципалитеттерден кесиптештерди таап, алар менен тажрыйба, билим жана маалымат алмашуу үчүн байланышып турушат экен (5-диаграмманы караңыз).

Журналдын форматы жана тили боюнча каалоолор

Журналды кандай форматта – кагаз түрүндө же электрондук форматта таратыш керекпи деген талкуулар редакциянын ичинде бир нече жылдан бери уланып келатат. 

COVID-19 пандемиясынын айынан киргизилген чектөөлөрдүн таасири астында коомдо орун алган онлайн байланышуудагы секирик, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү электрондук басылманы жактагандардын санын көбөйттү.

Чындыгында эле электрондук версиянын артыкчылыктары аз эмес: журналды басып чыгарууга кеткен чыгымдарды кыскартуунун эсебинен анын өздүк наркы кыйла азаят; кагазды сактап калууга болот; журналды почта аркылуу жеткирүүгө кеткен чыгымдар болбойт; эң негизгиси – журнал өз окурманына тезирээк жетип, кайда гана жүрбөсүн, баары бир колуна тиет. Ошол эле учурда кагаз түрүндөгү версиясын чыгаруу зарыл экенин, электрондук версияга толугу менен өтүүнү каалабаган же даяр болбогон керектөөчүлөрдүн чөйрөсү бар экенин айткан адистер да көп.

Журналды ыкчам жеткирүүгө келе турган болсок, бул көп деле мааниге ээ эмес, себеби журналдагы бардык маалыматтар чукул, жаңылык мүнөзүндө эмес, тескерисинче, “узак ойноочу” касиетке ээ жана узак убакыт бою актуалдуулугун жоготпой турганы талашсыз.

Сурамжылоого катышкан окурмандардын басымдуу бөлүгү – дээрлик 90% – журналдын кагаз түрүндөгү версиясынан баш тартууга даяр эмес экенин тастыкташты (69% журналды басма версиясында да, электрондук версияда да алгысы келет, ал эми 20% басма түрүндө гана алууну каалашат). Бирок, артыкчылыктарда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Эгерде 2019-жылы журналдын окурмандарынын арасында ушундай биринчи сурамжылоо жүргүзүлгөндө, респонденттердин 80% журналдын кагаз түрүндөгү версиясын гана алууну каалашса, 2022-жылы мындай окурмандардын үлүшү төрт эсе азайып, 20 пайызды гана түзүп калды. Ал эми окурмандардын басымдуу бөлүгү журналдын электрондук жана кагаз түрүндөгү версияларын колдонууну каалашат (6-диаграмманы караңыз). Мындан улам редакция бир тыянакка келди: журналдын сайтын жакшыртуу үчүн көбүрөөк күч-аракет жумшоо керек, бул сайт азыр да популярдуу болгонуна карабастан, салыштырмалуу түрдө эскире түштү, себеби 2012-жылы түзүлгөн эле.

Эгерде басма же электрондук версияны тандоодо артыкчылыктар өзгөрөт деп күтүлгөнү менен, басылманын тилине байланышкан жыйынтык сурамжылоого чейин биз ойлогондой болгон жок. Журналдын орус тилиндеги версиясы жок болуп баратат деген божомолдорубуз тастыкталган жок. Көрсө, жазылуучулардын дээрлик жарымы – 44% – журналды эки тилде тең окугусу келет экен, ал эми дагы он жазылуучу орус тилинде гана окууну каалашат, демек, жазылуучулардын жарымынан көбү орус тилиндеги версиясын сактап калууну колдошот (7-диаграмманы караңыз). Ошондуктан, журнал 2023-жылы да эки тилде тең чыга берет. Бирок, окурмандар каалаган эң жакшы вариант – бир эле журналдын ичине эки тилдеги маалыматты басып чыгаруу өтө кымбат болуп калууда, ошондуктан жазылуучулар мурдагыдай эле өздөрү каалаган тилдеги версияны тандай алышат.

Жазылуунун баасы

Эмне үчүн журналга акча кетет? Ар бир журналдын саны – бул көптөгөн адамдар жана ресурстар тартылган татаал өндүрүш процесси. Иш адегенде макалаларды, жаңылыктарды, аналитикалык материалдарды жазуудан башталат. Бул иштер Өнүктүрүү саясат институтунун жана ЖӨБ Союзунун кызматкерлеринин, ошондой эле сырттан тартылган авторлордун, эксперттердин, журналисттердин күчү менен жасалат. Башкы редактор окурмандардын ар бир тобуна – ЖӨБ органдарына, активисттерге, мамлекеттик органдарга, студенттерге жана окутуучуларга, изилдөөчүлөргө даректелген материалдарды кошууга аракет кылып, журналдын ар бир санын түзүп чыгат. Андан кийин текстти редакциялоого, толуктоого, корректуралоого убакыт кетет. Тексттер даяр болгондон кийин кыргыз тилине которууга жиберилет. Текст которулуп, редакциялангандан кийин журналдын кол жазмасы вёрсткалоого жана дизайнга келип түшөт, анын жүрүшүндө макетчи сүрөттөрдү, таблицаларды жана диаграммаларды кошуп, барактардын макетин түзөт: ал бардык материалдарды пландаштырылган көлөмгө туура келгендей кылып жайгаштырат жана маалымат окула тургандай кылып сактап чыгат. Кийинки этап – техникалык редакциялоо, анын жүрүшүндө техникалык редактор барактардын макеттерин текшерип чыгат, ал эми корректор калып кеткен синтаксистик жана орфографиялык каталарды издейт. Акырында, башкы редактор басып чыгаруучу уюмдардын – ЖӨБ Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын негизги кызматкерлери менен журналдын санын макулдашат жана алардан комментарийлерди алып, журналды жеткире иштеп чыккандан кийин басып чыгаруучу редакторго өткөрүлүп берилет – ал соңку өзгөртүүлөрдү киргизип, журнал басылып чыга турган басмакана менен иштей баштайт. Басып чыгарууга заказ берүү дегендин артында да көп иштер жатат: сатып алуулар жол-жоболорунан өткөрүп, басмакананын ишинин сапаты редакциянын талаптарына жооп бергендигин текшериш керек, заказ жайгаштырылганын, ага кол коюлганын, журналды басып чыгаруу жана жеткирүү мөөнөттөрү сакталганын көзөмөлдөп туруш керек. Журнал басылып чыкканда, анын окурмандарга жеткирилишин камсыз кылыш керек, бул иштер менен администратор жана катчы алектенишет, алар почта реестрлерин түзүп, журнал жеткирилчү даректи текшерип, ар бир санын таразага тартып, аны конвертке салып, почтага жеткирип беришет. Жазылуучулар менен иштин чоң көлөмү – ар бири менен өз-өзүнчө – кардарлар базасынын администраторуна жүктөлөт. Бул процесстин баарын кыскача сүрөттөп бергенден кийин сиздин да көзүңүз жетип турса керек: журналдын ар бир санын жаратууга авторлордун, башкы редактордун, корректорлордун, котормочунун, техникалык редактордун, басып чыгаруучу редактордун, полиграфисттердин (басмакананын кызматкерлеринин), администратордун, катчынын, почта кызматкерлеринин салымы чоң, ал эми жетекчилердин, бухгалтердин жана техникалык кызматтардын салымын айтпай эле коелу. Журналды чыгаруу үчүн компьютердик техника, кагаз, боек, байланыш, кеңсе, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка кошумча чыгымдар талап кылынат. Бул чыгымдардын бардыгы журналдын өздүк наркын түзөт. 2022-жылы журналдын өздүк наркы жылдык жазылуу үчүн 6000 сомго жакын болгон (мында журнал менен ыктыярдуу негизде, акы албай иштеген айрым авторлордун жана адистердин эмгеги эсепке алынган жок).

Узак убакыт бою – 10 жыл – Өнүктүрүү саясат институту журналды акысыз басып чыгарып, таратып келген, себеби, керектүү чыгымдар эл аралык уюмдардын колдоосу менен жабылчу. Ошол жылдары журналды чыгарууга эң чоң салымды Швейцариянын Кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү кошкон. Донорлор бүгүнкү күндө да журналды колдоону улантууда, бирок бул колдоо өтө аз көлөмдө, ошондуктан чыгымдардын бир бөлүгүн Өнүктүрүү саясат институту жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы өз каражаттарынын эсебинен төлөп келет, ал эми Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу мүчөлүк төгүмдөрдү төлөгөн ЖӨБ органдарын журналга акысыз жазып, ошол акынын ордун толукташууда. Бирок бул аракеттерге карабастан, журналдын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, анын өмүрүн мүмкүн болушунча узартуу максатында редакция аргасыз чара көрүп, акынын негизинде жазылуу эрежесин киргизди. Журналга жазылгандардан түшкөн киреше 2021-2022-жылдары журналга кеткен бардык чыгымдардын 40 пайызга жакынын түздү.

Анткен менен, журналдын келечеги тууралуу сөз кылганда бир тыянакка келип жатабыз: акынын негизинде жазылуу тууралуу маселеде анын финансылык өңүттөрүнө караганда, журналдын зарылчылыгы жана сиздерге, биздин окурмандарыбызга пайдасы маанилүү. Себеби, журнал үчүн акы төлөөгө даяр болгонуңар – бул журнал керекпи же жокпу, же аны өндүрүүгө жумшалып жаткан чыгымдар акчаны да, күч-аракетти да текке кетирүү болуп жатабы дегенден кабар берген алгачкы жана негизги белги болуп саналат. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, көпчүлүгүңүз – 60 пайыздан ашык респондент – 2022-жылга караганда жазылуу үчүн көбүрөөк төлөөгө даяр экениңизди айттыңыз, муну менен журналдын андан ары өнүгүүсүн колдоп берерээриңизди тастыктадыңыз (8-диаграмманы караңыз). Бул колдоого таянуу менен редакция журналга жазылуунун баасын 3600 сомго чейин көбөйтөт, бул баары бир журналдын өздүк наркынын 60 пайызын гана түзөт.

***

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, “Муниципалитет” журналынын редакциясы окурмандарына колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет. ЖӨБ органдарына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарын өнүктүрүүгө кызыкдар болгондордун баарына жардам берүү, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табуу, мыкты муниципалдык тажрыйбаларды жайылтуу, жергиликтүү башкарууга зарыл болгон билимди берүү биздин жалгыз максатыбыз болгонуна ишендирип кетмекчибиз.

Биз сиздин бардык сунуштарыңызга жана өтүнүчтөрүңүзгө ачыкпыз, ошондой эле сизди журналдын автору болууга чакырабыз – жергиликтүү өнүгүүгө байланышкан окуяңызды, тажрыйбаңызды айтып бериңиз, күмөн саноолор жана суроолор болсо, алар менен бөлүшүңүз. Ал эми биз журналды чыныгы досуңузга жана жардамчыңызга айландыруу үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз.

Жаңы жылыңыз менен, урматтуу окурмандар! Асманыбыз тынч болсун, үй-бүлөңүз бактылуу жана ден соолукта болсун, сиз жашаган айылдар жана шаарлар коопсуз жана ыңгайлуу болуп, ал эми өлкөбүз гүлдөп өссүн!

Надежда ДОБРЕЦОВА, 
2011-жылдан бери “Муниципалитет”  журналынын башкы редактору, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы;

Асель КУРМАНАЛИЕВА, 
Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын директору;

Бектурган ОРОЗБАЕВ, 
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору;

Гуляим ШАМШИДИНОВА, журналдын кардарлар базасынын администратору;

“Муниципалитет” журналынын бардык авторлору, кызматкерлери жана өнөктөштөрү

 

Окшош материалы: