Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды

2026-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2026-жылдын 5-июнунда Тажикстандын борборунда “Тажикстан Республикасында жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү башкаруу: өкмөттүк эмес уюмдардын, жамааттардын жана жеке сектордун пландаштыруусу жана кызматташуусу” деген темада тегерек стол өттү. Иш-чара “Саодат” жана “Фидокор” коомдук уюмдары тарабынан Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Жергиликтүү өнүктүрүү комитети менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулду. Ал Улуу Британиянын Өкмөтүнүн эл аралык өнүктүрүүгө багытталган каржылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту (Кыргызстан) менен кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында өткөрүлдү.

Талкууга борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жамааттардын, жарандык коом уюмдарынын, жеке сектордун, эксперттик жана академиялык коомчулуктун, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Алар райондорду жана шаарларды, жамааттарды өнүктүрүү программаларын даярдоодогу учурдагы практиканы, жергиликтүү деңгээлде экономикалык өсүшкө дем берүүчү механизмдерди жана аймактарды өнүктүрүүнү пландоо системасын өркүндөтүүнүн келечегин талкуулашты. Эксперттер жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү башкаруунун эл аралык тажрыйбасына, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасына жасалган сереп менен тааныштырып, ошондой эле жамааттардын деңгээлинде пландоо жана болжолдоо процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды беришти.

“Өлкөнүн калкынын бакубатчылыгын жогорулатуу Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат, буга жергиликтүү өнүгүү жана жер-жерлердеги жашоо сапатын жакшыртуу болбосо жетишүү мүмкүн эмес”, – деди Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Инвестициялык саясат жана аймактарды өнүктүрүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Манучехра МАДЖОН.

Тегерек столдун жүрүшүндө Согди жана Хатлон облустарында ишке ашырылып жаткан жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча чакан долбоорлордун баштапкы жыйынтыктары тартууланды. Жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууда жергиликтүү жамааттардын жана ишкерлердин кызматташуусунун иш жүзүндөгү тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.

Аткаруучу уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү пландоо системасына интеграцияланган жана бийлик органдары колдоого алган чакан экономикалык долбоорлор да аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүү аспабы болуп бере аларын белгилешти.

“Жергиликтүү экономикалык өнүгүү ар бир аймактын дараметин түшүнүүдөн башталат. Бийлик органдары, тургундар жана бизнес биргелешип иштегенде, чакан демилгелер да туруктуу экономикалык жыйынтыктарды берип, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жөндөмдүү болот”, – деп белгиледи ӨСИ Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

“Долбоор чакан инвестиция да олуттуу жыйынтыктарды бере аларын көрсөттү. Төрт пилоттук жамаатта жети ишкердик демилге колдоого алынып, 187 миң сомониден ашык инвестиция тартылып, 70тен ашык жумуш орун түзүлүп, өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Бул бизнести өнүктүрүүгө гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү жамааттын туруктуу өнүгүүсүнө да кошулган салым болуп саналат. Бул тажрыйбаны Тажикстандын башка аймактарында да жайылтууга болот”, – деди “Саодат” КУнун долбоорлор боюнча менеджери Мунира ОСИМОВА.

“Эки чакан долбоорду колдоонун натыйжасында Хатлон облусунун 11,5 миңден ашуун тургуну жумушка орношуу жана кирешелерин көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Долбоорлор 13 жумуш ордун түзүүгө, чарбалардын кирешесин 25-35 пайызга көбөйтүүгө, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана сатуу рынокторун кеңейтүүгө көмөктөшүп, жаңы рынокторго чыгуу менен өндүрүштү кеңейтүүгө мүмкүндүк берди”, – деп белгиледи “Фидокор” КУнун долбоорлор боюнча менеджери Рустам БАХРИДИНОВ.

Катышуучулардын айтымында, жергиликтүү өнүгүүнү натыйжалуу башкаруу ишенимдүү дайындарды колдонууну, экономикалык өсүштү болжолдоону, жергиликтүү жана улуттук башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы тыгыз координацияны талап кылат.

“Тажикстан Республикасынын өнүгүүсүнүн азыр-кы этабында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр-дү жана процесстерди санариптештирүү, жасалма интеллект технологияларын акырындык менен киргизүү, ар кандай чөйрөлөрдө маалыматтык технологияларды колдонууну кеңейтүү, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ролун күчөтүү, ошондой эле региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ажырымдарга жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктардын болушу райондорду, шаарларды жана жамааттарды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун методологиялык ыкмалары туруктуу негизде кайра карап чыгууну жана өркүндөтүүнү талап кылат”, – деп кошумчалады Тажикстандагы EGED Программасынын Улуттук координатору Зоиржон ШАРИПОВ.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар Тажикстанда жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнү башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган бир катар сунуштарды даярдашты:

  • жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү пландоодо жана башкарууда жамааттардын ролун күчөтүү;
  • аймактардын экономикалык өсүшүн жана социалдык өнүгүүсүн болжолдоого дайындарга негизделген ыкмаларды киргизүү;
  • улуттук стратегиялык документтердин мониторинг системасына жергиликтүү өнүктүрүү көрсөткүчтөрүн интеграциялоону камсыз кылуу;
  • ишкердикке жана ички инвестицияларга дем берүүчү аспап катары экономикалык чакан долбоорлорду колдоо практикасын кеңейтүү;
  • мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жеке сектордун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө;
  • өлкөнүн башка региондорунда жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын жайылтуу.

Тегерек столдун катышуучулары Тажикстан Республикасын 2026-203-жылдарга орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүүгө көмөк болчу жергиликтүү экономикалык өнүгүү аспаптарын өнүктүрүү жана пландоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти.

Окшош материалы: