Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарына аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча сунуштамалар

2023-02-28 / Көңүл чордонунда
ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарына аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча сунуштамалар

Нураим МАНАПБАЕВА, “Курак” Аялдар форумунун эксперти

Ат-Башы жана Ноокат райондору үчүн райондук СЭӨПны даярдоого колдоо көрсөтүүнүн алкагында ишкер аялдардын кызыкчылыгын коргогон “Курак” Аялдар форуму ишкер аялдар менен жолугушту. Бул жолушууда чакан да болсо өз бизнесин жүргүзүүнү каалаган аялдарга жагымдуу шарттарды түзүп берүү үчүн мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кандай чараларды көрүшү керектиги талкууланды.

2022-2026-жылдары Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы талкуунун предмети болду. Аталган программа 2021-жылдын этегинде кабыл алынган. Документте аялдарды бизнеске жигердүү тартууга багытталган иш-аракеттер кеңири баяндалган. Бирок жолугушуулар Ат-Башы жана Ноокат райондорунда жашаган аялдардын программа тууралуу маалымдуулугу жок болгонун көрсөттү. Катышуучулардын бири да программа тууралуу эч нерсе билген эмес, бирок жолугушуунун катышуучуларынын көбү өз ишин ачууну ойлоп жүрүшкөн же ишкердик менен алектенип калышкан. Бул жер-жерлерде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү жамааттын ортосунда мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча талаптагыдай байланыш жок экендигин, аялдардын ишкердигин колдоо боюнча түшүндүрүү иштери аз жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары аялдарды колдоо чаралары жөнүндө тийиштүү маалымдуулуктун жоктугу, коррупцияга туш болуудан коркуу сезими, гендердик стереотиптер үй-бүлөсүн экономикалык жактан колдоого ресурстарга жетүү үчүн экономикалык ишке тартылууга жолтоо болуп жатканын айтышты. Бийлик менен байланыштын чабалдыгы өз ишин ачууну чечкен элеттик аял өзүнүн дараметин өз алдынча баалоого, бизнес-план даярдоого, каржылоо булактарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калышына алып келет. Бирок үй-бүлөнү колдоо милдеттерин эч ким жокко чыгарган жок жана ишкердик потенциалы чоң аялдар көмүскө иш ачышат же эмгек миграциясына кетишет, ал жерде акча табуу үчүн көбүнчө аз квалификациялуу иш менен алектенүүгө аргасыз болушат. Бул эки фактор тең үй-бүлөлөргө колдоо болгону менен, керектүү эмгек ресурстарын кошо алып кетип, аялдардын жеке ишканаларды ачуусунун, демек, жумуш орундарын түзүүнүн эсебинен өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарып, аймактардын экономикалык потенциалына олуттуу түрдө залакасын тийгизүүдө.

Ишкер аялдарды кыйла жигердүү маалымдап, алардын ичинен кыйла активдүүлөрүн республикалык жана жергиликтүү деңгээлдерде аялдардын ишкердигинин мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүүгө; финансылык жана коммуникациялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларга; ар кандай бирикмелерге катышууга; маркетингдин негиздерине, өзгөчө продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана товарларды илгерилетүү жагынан окутууга тартуу талап кылынат.

Аялдын ролун жана анын эки райондун ар биринин экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын талдоо керек. Аялдардын ишкердүүлүгүнүн атаандаштыкка көбүрөөк жөндөмдүү багыттарын аныктап, ушул негизде колдо болгон потенциалды жана демек, мамлекеттик программаны ишке ашырууга жардам бере турган колдоо чараларын аныктоочу программалык документти түзүү маанилүү. Мындай ишти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү ишкер аялдардын бирикмелери жүргүзсө болот, ал эми анын жыйынтыгы документ түрүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу үчүн бийликке өткөрүлүп берилет.

Мындай чара эмгек миграциясынын тобокелдигине кабылган же көмүскө иш ачуу тобокелдигинде турган жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү көрбөгөн аялдар үчүн маанилүү. Аларды өз жеринде калып, иш ачуусу үчүн бизнеске багыт алуу жана өзүнүн ишкердик потенциалын ишке ашыруу, өз ишин ачуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берген семинарларды жана тренингдерди өткөрүп, ошондой эле ресурстарга жеткиликтүүлүк, мыйзамдар жана салык салуу боюнча толук маалымат менен камсыз кылуу зарыл. Ишкер аялдардын учурдагы бирикмелери бизнес-пландарды даярдоо жана ишке ашыруу, финансылык пландаштыруу жана бюджет түзүү процессинде жардам берүү үчүн жаңыдан ишин баштагандарга куратордук/насаатчылык практикасын үйрөтө алышмак.

Жамааттык ЖМКларды, жергиликтүү интернет-сайттарды өнүктүрүү, маанилүү суроолорго жооп берүү аркылуу жер-жерлерде аялдарды ишкердикти жигердүү жүргүзүүгө тартууга жөндөмдүү болгон, түшүндүрмө берүүчү контекстке басым жасаган адистештирилген түрмөктөрдү ЖМКлардын контекстине киргизүү маанилүү. Мындан тышкары, булардын баары коммуникациялык аянтчаларды, жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун, бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык диалогду түзүүгө, милдеттерди биргелешип чечүү үчүн алардын жакындашуусуна өбөлгө болмокчу.

Укуктук жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, ишкердикке окутуу, аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, маркетингге окутуу зарыл. Бүгүнкү күнгө чейин мындай билим берүүчү программалардын көбү айыл тургундарына эмес, шаар тургундары үчүн жеткиликтүү. Маселени онлайн-тренингдерди жана онлайн курстарды өткөрүү менен чечсе болот, бирок катышуучулар санариптик сабаттуулук көндүмдөрү жетишсиз болуп жатканын белгилешкен. Элет жергесинде жашаган ишкер аялдар үчүн санариптик компетенцияларды өнүктүрүү боюнча атайын курстарды түзүү маселеси курч турат, бул билим берүү программаларына жана платформаларга кошулуу, конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылмак, ошондой эле мамлекеттик органдардын санариптик сервистери менен иштегенди үйрөтмөк. Ченемдик актылар жана документтер менен иштөө, маалымат булактары, салыктык жана башка отчеттук документтер менен иштөө көндүмдөрүнүн жоктугу укуктук сабаттуулукка тикелей байланыштагы көйгөй болуп саналат.

Ишкер аялдар үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө салык салуу, учурдагы салык режимдери, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, ишмердүүлүктү уюштуруунун түрлөрү, ошондой эле бизнестин социалдык жоопкерчилиги, салыктарды өз убагында төлөө жана отчеттуулуктун башка түрлөрүн берүү маселелерине көңүл буруу маанилүү. Булардын баары ишке аялдардын арасында жоопкерчиликтүү бизнес маданиятын калыптандырат. Тилекке каршы, укуктук жана финансылык сабатсыздыктын жогорку деңгээли ишкердик демилгенин өнүгүшүнө бут тосуп жатат, өзүнүн потенциалын ачуу, колдоо долбоорлорун издөө мүмкүнчүлүктөрүн жаап жатат, же болбосо билимдин жетишсиздигинин айынан пайда болгон кыйынчылыктардан улам өз ишин тез арада токтотууга мажбур кылууда.

Бизнестеги аялдарды маркетингдин негиздерине, мүмкүнчүлүктөрдү баалаганды жана талдаганды үйрөтүп, катышуучуларга өз бизнес-идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн кесипкөйлүк менен багыт көрсөтүү зарыл. Рыноктогу өз ордун түшүнбөстөн, атаандаштарды талдабастан, продукция канчалык талап кылынып жатканын, анын сатуунун жолдорун билбестен, ишин жаңыдан баштап жаткандар да, жигердүү иштеп жаткан бизнесмендер да алдын ала билиши керек болгон бир катар кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Азыркы заманда жөн эле “болбогон жерден” өз ишин баштоо мүмкүн эмес, идея ишке ашпай калат деген тобокелдик өтө жогору. Мындан улам семинардын көптөгөн катышуучулары маркетинг билиминин маанилүүлүгүн белгилешти. Балким, биринчи этапта, келечектеги ишкерлер ченемдик документтердин жана программалардын негизинде иш-аракеттердин бардык алгоритмдерин жазып чыгышы керек, бул үчүн аларга документтердин даяр шаблондорун берсе, алар мунун баарын кийин иш жүзүндө колдоно алышмак.

Ишкер аялдар менен ишти алардын аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын түшүнүүгө негизделген тыгыз өз ара аракеттенүүнүн негизинде куруу маанилүү. Ошондуктан, маалымат алмашуу жана тынымсыз байланыш үчүн туруктуу коммуникациялык канал болушу керек, аялдарга өз бизнесин ачуу үчүн жайларды, башка аянтчаларды издөөгө көмөк көрсөтүү зарыл. Бул үчүн аялдардын ишкердик программалары, жамааттар менен байланыш боюнча жергиликтүү бийлик үчүн үзгүлтүксүз курстарды өткөрүп туруу талап кылынат. Ушундай тыгыз байланышта гана демилгелерди илгерилетүүгө болот. Ушул эле талап аял ишкерлерге көмөктөшүп, консультациялык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар менен коммуникацияларга да тиешелүү. Өз кезегинде алар өз демилгелерин илгерилетип, долбоорлорго катышып, гранттык каражаттарга же мамлекеттик колдоо программаларына жетүү үчүн ар кандай ассоциацияларга жигердүү биригип же бирикменин башка формаларын табышы керек.

Аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүчү жана жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизиле турган иш-чараларды кыскача төмөнкүчө туюндурса болот:

  • Санариптик сабаттуулук боюнча атайын курстарды ачууга көмөктөшүү.
  • Укуктук жана финансылык сабаттуулукка окутуу боюнча ишкер аялдар үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууга көмөктөшүү.
  • Ишкер аялдарды маркетингдин негиздерине, ишкердикке, укуктук маселелерге, ишкердик этикага, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эрежелерине окутуу курсун киргизүү. Бул тренингдер бетме-бет жана аралыктан окутуу үчүн иштелип чыкса болот.
  • Мамлекеттик органдардын, КЭУлардын, ишкер аялдардын, донордук коомчулуктун ортосунда натыйжалуу коммуникациялар боюнча тренингдерди өткөрүү.
  • Аймактарда иш алып барган ишкер аялдарга өз ишин ачууда, ыңгайлуу чөйрөнү түзүүдө жана гендердик стереотиптерди жоюуда (улуттук деңгээлде) көмөк көрсөтүү үчүн ири бизнестин, банк секторунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен “тегерек столдорду” өткөрүү.
  • Аялдарга дем берүү максатында жергиликтүү деңгээлде улуттук бизнес-ассоциациялары, ийгиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүү жана консультацияларды берүү.
  • Донордук долбоорлорго жана мамлекеттик колдоо программаларына, атайын насыя линияларына бардык зарыл шилтемелерди, көргөзмөлөр жана форумдар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу менен ишкер аялдар үчүн интернет-ресурстарды иштеп чыгуу жана түзүү.
  • Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү.
  • Ишкер аялдардын бирикмелеринин тармагын өнүктүрүү.
  • Аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу үчүн мыйзамдык же ченемдик документтерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.

Берилген сунуштамалардын топтому толук мүнөзгө ээ эмес, бирок кыска жана орто мөөнөттүү келечекте кырдаалды өзгөртүүгө жана аймактарда аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын күчөтүүгө жардам берет.

 

Окшош материалы: