Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

2026-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы  кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

Айпери ЖАНЫЗАКОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору

22-июнда Өнүктүрүү саясат институтунда Кытай Эл Республикасынын Хунань башкаруу академиясынын (Hunan Academy of Governance) делегациясы менен жолугушуу өттү. Тараптар уюмдардын ишинин негизги багыттары менен таанышып чыгып, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашып, узак мөөнөттүү кесипкөй өнөктөштүктүн ыктымалдуу форматтарын талкуулашты.

Делегацияны Хунань башкаруу академиясынын вице-президенти ЛЮ И жетектеп келди. Анын курамына илимий изилдөөлөр жана саясий консультациялар, башкаруучу кадрларды даярдоо, аялдар теориясын окутуу жана изилдөө, басма жана китепкана иши жаатындагы адистер, ошондой эле Шаошань жетектөөчү кадрлар академиясынын өкүлдөрү кирди.

Делегациянын мындай курамы биргелешкен изилдөөлөрдөн жана билим берүү программаларынан тарта эксперттик билимди алмашууга, басылмаларды даярдоого жана өз ара окуу сапарларын уюштурууга чейин кызматташуунун келечегин комплекстүү кароого мүмкүндүк берди.

АЙМАКТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР

Өнүктүрүү саясат институтунун жана Хунань башкаруу академиясынын тажрыйбасы эки тарапка тең пайдалуу болчу багыттарды аныктоо жолугушуунун негизги максаты болду.

ӨСИнин өкүлдөрү Институттун жергиликтүү өз алдынча башкарууну, мамлекеттик жана муниципалдык финансыны өнүктүрүү, аймактарды стратегиялык пландоо, чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусу, бийлик органдарынын отчеттуулугу жана муниципалитеттердин дараметин жогорулатуу жаатындагы иши жөнүндө айтып беришти.

Реформаларды изилдөөгө жана аналитикалык коштоого өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар Кыргызстан менен Кытайдын аймактарды өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоого жана бийликтин калк менен өз ара байланыш түзүүсүнө карата ыкмаларды салыштырма изилдөө биргелешкен иштин келечектүү багыты боло аларын белгилешти.

“Өнүктүрүү саясат институту үчүн Кыргызстанда топтолгон тажрыйба менен тааныштыруу гана эмес, Кытайдагы кесиптештери менен өз ара байланыш түзүүнүн практикалык багыттарын табуу да маанилүү. Биз билим алмашуунун, биргелешкен изилдөөлөрдүн, башкаруучу кадрларды даярдоонун, аймактарды өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү башкаруунун заманбап ыкмаларын талкуулоонун келечегин көрүүдөбүз”, – деп белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

БАЖБА РЕГИОНАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ АЯНТЧАСЫ КАТАРЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын – БАЖБАнын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди. Академия биргелешкен билим берүү иш-чараларын уюштуруп, Кыргызстандын, Кытайдын жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрдүн эксперттери менен башкаруучуларынын ортосунда кесипкөй маалымат алмашуу үчүн регионалдык аянтча боло алат.

Кызматташуунун ыктымалдуу форматтарына өз ара семинарларды жана эксперттик лекцияларды өткөрүү, окуу программалары жана методикалык материалдар менен бөлүшүп туруу, салыштырмалуу изилдөөлөрдү даярдоо, онлайн талкууларды жана окуу сапарларын уюштуруу кирет.

“Мындан ары биз кызматташуунун кыскача концепциясын даярдоо салыштырмалуу изилдөөлөр үчүн темаларды аныктоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, аймактарды пландоо, бюджеттик саясат, жарандардын катышуусу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, лидер аялдарды колдоо, аналитикалык иш жана заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүү өз ара байланыш түзүүнүн келечектүү темалары боло алат”, – деди БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.

Хунань башкаруу академиясы Кытайдын жетектөөчү кадрларын даярдоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат. Ал мамлекеттик кызматчыларды жана башкаруучуларды окутууну илимий-изилдөө иштери, саясий консультациялар, билим берүү курстарын даярдоо жана эл аралык кызматташтык менен айкалыштырып келет.

“Биздин уюмдарды башкаруучу кадрларды сапаттуу даярдоого жана чечимдерди кабыл алууда илимий жана аналитикалык ыкмаларды колдонууга болгон кызыгуу бириктирүүдө. Бул жолугушуу мазмундуу маалымат алмашуунун башталышы болуп, биргелешкен билим берүү жана изилдөө демилгелерин ишке ашырууга акырындык менен өтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз”, – деп белгиледи Хунань башкаруу академиясынын вице-президенти ЛЮ И.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантуу үчүн бир катар практикалык кадамдарды белгилешти. Биринчи этапта презентациялык, аналитикалык жана окуу материалдары менен бөлүшүү, ошондой эле үч уюмдун эксперттеринин катышуусунда биргелешкен онлайн-семинар уюштуруу пландалууда. Ошентип, тараптар диалогду улантууга жана маалымат алмашуудан конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өтүүгө даярдыгын билдиришти.

 

 

Окшош материалы: