Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды

2026-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2026-жылдын 18-июнунда Ат-Башы районунда 2025-2030-жылдарга райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Талкууга райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын июнуна чейинки мезгил ичинде программанын ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталды. Программага 222 иш-чара киргизилген, анын ичинде:

  • 69 иш-чара толугу менен ишке ашырылды;
  • 101 иш-чара аткаруу баскычында турат; 
  • 52 иш-чара боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

СЭӨПны аткаруунун жалпы деңгээли 31 пайызга жетти. Районду өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча оң динамика байкалууда. 2025-жылы Ат-Башы районунда 48 чакан ишкана ачылып, 217 жаңы жумуш орду түзүлгөн, ал эми жеке инвестициялардын көлөмү 101,5 млн сом болду. 2026-жылдын алгачкы беш айында дагы 26 ишкана ачылып, 81 адам жумуш менен камсыз болду.

Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө да олуттуу өсүш байкалууда. 2025-жылы районго 1,1 млрд сом ички жана тышкы инвестиция тартылган, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн бир топ жогору.

Туристтик дараметти өнүктүрүү жаатында да туруктуу жыйынтыктар бар: 2025-жылы Ат-Башы районуна 40 миңден ашык турист келген. Таш-Рабат, Чатыр-Көл жана Көл-Суу багыттарында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде жаңы конок үйлөрүн жана жол боюндагы тейлөө объекттерин түзүү иштери уланууда.

Программанын алкагында айыл чарбасындагы кластердик багыттарды өнүктүрүүгө, анын ичинде эт, сүт, бал, балык, дары чөптөр, чычырканак жана карагат чыгарууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

“Мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, пландоого системалуу мамиле жасоо жана бардык кызыкдар тараптардын иш-аракеттерин туруктуу негизде координациялоо районго алдыга коюлган максаттарга ишенимдүү жетүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын өсүшү, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү жана ишкердикти өнүктүрүү ишке ашырылып жаткан чаралардын натыйжалуулугун тастыктап жатат”, – деп белгиледи Координациялык кеңештин төрагасы, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Муктарбек ШЕРБАЕВ.

Райондун башчысы ошондой эле райондук мамлекеттик администрация Координациялык кеңеш менен биргеликте Ат-Башы районунун аймагында туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн стратегиялык пландоо, мониторинг жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча ишти улантарын белгиледи.

 

Окшош материалы: