Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө

2026-09-26 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө

Айпери ЖАНЫЗАКОВА, “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүктүн жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору

28-29-июль күндөрү Ошто “Энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” шаар: ресурстарды үнөмдөө, туруктуулук жана калктын экологиялык маалымдуулугу” аттуу тренинг өттү. Окууну КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын шаарларын колдоо долбоорунун алкагында уюштурган. Тренингге мэрлер жана вице-мэрлер, муниципалитеттердин экономика, инвестициялар жана аймактарды өнүктүрүү боюнча адистери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар муниципалдык имараттардын жана шаардык инфраструктуранын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу, күн энергиясын, жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү жарыктандырууну колдонуу, ошондой эле суунун жоготууларын азайтуу жана энергияны башкаруу аспаптарын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты. Экологиялык багытта билим берүү жана тургундарды ресурстарды үнөмдөөгө тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Практикалык иш шаарлардын реалдуу көйгөйлөрүн талдоого негизделди. Катышуучулар өз шаарларынын инфраструктурасынын эсептөөлөрү жана карталары менен иштеп, төмөнкүлөрдү талдап чыгышты:

  • “кууш” жерлерди: муниципалдык объекттердин экологиялык, энергетикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүнө так диагностика жасалды;
  • ресурстарды үнөмдөөчү аспаптарды: жылуулук насосторун, күн энергетикасын, энергияны натыйжалуу жарыктандырууну жана энергияны башкаруу системаларын киргизүүнүн практикалык кейстерин талдашты;
  • суу ресурстарын башкарууну: сууну үнөмдөө дараметине баа беришти жана муниципалдык тармакта сууну жоготууну азайтуу ыкмаларын аныкташты;
  • жергиликтүү жамаат менен иштөөнү: тургундардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды ресурстарды үнөмдөөгө тартуу боюнча чечимдерди даярдашты.

Командалар ресурстарды үнөмдөө дараметин аныкташты, артыкчылыктуу “жашыл” технологияларды тандап алып, муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү үчүн иш-чаралардын матрицаларын жана долбоорлордун паспортторун даярдашты.

“Жергиликтүү бийлик үчүн мындай биргелешкен иштин негизги баалуулугу – стратегиялык пландоого тикелей байланышы бар болгону. Командалар өздөрүнүн муниципалитеттеринин СЭӨПсына киргизүү үчүн иш-чаралардын даяр матрицаларын жана артыкчылыктуу долбоорлордун паспортторун даярдап, коргой алышты. Алган билими жана үйрөнгөн аспаптар шаарларга ресурстарды керектөөнү азайтуу, инфраструктураны модернизациялоо жана “жашыл” долбоорлор үчүн каржылоону тартуу боюнча реалдуу чараларды пландаштырууга жардам берет деп ишенем”, – деп белгиледи КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясат башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек МАМАТОВ. 

 

 

Окшош материалы: