Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады

2026-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2026-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырылган «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасынын жыйынтыктарына арналган «Кыргызстанда аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү: пландаштыруу, маалыматтар жана отчеттуулук» аттуу жыйынтыктоочу конференция өткөрдү.
Талкуунун чордонунда маалыматтарга, өнөктөштүккө жана отчеттуулукка негизделген жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү башкаруунун заманбап аспаптарын киргизүүнүн жыйынтыктары болду.

Конференцияны ачып жатып, Искандарбек МАМАТОВ КР Экономика жана коммерция министринин EGED программасынын бардык катышуучуларына жана ишке ашыруучуларына жолдогон куттуктоо катын окуп берди:  “EGED программасы Кыргызстандын регионалдык башкаруу системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Программанын колдоосу менен “Санарип Аймак” системасынын дайындарынын негизинде аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоонун методологиясы иштелип чыккан. Бийлик органдарынын үч миңге жакын өкүлү өнүктүрүүнү пландоо маселелери боюнча окуудан өтүштү. “Комплекстүү пландоо” автоматташтырылган модулу жети райондо жана 33 айыл аймагында сыналып, масштабды кеңейтүүгө даяр турат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги колдоосу, эксперттик коштоосу, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын дараметин бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн EGED Программасына чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Биргелешкен иштин натыйжасында пландоого заманбап ыкмаларды киргизүү, башкаруу процесстерин санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү. Биз Программанын аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун кыйла ачык-айкын, натыйжалуу жана жарандардын муктаждыктарына багыт алган системасын түзүүгө кошкон салымын жана өнөктөштүгүн жогору баалайбыз”.

Конференциянын катышуучуларын онлайн куттуктап жатып, EGED Программасынын жетекчиси Жафар УСМАНОВ ар кандай ыкмаларга карабастан, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жетишилген жана ишке ашырылган Программанын негизги максаттарын жана милдеттерин белгиледи: “Ар бир өлкө өзүнүн шарттарына жана артыкчылыктарына жараша аймактарды өнүктүрүүнү пландоо жана башкаруу системасын түзүп чыкты, бирок эки тараптуу маалымат алмашуу аркылуу биз жергиликтүү бийлик органдары туш болгон көйгөйлөр окшош экенин, тигил же бул өлкөдө кабыл алынган жана кабыл алынып жаткан айрым чечимдер башка өлкө үчүн кызыктуу жана пайдалуу болушу мүмкүн экенин көрүп турабыз. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасындагы региондорду өнүктүрүүнү пландоо жана башкаруу практикасы биздин программабызды бул тажрыйбаны коңшу өлкөлөрдө – Өзбекстанда жана Тажикстанда көрсөтүүгө шыктандырганын өзгөчө белгилегим келет”. 

EGED Программасы ишке ашырылган жылдары райондор пландоонун жаңы аспаптарын гана эмес, ошону менен бирге инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн практикалык механизмдерди да алышты. 7 сынамык райондо Программанын негизги жыйынтыктарынын арасында төмөнкүлөр бар: 

  • 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2600гө жакын жаңы жумуш орун түзүлдү;
  • 2030-жылга чейинки болжол боюнча 17 500 жумуш орун түзүлөт;
  • инвестицияларды башкаруу процесстерин жакшыртуунун аркасында кошумча экономикалык өсүш калыптанып, айрым райондордо калктын кирешелеринин болжолдуу өсүшү 50 пайыздан 60 пайызга чейин болушу мүмкүн;
  • башкаруудагы системалуу өзгөрүүлөрдүн эсебинен болжолдонгон кошумча экономикалык өсүш 83,6 млрд сомду түзөт.

Дайындарга, болжолдоого, жергиликтүү жамааттардын катышуусуна жана мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнө негизделген аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү Программанын негизги жыйынтыгы болду. Сынамык райондордо Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) иштелип чыкты же жаңыртылды, инвестициялык профилдер киргизилди, мониторинг механизмдери түзүлдү жана бардык кызыкдар тараптардын ортосунда туруктуу диалогду камсыз кылуучу Координациялык кеңештер түзүлгөн.

“EGED Программасы жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар – инвесторлорду тосуп алгандар, алар менен иш алып баргандар менен тикелей иштеп, өзгөрүүлөр орун алды. Мурда инвестор районго келгенде: “Канча акчаң бар?”, “Мага кандай пайда бере аласың?” деген суроолор берилип келсе, учурда кырдаал өзгөрдү. Азыр инвесторду “Бизнесиңди тезирээк башташ үчүн биз сага кандай жардам бере алабыз?” деген суроо менен тосуп алып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бардык процессте коштоп жүрүшөт”,  – деди ӨСИ Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА. 

Иш жүзүндөгү жыйынтыктар аймактардын экономикасында байкала баштады. Мисалы, Жети-Өгүз районунда инвестициялык форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 600 млн АКШ долларына бааланган кызматташуу жөнүндө 16 меморандумга кол коюлду. Кемин районунда 115 өнүктүрүү долбоорунан турган инвестициялык портфель түзүлүп, 3,5 миллиард сомдон ашык суммага инвестиция тартылган. Ат-Башы районунда биргелешкен пландоо туристтик, эт, сүт жана бал кластерлерин өнүктүрүүнү күчөтүүгө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

2025-2026-жылдары аймактардын инвестициялык дарамети менен иштөө жана аймактардын инвестициялык профилдерин даярдоо EGED Программасынын колдоосунун негизги багыттарынын бири болду. Бул инвестициялык профилдерди райондор инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, форумдарда жана ишкердик аянтчаларда өз дараметин көрсөтө алуу үчүн практикалык аспап катары колдоно баштады.

“Кемин району сырьелук дарамет аймагынан өнөр жайды өнүктүрүү аймагына акырындык менен өзгөрүүдө”,  – деп райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Канболот ТУТУЕВ тастыктады.

EGED Программасы инклюзивдүүлүккө да өзгөчө көңүл бурду. Пландоо процесстерине бизнес өкүлдөрү, ишкер аялдар, жаштар, жарандык коом жана калктын аярлуу топтору тартылды. Мунун аркасында чечимдер аймактардын жана тургундардын реалдуу муктаждыктарына көбүрөөк багыт алып калды.

Билимди башкаруунун туруктуу системасын түзүү Программанын маанилүү жыйынтыктарынын бири болду. Ийгиликтүү кейстерди бөлүшүү, СЭӨПны ишке ашыруунун жыйынтыктары менен тааныштыруу, тажрыйба алмашуу сапарлары жана биргелешкен окутуу райондорго натыйжалуу чечимдерди тезирээк киргизүүгө жана убакыт менен ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

“Горизонталдык тажрыйба алмашуу – бул туруктуу өнүгүү, тездетилген окутуу жана жергиликтүү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу механизми. Билимдерди башкаруу айрым райондордун тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы ресурсуна айландырууда”,  – деп белгиледи жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү боюнча эксперт Айнура БАЛАКУНОВА.

Ошондой эле СЭӨПнын автоматташтырылган модулун киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул модул дайындардын сапатын жогорулатууга, мониторингди жакшыртууга жана чечимдерди кабыл алуу процессин ачык-айкын жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Ноокат райондук Координациялык кеңешинин орун басары Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВ айтып, бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары формалдуу документ эмес, башкаруунун жандуу аспабына айланып жатканын кошумчалады: “Мониторинг жүргүзүү максатында тажрыйба алмашуу сапарлары маанилүү практикалык жыйынтык берди. Биз башынан эле СЭӨПны иштеп чыгууга катышканбыз жана эми биздин чечимдерибиз иш жүзүндө кандай иштеп жатканын көрдүк. Бул жөн гана көзөмөл эмес, бул ошондой эле райондун өнүгүүсүнө баамдап катышуу дегенди да билдирет”.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар резолюцияны талкуулап, кабыл алышты, анда:

  • дайындардын, болжолдоолордун, инвестициялык артыкчылыктардын жана отчеттуулуктун негизинде аймактык пландоо системасын өнүктүрүүнүн зарылдыгы тастыкталды;
  • өнүгүүнү башкаруунун, бюджет түзүүнүн жана инвестицияларды тартуунун туруктуу аспаптары катары СЭӨПны жана инвестициялык профилдерди пайдалануу сунушталды;
  • пландоо методологиясын өркүндөтүү, процесстерди санариптештирүү, долбоордук портфелдерди түзүү жана инвесторлорду коштоо боюнча чаралар сунушталды;
  • Кыргызстандын региондорун туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.

 

Окшош материалы: