Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ишке дайындоо жана которуу тууралуу

2022-12-28 / Юридикалык кеңеш

Суроого жооп БАЖБА юристи тарабынан даярдалды.

Айыл башчысынын статусу кандай болот жана ал кандай тартипте дайындалат?

Айылдын старостасы (айыл башчы) кызмат орду “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик муниципалдык кызмат болуп саналат.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 56-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын (айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалат (талапкер чогулушта көрсөтүлөт, айыл өкмөтүнүн башчысы чогулушта көрсөтүлгөн талапкерди өзүнүн буйругу менен дайындайт).

Окшош материалы: