Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Өнүктүрүү саясат институту аял топтору үчүн гранттык программаны сунуштайт
2023-жылдын январында EGAP METAKETA V’нын “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын 150 айылдык ден соолук комитети АДК үчүн биринчи маалыматтык жолугушууларды өткөрүүнүн жигердүү процесси башталды.
Бул жолугушуулар аялдардын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин жергиликтүү өнүгүүгө катышуусун кеңейтүү үчүн алардын потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулду. Маалыматтык жолугушуулар өз жамаатынын көйгөйлөрүн чечүүнү каалаган жигердүү аялдардын топторуна багытталган гранттык программаны баштайт. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин өнүгүүгө катышуусунун практикалык мисалдары менен таанышат. Маалыматтык жолугушуулар аяктагандан кийин тандалган 75 АДК үчүн төрт тематикалык тренинг өткөрүлөт. Окутуу аялдар жана катышуучулар жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга кандайча таасир эте алаары жөнүндө практикалык билимин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тренингдер аялдардын жергиликтүү өнүгүүгө катышуусуна; өзүн-өзү өнүктүрүү жана жеке өсүү көндүмдөрүн жакшыртууга; жамааттык аракеттерге жана чыр-чатактарды башкарууга; чечимдерди кабыл алуучу адамдар менен натыйжалуу коммуникацияны камсыз кылууга арналат.
Жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын, алардын бирикмелеринин демилгелерин каржылоо жолу менен жигердүү катышуусуна дем берүү үчүн гранттык программа каралган. Долбоордун Чакан гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү деңгээлде демилгелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалат. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдык муниципалитеттеринин демилгелүү топтору программага өтүнмөсүн жибере алышат.
EGAP METAKETA V’нын “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорун Өнүктүрүү саясат институту Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырып жатат. Долбоор жарандардын, анын ичинде аялдар топторунун чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүүгө, өздөрүнүн жергиликтүү жамааттарын жакшыртуу аракетинде аялдар туш болгон шарттарды изилдөөгө багытталган.
Чакан гранттар программасынын Жобосу менен төмөнкү QR-коддон таанышсаңыз болот:
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандын делегациясы “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү” темасына арналган БУУнун Мамлекеттик кызмат форумуна катышты