Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн адамдар кагаз басылмаларын окушат жана мындан ары да окуй беришмекчи?

2022-12-28 / Көңүл чордонунда
Эмне үчүн адамдар кагаз басылмаларын окушат жана мындан ары да окуй беришмекчи?

Mental Floss (https://www.mentalfloss.com) порталынын редакторлору кагаз басылмаларын окуу дагы көп жылдар бою адамдардын жакшы көргөн иштеринин бири болуп кала берерине бир нече себеп бар экенин айтышты.

Сиз татаал тексттерди жакшыраак түшүнөсүз. Италиялык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, кагаздан окуу татаал маалыматты жакшыраак өздөштүрүп алууга жардам берет. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары 2014-жылы дүйнөлүк коомчулукка сунушталган. Сиз азыраак алаксыйсыз, өз күчүңүзгө көбүрөөк ишенесиз, ошондой эле көңүлүңүздү бурган баракка кыстарма коюп, тексттин фрагменттерин салыштыра аласыз, буга чейин окуган беттерге кайтып бара аласыз.

Сиз маалыматты жакшыраак эстеп каласыз. Буга чейин Улуу Британияда жүргүзүлгөн дагы бир изилдөө көрсөткөндөй, үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдар электрондук түзүлүштөн эмес, кагаздан окуса, окуянын маңызын жакшыраак түшүнүшөт. Ушундай эле экспериментти чоңдорго да жасап көрүшкөн: студенттер  топко бөлүнүп, бир тобу көркөм чыгарманы атайын тиркеме аркылуу окуса, экинчи топ кадимки эле китептен окуп чыккан. Жыйынтыгы таң калыштуу болду: китепти окуган экинчи топ маңызын толугу менен түшүнгөн, анын ичинде майда-чүйдөсүнө чейин эстеп калган, чыгарманын сюжетин кайтап айтып беришкен. Ал эми биринчи топтун катышуучулары мындай жыйынтык менен мактана алышкан эмес.

Сиз көздүн көрүүсүн сактайсыз. Заманбап реалдуулукта убактыңыздын көбүн компьютерди же смартфонду кучактап өткөргөнүңүздү эске алганда, көзүңүзгө күч келип жатканы талашсыз. Электрондук түзүлүштөрдүн акыркы моделдеринин экрандары кадимки китепке мүмкүн болушунча окшош боло баштаганын белгилей кетүү керек, бирок тажрыйба көрсөткөндөй, бул аракеттер дагы деле болсо жетишсиз. Дүйнөлүк университеттердин беш жүзгө жакын студенттеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, студенттердин жарымы кагаздан электрондук түзүлүштөргө өткөндөн кийин көздөрү абдан чарчап калат.

Кагаз басылмалары кубаныч тартуулайт. Жакында эле АКШдан, Словакиядан, Жапониядан жана Германиядан келген студенттердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, респонденттердин 92% кагаз басылмаларын кармап көрүүгө мүмкүн болгон үчүн жактырышат экен! Айрыкча Словакиядан келген өспүрүмдөр китептердин жытын жакшы көрүшөрүн ырасташат. Бул таң калыштуу эмес: убакыттын өтүшү менен кагаздын курамына кирген лигнин ванилдин жытын чыгара баштайт экен. Ошентип, эски китепти жыттасаңыз, эксклюзивдүү атырдан же даамдуу десерттен ырахат алгандай эле болосуз.

Булак: https://www.mentalfloss.com/article/554845/7-scientific-benefits-reading-printed-books

Окшош материалы: