Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Башкаларга окшобогон жетекчи

2023-04-27 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Башкаларга окшобогон жетекчи

Найзабек КӨЛБАЕВ менен маек

Аймак тууралуу сөзүбүз башчы Найзабек КӨЛБАЕВдин маеги менен башталат. КӨЛБАЕВдин “14 жыл мурдагы” учурдан тартып бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолу кызыктуу. Анын ишинин принциптерин баамдоо менен кесиптик компетенциялар жана түзүлгөн тажрыйба ар кандай иште ийгиликтерге кантип жетишкенин түшүнүүгө болот.

2009-жылы Аламүдүн муниципалитетинин башчысы болууга ал өзү умтулган. Аймактык жактан алганда Аламүдүн Кыргызстандын борборуна “тушташ” орун алганына карабастан, ошол мезгилде анын жашоочулары сууну кудуктардан алчу, таштандылар чыгарылчу эмес, ал эми келип түшкөн даттануулардын саны боюнча муниципалитет формалдуу эмес рейтингдин биринчи сабынан түшчү эмес. Гепатит менен ооругандардын санынын көптүгү Аламүдүн жана Садовое айылдарынын инфраструктуралык көйгөйлөрүн ырастап турган. Жергиликтүү бийликтин аракетсиздиги жана демилгесиздиги жашоочуларда нааразычылык сезимдерин, ишенбөөчүлүктү жана кош көңүл мамилени пайда кылган. Аймактын аянычтуу абалы ушунчалык ачык болгондуктан, эч ким аны жетектегиси да келген эмес.

Жаңы кызматка келгенге чейин Көлбаев акимчиликте эмгектенип жүрчү. Өзүнө өзү чакырык таштагандан кийин, ал башында тигил же бул чукул иштерди чечип, “тез жардам” катары иштөөгө мажбур болгон. Аламүдүн муниципалитетин жетектеген 14 жылдын ичинде КӨЛБАЕВ жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мол тажрыйба топтой алды. Таштанды чыгарууну уюштуруу жана элдерди таза суу менен камсыз кылуу ушул маселелердин эң маанилүүлөрү болуп калды. Туруктуу жыйынтыктар кайсы бир убакыттан кийин пайда болду – сарык менен ооругандардын саны азая баштады, кубаттуу скважиналар сууну жердин тереңинен ала баштагандыктан, адамдар сууну кудуктардан ичпей калышты, курулган канализация системасы аркылуу агынды суулар тазаланып, адамдар тартипке көнүштү, – таштандылар график боюнча чыгарыла баштады жана таштанды көрүнгөн жерде жатпай калды.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында төрт мөөнөт катары менен иштеген Найзабек КӨЛБАЕВ ички туюмуна таянып, өз эрежелерин иштеп чыккан: калк менен кантип иш алып баруу керек, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттик ведомстволор, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кантип кызматташуу керек, кол алдындагы адамдар өз милдеттерин кынтыксыз аткарышы үчүн алар менен кантип байланыш түзсө болот – мунун баарына КӨЛБАЕВдин өз жооптору бар. Ал эми анын телефонуна түшкөн ар бир чалуу – бул жардам сурап, кыйынчылыктарды жеңүү тууралуу өтүнүчтөр.

– Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган окуяңызды айтып бериңизчи. Сиз ал убакта Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясында иштеген экенсиз, бирок айыл өкмөтүндө убактылуу иштеп, ошол жерде калууну чечкен турбайсызбы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу сизди эмнеси менен кызыктыра алды?

– 2003-жылдан баштап Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясында алты жыл иштеген элем. Жетектөөчү адис болуп баштап, аппарат жетекчиси кызматына чейин жеттим. 2009-жылдын күзүндө ЖӨБ органдарынын айрым башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан. Ошондо мен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына менин талапкерлигимди көрсөтүүсү үчүн акимге кирдим. Жетекчи жеке каалоомду колдоп, ал эми жергиликтүү депутаттар үч талапкердин ичинен мени тандашты. Мына ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы карьерам башталды, бул кызматка баш-отум менен кирип, жан дилим менен ишке берилдим.

Эмне үчүн мен “суранып отуруп” бул кызматка келдим дебейсизби? Өзүмө чоң жоопкерчиликти өз ыктыярым менен алып жатканыма кошо, аймактын жашоосун канткенде жакшы жакка өзгөртүүгө болорун билеримди сезип турдум. Мага жылдар бою көңүл сыртында кала берген кадыресе күнүмдүк иштерди чечүү каалоосу түрткү болду.

Башчынын милдетин аткарууга киришер замат депутаттар менен айылдын жашоосун талдап чыктык. Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, туш келди жерде орун алган таштанды жайлары жана таштандылар менен күрөшүү – булар артыкчылыктуу маселелер эле. Тиричилик таштандыларын үзгүлтүксүз чогултууну уюштуруу үчүн муниципалдык ишкананы ачуу чү дегенде эле жасаган ишибиз болду. Иш башталган учурда ишкананын материалдык-техникалык базасы дээрлик нөл болгон, ошондуктан таштандыларды чыгаруу үчүн кызматтык “Волга” унаамды самосвалга алмаштырууга туура келди. Таза суунун жоктугу өңдүү аймактын дагы бир көйгөйү менен алектендик. Бюджеттен акча бөлүнүп, суу түтүктөрү төшөлүп, суу алуучу мунаралар орнотулду. Бул эки маселе иштин биринчи мөөнөтүндө негизги болуп калды, биз аларды 2010-жылдагы кайгылуу окуялардын фонунда чечип жаттык.

2012-жылы өткөн кийинки шайлоодо мен кайрадан талапкерлигимди коюп, депутат болуп шайландым. Баштаган иштерди улантууну чечтим. Экинчи мөөнөткө калып, инфраструктуралык долбоорлорго – көчөлөргө асфальт төшөөгө, канализацияны киргизүүгө басым жасадым.

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишине кандай жаңылыктарды киргиздиңиз?

– Мен ар дайым жергиликтүү маанидеги маселелерди кантип натыйжалуу жөнгө салса болоору тууралуу ойлонуп, жаңы билим издеп, эксперттер менен таанышып турдум. Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча белгилүү эксперт Ахмат МАДЕЮЕВ мага биринчилерден болуп жардамга келди, ал айыл өкмөтүнүн ишин жөнгө салуу үчүн ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга жардам берди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызын терең баамдап чыгууга Латвияга жана Германияга болгон сапарлар жардам берди. Бул өлкөлөрдүн мисалдарынын негизинде биз жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн чакан экономикалык моделибизди түздүк. Эмнелерди жасай алдык? Айыл өкмөтүнүн “колу-буту” болуп бериши үчүн муниципалдык ишканаларды ача баштадык. Азыр ишканалардын саны 11ге жетти жана алар биздин үмүтүбүздү актап жатышат. Мурда мен колл-борбор катары иштеп, тургундардын ар бир чакырыктарына жооп кайтарчумун: “тигил жакта ит жүгүрүп жүрөт”, “тосмонун үстүндө бутак жатат”, “кайсы бир жерге таштанды ыргытып кетишти” деп даттана беришчү. Мен жарандардын тынчсыздануусуна жооп берүүгө аракет кылып, эгер бул маселени мен чече албасам, тиешелүү кызматтар чара көрөт деп түшүндүрчүмүн. Эми болсо кызматтардын аракетсиздигинин деңгээли азайып калганын байкап жатабыз. Эми мага азыраак чалып калышты, себеби система иштеп жатат жана бардык маселелер ыкчам чечилүүдө. Азыр чындап эле чукул иштер боюнча гана тынчымды алышат.

– Сиз өз моделиңизди башка айыл өкмөттөрү менен бөлүшүп турасызбы?

– Кээде башка райондордон кесиптештер келип калышат – биздин практикабыз жөнүндө билүү үчүн өз демилгеси менен келишет же кимдир бирөө жиберет. Мындай сапарлар ар бир тарап үчүн пайдалуу, себеби бир дагы тажрыйбада кантип мыкты иштөө керектиги боюнча бирдиктүү эрежелер жок. Семинарларда, конференцияларда сөз сүйлөп, тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө чакырышат. Ошондой эле биз өз тажрыйбабызды мыкты практика мисалдарынын форматында сүрөттөп, аны Порталда (www.myktyaimak.gov.kg) бөлүштүк, ал эми кийинчерээк биздин практика республикалык конкурста орун алды.

– Айыл өкмөтүнүн башчысы катары сиз эртең менен кандай иштерди аткарасыз, ал эми кайсы иштер күндүн экинчи жарымына калат?

– Ар бир күн өзгөчө, андыктан кандайдыр бир графикти кармануу кыйын. Күндүн биринчи жарымында кызматкерлерге берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулайбыз. Эгер кимдир бирөө тапшырманы аткарууга үлгүрбөй жатса, мунун себептерин талкуулап, аны чечүү жолдорун табабыз. Финансы-экономикалык бөлүм менен кээде киреше бөлүгүн камсыз кылуу үчүн бир күн бою отурам. Түшкү тамактан кийин муниципалдык ишканалар менен иштейм жана алардын маселелерин карайм. Калк менен дээрлик күн сайын иш алып барам. Аярлуу үй-бүлөлөр жардам сурап кайрылышат. Мисалы, бир көчөдөн беш-алты үй-бүлө оор абалда калып, суу түтүгүн өткөрүп берүүгө жардам сурашат. Мындай учурларда айыл өкмөтү субсидия бөлүп берет.

– Аламүдүн айыл өкмөтүндө иштеген убакыт аралыгында кайсы иштериңиз менен өзгөчө сыймыктанасыз?

– Жыйынтыктар менен сыймыктанабыз.2022-жылдын аягында айыл өкмөтүнүн ишмердигин баалаган республикалык конкурста 3-орунду ээледик. Биз жөн гана жеңүүчү болгон жокпуз, биз конкреттүү мисалдын негизинде ЖӨБдүн концепциясын көрсөтүп бере алдык, бул концепция башында эле мыйзамга киргизилген.

Жалпысынан алганда, биз конкурс башталганга чейин эле жеңишке жеттик деп ойлойм. Биз Өнүктүрүү саясат институту, ЖӨБ Союзу, БАЖБА менен кызматташканбыз. Онлайн режиминде добуш берүү маалында мыкты тажрыйбаларды тандашканда, мыкты деп табылдык. Элге жеткиргибиз келген бир топ татыктуу мисалдарыбыз бар болчу. Алсак, жергиликтүү бюджеттин каражаттарына коомдук транспорттун кыймылын уюштуруу жана автобустарды сатып алуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, китепкананы санарип форматка өткөрүү. Баса,  500 миң сомдук сыйлыкка китепкана үчүн китептерди сатып алдык, башкача айтканда, акчаны “түбөлүккө калчу билимге” жумшадык. Биз жамаатыбызды кадыресе жашоо үчүн шарттар менен камсыз кыла алганыбызга сыймыктанабыз.

– Аял жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында өз жөндөмүн көрсөтүп, айыл өкмөтүнүн ишинин сапатына жана жыйынтыктарына таасир эте алабы?

– Жергиликтүү өз алдынча башкарууга аялдардын катышуусун күчөтүш керек деп эсептейм. Тажрыйба көрсөткөндөй, аялдар адатта тартиптүү болушат жана берилген тапшырмаларды так аткарышат. Алар ырааттуу жана так иштешет, ыктымалдуу чыр-чатактарды жөнгө салып, бузукулукка жол бербей, уруш-талашсыз иштөөгө жардам беришет. Аялдар өз жумуштарын аткарып гана тим болбостон, коомдук турмушка да жигердүү катышышат. Биздин айыл өкмөттө жыныстардын тең укуктуулугу принцибин карманабыз жана аялдардын саны эркектерден да көп. Үч аял муниципалдык ишканалардын башчысы болуп, ишканалар түзүлгөндөн бери ишти жогорку деңгээлде жасап келатышат. Алардын жетекчи катары күнүмдүк эмгеги, албетте, сый-урматка гана татыктуу. 40 жаштан 50 жашка чейин курактагы бул аялдар күч-кубатка толуп турат жана абдан даанышман, бул сапаттар аларга жогорку деңгээлде иштөөгө жардам берүүдө.

Тамара ИСАКУНОВА жетектеген “Ынтымак Аламүдүн” мына ушундай ишканалардын бири болуп саналат. Бул ишкана ар кандай улуттагы, диндеги, жаштагы жана жыныстагы, социалдык абалдагы адамдардын чыгармачыл бирикмеси. Дагы бир мисал – “Шоола Аламүдүн”, ишкана жарыктандыруу жана тышкы жарнак менен иш алып барат, аны беш жылдан бери Залина ДАРШТ жетектеп келатат. Бул жерде иш так уюштурулуп, эмгек акы жана башка маанилүү чыгымдар өз убагында төлөнүп турат, ал эми ишкананын карызы жок. 

Ар кандай демилгелерди, өзгөчө аймактардагы мыкты демилгелер конкурсуна катышуу сыяктуу демилгелерди колдоо зарыл. “Алтын келечек” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Гүлмира МАМАСАДЫКОВАнын тажрыйбасы татыктуу бааланып, ал 2021-жылы биринчи орунду ээлеген.

– Аймактын жашоочулары сизге ыраазычылык билдиришкенде кандай сезимдер болот? Ал эми нааразычылыкка туш болгондо эмнелер тууралуу ойлоносуз?

– Ыраазы сөздөрдү укканда дагы көбүрөөк иштеп, элдин жашоо шартын мындан да көбүрөөк жакшырткың келет. Ал эми сынды укканда талдап чыгабыз: кырдаал чындап эле оорбу же системада көйгөйлөр барбы? Эгерде адам маалыматка ээ болбосо, анда көбүрөөк суроолор пайда болорун түшүнөбүз. Дал ошондуктан биз калкка маалымат жеткирүү үчүн сайтты түзүп, социалдык тармактарда баракчаларды ачтык. Бирок, көптөр контентти окубай тургандыгын түшүнүп, жолугушууларда баарын башынан түшүндүрүп беребиз. Ошондуктан биз адамдар менен жандуу баарлашуу үчүн жолугушуп турабыз. Ишибизге карата айтылган сын биз үчүн маанилүү жана бардык пикирлерге кулак төшөөгө аракет кылабыз. Себеби, кабинеттерде отурганда биз үзүл-кесил, толук эмес маалымат алабыз да.

– Аймакты 14 жыл жетектегенден кийин сиз үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы болуу деген эмнени билдирет?

– Калк менен иштөө маңдайдан тер төгүлгөн эмгекти, көп күч-аракетти жана убакытты талап кылат. Бирок, ошол эле маалда бул баа жеткис тажрыйба, мында жыйынтыктар бир заматта пайда боло калбайт, ал бир аз убакыт өткөндөн кийин көрүнөт: адамдар таза суу ичип калышат, сарык менен оорубайт, кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөйт. 

Элдин көз карашын өзгөртүү кыйын болду. Тургундар кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөш керек деген ойго көнүшү үчүн убакыт кетти. Мисалы, үйүнө газ өткөрүп бергенде, үй-бүлө газ түтүктөрүн төшөө үчүн чыгымдарды да төлөп бериши керек. Каржылоонун 70 пайызын тургундар өздөрү көтөрүшү керек, ал эми 30 пайызын айыл өкмөтү бөлүп берет дегенди жеткириш үчүн жолугушуулар өткөрүлдү.

Дагы бир окуя менен бөлүшөйүн. Садовое айылындагы бир нече көчөдө коомдук транспорт жүрчү, 360 үй-бүлө иштеген жерине жана ар кандай мекемелерге жете албай кыйналып келген. Биз маршруткалардын айдоочулары менен сүйлөшүп көрүүгө аракет кылганбыз, бирок жолдордун абалы начар болгондуктан, алар биз менен кызматташууга көнгөн жок. Бул көйгөйдү чечүү үчүн беш ай бою ишемби жана жекшемби күндөрү элеттиктер менен байланышта болдук. Көптөгөн идеялар жана сунуштар айтылып жатты. Натыйжада коомдук транспортту уюштуруу боюнча муниципалдык ишкана түзүп, автобустарды лизингге алууну чечтик. Бирок, пандемиядан улам машина сатып алуу процесси бир жылга созулду. Пандемия коркунучу басаңдай түшкөндө, айылдын бардык көчөлөрүндө автобус каттамы жүрө баштады. Ушул тапта муниципалдык ишкана ийгиликтүү иштеп жатат.

Негизги инфраструктуралык көйгөйлөр чечилгенде, кандайдыр бир жымжырттык өкүм сүрүп, жада калса коридорлордо да мурдагыдай чыңалган абал сезилбей калды. Мен муну жакшы белги катары кабыл алдым – адамдар жакшы өзгөрүүлөргө көнө башташты, айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары алга умтулуп, маселелерди чечип, жаратман иштерге багыт алды. Ошол эле учурда бул жымжырттык жашоочулар башка абалда болгонунан кабар берип турду – алар жаңы демилгелерди жана өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү күтүп жатышат, алар жөн эле күн өткөрө берүүдөн тажап,  сапаттуу өзгөрүүлөрдү каалап турушат. Ал эми биздин алдыбызда жолдорго асфальт төшөө, жарыктандыруу өңдүү мурдагыдай эле ири, бирок көп каражатты талап кылган маселелер турду. Каражат издеп, гранттык каржылоо боюнча долбоорлорду даярдоо тууралуу ойлонушубуз керек болчу.

– Мага адамдар цивилизациянын зарыл болгон негизги жыргалчылыгын алып, өзү менен өзү болуп калгандай сезиле баштады. Биз болсо алардан кайтарым байланышты, жигердүүлүктү күтүп жаткан элек. Мунун баары эмнеге керек? Унчукпай эле, өз ишибизди жасай берсек деле болмок... Бирок мен ар дайым тургундар айылдарынын жашоосуна түздөн-түз катышууга тийиш деп ишенчүмүн. Жалгыз иш алып барганга караганда,  жарандык жигердүүлүк менен көп нерсеге жетишүүгө болорун билчүмүн.

– 2023-жылга кандай пландарыңыз бар?

– Айылдын аймагында жакырчылыктын чегинде 79 адам жашайт, бул жергиликтүү элдин жалпы санынын 1,7% түзөт. Биздин максат – бул көрсөткүчтү 1 пайызга чейин азайтуу. Бул үчүн 18 үй-бүлөнү иш менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Эксперттер менен бирдикте социалдык келишим жөнүндө жобону иштеп чыгып, аны Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрдүк. 2023-жылдын 1-мартынан тарта социалдык жардам көрсөтүү үчүн талапкерлерди тандоо башталганын жарыяладык. Өз ишин баштай алышы үчүн экинчи кварталда аз камсыз болгон сегиз үй-бүлөгө, үчүнчү жана төртүнчү кварталдарда дагы беш үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 100 000 сомдон бөлүүнү пландап жатабыз. Акчаны пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылып, адамдарга киреше алуу үчүн кесип табууга жардам берүү максатында мониторинг жүргүзүп турабыз.

Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн борбор ачууну пландап жатабыз, анын имараты курулуп бүттү. Балдар борборго барышы үчүн шаймандарды сатып алуу керек. Борбор 1-июнда же 1-сентябрда ачылат. Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешкен өкмөттүк эмес уюмдардын арасында конкурс өткөрөбүз жана алар борбордо кызмат көрсөтүп турушмакчы.

Үчүнчү маанилүү пункт – Аламүдүн дарыясынын өзөнүн жашылдандыруу. Өткөн жылы биз 600 көчөт терек, мажүрүм тал, карагач отургузганбыз. Быйыл дагы ушундай көлөмдө көчөт отургузалы деп пландап жатабыз. Жалпысынан жети гектар жерди жашылдандырабыз. Бак-дарактарды отургузуу ишин Санитардык-экологиялык кызмат уюштуруп жатат, ал айыл өкмөтүнөн каражат алган.

– Кандай көйгөйлөр чечилбеген бойдон кала берүүдө?

– Биз оюбузда болгон иштердин баарын аткаргыбыз келет, бирок акча жагынан чектелүү абалдабыз. Кээ бир маселелерди чечүү үчүн убакыт жана күч-аракет талап кылынарын баамдап турабыз, бирок биз бул чакырыктарга даярбыз жана ниетибиз түз.

– Айыл өкмөтүнүн жетекчилеринде жеке өзү үчүн бош убакыт калабы? Эгер бар болсо, аны кантип өткөргөндү жакшы көрөсүз?

– Дем алыш күндөрү же иш күндөрү кечинде китеп окуп алганга бош убакыт издейм. Шаарды пландоо боюнча китептерди көп окуйм. Белгилүү адамдардын эскерүүлөрүн жана өмүр баянын окуганды жакшы көрөм. Жакында эле Маргарет Тэтчер жөнүндө китеп окудум. Үйүмдө жеке китепканам бар. Бирок менде болбогон китепти окугум келсе, аны Аламүдүндөгү китепканадан таап, үйгө алып, ыңгайлуу убакта окуйм. Бизде адабияттардын көбү дүйнөнүн каалаган жеринен окуй алыш үчүн санариптештирилген. Ошондой эле чыныгы окуяга негизделген тасмаларды көргөндү жактырам.

– Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун идеалдуу системасын кандайча элестетесиз?

– Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун идеалдуу системасы дегенде мыйзамдарда бекитилген принциптерди ишке ашырууну ойлойм. Азыр ЖӨБ органдарына мамлекеттик органдардын тапшырмалары ашыгы менен  жүктөлдү. Бирок, эгерде бул маселелер системалуу мүнөзгө ээ болсо, анда кошумча каражаттар талап кылынат. Тилекке каршы, ыйгарым укуктарды өткөрүп берип жатканда бизге кошумча акча бөлүнбөйт жана жергиликтүү бюджетти “жулмалап” эле отуруп калабыз.

Азыр биз акимге отчет беребиз, бул болсо дуализмге, депутаттардын, акимдердин жана калктын ортосундагы мамилелердин эбин табууда кыйынчылыктарга алып келүүдө. ЖӨБ чындап эле ЖӨБ бойдон кала бергени жакшы болмок. Биздин өлкө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Европа хартиясына багыт алды, бул демек, ЖӨБ органдары ар кандай демократиялык түзүлүштүн башкы өзөгүнүн бири болуп саналат жана жарандардын башкарууга катышуусуна кепилдик берет дегенди билдирет. Бирок айрым маселелердин чечилиши бюрократияга байланып, биз күтүүгө аргасызбыз. Биз күтсөк, анда калк да күтүүгө мажбур болот.

– 2024-жылы айыл өкмөтүнүн башчысы катары азыркы ишиңиздин мөөнөтү соңуна чыгат экен. Эгерде ушул эле ишти кийинки мөөнөттө улантуу мүмкүн болбосо, анда дагы эмнелерди жасайын деп пландап жатасыз?

– Мен кадрлардын регионалдык резервине кирдим. Эгерде менин тажрыйбам талап кылынса, анда мен мындан ары да жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында жана мамлекеттик башкарууда ар кандай жумуштарда иштей берүүгө даярмын.

 

Окшош материалы: