Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты
2026-жылдын 25-июнунда Ташкентте “Жарандык коомдун Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн бакубатчылыгына кошкон салымы: факт, божомол жана биргелешкен демилгелер” аттуу регионалдык конференция өттү.Иш-чараны “Юксалиш” Кыймылы (Өзбекстан) Өнүктүрүү саясат институту (Кыргызстан) менен биргеликте Борбордук Азиянын жарандык коом форумунун (БАЖКФ) платформасында Улуу Британия Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында уюштурду.
Конференция Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жарандык коом уюмдарынын салымын баалоого арналган биринчи регионалдык изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштыруу, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча регионалдык кызматташтыктын келечегин жана биргелешкен демилгелерди талкуулоо үчүн аянтчага айланды.
Конференцияга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун уюмдарынын, эксперттик жамааттын, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги баяндамачыларынын арасында “Юксалиш” Кыймылынын төрагасы Бобур БЕКМУРОДОВ, EGED Программасынын жетекчиси Жафар УСМАНОВ, Швейцариянын Өзбекстандагы элчилигинин миссия башчысынын орун басары Андрин ФИНК, Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Жарандык коом институттарын колдоо боюнча парламенттик комиссиянын өкүлдөрү болду.

БУЛ ИЗИЛДӨӨ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Ушул убакытка чейин жарандык коом уюмдарынын салымы адатта ишке ашырылган долбоорлордун саны жана тартылган гранттык каражаттардын көлөмү менен бааланып келген. Изилдөө жарандык коомду жумуш орундарын түзгөн, эксперттик чечимдерди даярдаган, жарандар менен мамлекеттин ортосундагы кайтарым байланышты камсыз кылган, калкка кызмат көрсөткөн жана аймактарды өнүктүрүү үчүн кошумча ресурстарды тарткан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн толук кандуу катышуучусу катары караган кеңири ыкманы сунуштады.
Надежда ДОБРЕЦОВА, изилдөөнүн автордук тобунун жетекчиси, Өнүктүрүү саясат институту: “Биз жарандык коомду долбоорлор жана гранттар аркылуу гана эмес, ошону менен бирге өнүгүүнүн толук кандуу катышуучусу катары көрсөтүүгө да умтулдук. Изилдөөнүн жыйынтыктары тастыктап тургандай, жарандык коом уюмдары жумуш орундарын түзүп, кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылып, эксперттик чечимдерди даярдап, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башкаруу сапатына жана туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келатышат”1.
Изилдөө Борбордук Азиянын беш өлкөсүн камтыды жана статистикалык дайындарды, улуттук отчетторду, эксперттер менен маектешүүлөрдү, фокус-топторду, ийгиликтүү тажрыйбалардын кейстерин жана маалыматтын ачык булактарын талдоого негизделди. Ошол эле маалда жарандык коомдун салымынын жалпы тенденцияларын жана моделдерин аныктоого мүмкүндүк берген регионалдык синтез ыкмасы колдонулду.
БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ЖАРАНДЫК КООМУ САНДАР МЕНЕН
Изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, Борбордук Азиянын жарандык коом сектору чөлкөмдүн социалдык-экономикалык системасынын маанилүү бөлүгүн түзүүдө:
- 56 240тан ашык каттоодон өткөн уюм бар;
- жигердүү иштеген 18 600гө жакын уюм бар;
- 193 400гө жакын кызматкер бар;
- 4,2 млрд АКШ долларынан кем эмес жылдык жүгүртүү жана финансылык түшүүлөр;
- жыл сайын салыктардан жана социалдык чегерүүлөрдөн 200 млн АКШ долларынан кем эмес киреше;
- жыл сайын 1,5 миллиондон ашык адам жарандык коомдун уюмдарынын колдоосун жана кызмат көрсөтүүлөрүн алып турушат.
Изилдөө көрсөткөндөй, жарандык коомдун уюмдары социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен гана чектелбестен, ошол эле маалда жумуш орундарын түзөт, финансылык ресурстарды тартат, реформаларга эксперттик колдоону камсыз кылат, мамлекеттик чечимдерди даярдоого катышат, калкка кызмат көрсөтөт жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы кайтарым байланыш механизмдерин түзөт.
ӨЛКӨЛӨР БОЮНЧА САЛЫМДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Изилдөө чөлкөмдөгү өлкөлөрдө жарандык коомдун салымын көрсөтүүнүн жана баалоонун ар кандай моделдерин бөлүп көрсөтүүгө шарт түздү:
Кыргызстан
- өлчөнүүчү институционалдык салымдын модели;
- кошумча дүң нарк, иш менен камсыз кылуу, салыктар жана финансылык агымдар аркылуу салымды баалоо;
- жигердүү иштеген КЭУнун 24 414 кызматкери;
- айкалыштырып иштегендерди жана ыктыярчыларды эсепке алганда жалпысынан 34 682 адам тартылган.
Казакстан
- Өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) дайындар базалары, мамлекеттик социалдык заказ жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу баалоонун өнүккөн системасы;
- ӨЭУ тармагында иштеген 97 758 кызматкер бар;
- эмгек акы фонду жылына болжол менен 773 млн АКШ долларын түзөт.
Өзбекстан
- мамлекеттик колдоо механизмдери жана ӨЭУ порталы аркылуу тармакты институционалдаштырууну күчөтүү;
- тармакта 77 535 кызматкер иштейт;
- кызматкерлердин 40,9 пайызын аялдар түзөт.
Тажикстан
- жарандык коомдун салымы ведомстволордун ортосунда түзүлгөн жумушчу топторго, стратегиялык пландоого жана эксперттик иштерге катышуу аркылуу билинүүдө;
- изилдөөдө 14 ведомстволор аралык жумушчу топ жана чечимдерди кабыл алууга КЭУлардын катышуу механизмдери каралды.
Түркмөнстан
- жарандык коом уюмдарынын мамлекеттик программаларга жана социалдык саясатка жогорку деңгээлде киргизилиши;
- салымдын негизги багыттары: социалдык коргоо, экология, жаштар саясаты жана майыптыгы бар адамдарды колдоо.
КЕЛЕЧЕКТЕГИ БИРГЕЛЕШКЕН ДЕМИЛГЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛОО
Конференциянын экинчи бөлүгүндө катышуучулар тематикалык топтордо беш багыт боюнча иштешти:
- жарандардын өнүгүүгө жана башкарууга катышуусу;
- жамааттарды экономикалык жактан өнүктүрүү жана жакырчылыкты жоюу;
- жеке сектор менен өз ара байланыш түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу;
- аялдардын жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусу.
Топтор жарандык коомдун салымын көбүрөөк таанытуунун жолдорун талкуулашты, ошондой эле “Борбордук Азия – 2040” Концепциясын ишке ашыруу көз карашынан алып караганда биргелешкен регионалдык долбоорлор жана демилгелер боюнча сунуштарды түзүштү.
“Юксалиш” Кыймылынын өкүлү: “Чөлкөмдү андан ары өнүктүрүү үчүн жарандык коомдун салымын тааныгандан тышкары, аны кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү да маанилүү. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун ортосундагы ишенимге, ачыктыкка жана аймактын келечеги үчүн биргелешкен жоопкерчиликке негизделген кызматташуунун жаңы форматтарына муктаж болуп турат”.
НЕГИЗГИ ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА СУНУШТАМАЛАР
Конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар төмөнкү тыянактарга келишти:
-
Жарандык коом Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү катышуучусу болуп саналат жана экономикага, иш менен камсыз кылууга, башкаруунун сапатына жана социалдык туруктуулукка өлчөнүүчү салым кошууда.
- Тармактын коом арасында көбүрөөк таанылышы үчүн долбоордук көрсөткүчтөргө гана эмес, ошондой эле адамдардын жана жамааттардын жашоосундагы узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө негизделген салымды баалоо системаларын өнүктүрүү зарыл.
- Статистикалык эсепке алууну жана жарандык коомдун уюмдарынын иши жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын өркүндөтүү талап кылынат.
- Мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун уюмдарынын катышуу механизмдерин кеңейтүү зарыл.
- Жарандык коом уюмдарынын регионалдык кызматташтыгы климаттын өзгөрүшүн, адам капиталын өнүктүрүүнү, гендердик теңчиликти жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү кошо алганда, жалпы чакырыктар менен күрөшүү үчүн олуттуу дараметке ээ.
- Борбордук Азия өлкөлөрүндө тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөр жана жарандык катышуунун ийгиликтүү тажрыйбаларын сүрөө үчүн бирдиктүү регионалдык платформаны түзүүнү уланта берүү сунушталат.
Конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, катышуучулар жарандык коомдун салымы көптөн бери айрым долбоорлорду ишке ашыруунун чегинен чыгып кеткенин белгилешти. Жарандык коом уюмдары Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүгө, социалдык биримдикке жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга көмөктөшүп, мамлекеттин, бизнестин жана жергиликтүү жамааттардын маанилүү өнөктөшү болуп саналат.
_____________
1 Изилдөөнүн толук мазмуну ӨСИнин: https://dpi.kg/ru/library/full/402.html жана “Юксалиштин” сайттарында жеткиликтүү: https://yuksalish. org/files/other/NGO_CA_Report_RUS.pdf
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Экономика жана коммерция министрлиги: Аймактардын аярлуулугунун жаңы индекси бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын айылдарды даректүү колдоого жардам берет

















