Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Референдум тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ САДЫР ЖАПАРОВ 2026-ЖЫЛДЫН 8-ИЮЛУНДА №106 “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕФЕРЕНДУМУ ЖӨНҮНДӨ” КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ
Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 28-майында кабыл алган документ 2026-жылдын 21-июлунда күчүнө кирип, 2016-жылдагы мыйзамдын ордуна колдонууга киргизилди.
Мыйзамга ылайык, Конституциянын, мыйзамдардын долбоорлору (анын ичинде Консти-туцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлса болот. Референдум Президенттин демилгеси боюнча, 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси боюнча же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Президенттин жарлыгы менен дайындалат.
ЖӨБ органдары үчүн мыйзам шайлоо комиссияларына зарыл болгон көмөк көрсөтүү милдетин тикелей карайт. Атап айтканда, ЖӨБ органдары жана алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды берүүгө, үзгүлтүксүз интернет байланышын камсыз кылууга жана референдумду даярдоо жана өткөрүү үчүн башка уюштуруучулук шарттарын түзүүгө тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаңы мыйзам менен кылдат таанышып чыгуу, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүдө аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даяр болуу сунушталат.
Булак: https://cbd.minjust.gov.kg/230048316/edition/55604/ru
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Экономика жана коммерция министрлиги: Аймактардын аярлуулугунун жаңы индекси бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын айылдарды даректүү колдоого жардам берет

















