Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Реформанын биринчи этабында келечектеги шаардык башкармалыктардын функциялары

2023-05-15 / Көңүл чордонунда
Реформанын биринчи этабында келечектеги шаардык башкармалыктардын функциялары

Шаардык башкармалык жөнүндө жобонун долбоорунан үзүндү

Шаардык башкармалык карамагындагы аймакта төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

а) саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары:

  • Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекиткен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо пландарын жана программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
  • катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, санитардык тазалоо, муниципалдык менчикте турган тышкы көрктөндүрүү объекттерин күтүү, оңдоо, жашылдандыруу жана бак-дарактарды сугаруу боюнча иштерди уюштурат;
  • жол кыртышын реконструкциялоо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, жолдун четтерин, торлорду, жол белгилерин алмаштыруу жана калыбына келтирүү боюнча ишти уюштурат;
  • парктарды, скверлерди, жаратылыш-тарыхый объекттерди (монументалдык искусствонун эстеликтерин, мемориалдык комплекстерди, фонтан комплекстерин, мүрзөлөрдү ж.б.) жана шаардык башкармалыкка бекитилип берилген башка аймактарды жана объекттерди күтүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди уюштурат;

б) эриш-аркак иштешүү жана координациялоо функциялары:

  • муниципалдык менчикте турган, коммуналдык жана социалдык-маданий багыттагы турак жай фондунун объекттерин күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча ишти координациялайт;
  • шаардык тышкы жарыктандыруу тармактарынын иштешин камсыз кылуу боюнча муниципалдык кызматтар менен эриш-аркак иш алып барат;
  • тийиштүү муниципалдык кызматтар менен бирдикте коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүп, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн качкан адамдарга карата административдик чараларды көрүү боюнча иштерди координациялайт;
  • Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө турмуш шарты оор жарандарды социалдык жактан тейлөөгө көмөк көрсөтөт;
  • жумушсуз жарандарды аныктоого катышат, Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана иш менен камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен чогуу жумушсуздарды ишке орноштурууга жана иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;
  • мектепке бара элек жана мектепке бара турган курактагы балдарды, кароосуз калган балдарды жана жаштарды, аскерге чакырылчу адамдарды, турмушу оор балдарды жана башка жарандарды аныктап, каттоого алууда Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдары, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери, турак жай-курулуш кооперативдери жана башка уюмдар менен эриш-аркак иш алып барат, ошондой эле муктаж болгондорго социалдык-гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана бөлүштүрүүгө көмөктөшөт;
  • мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча ишти координациялайт жана чогуу иш алып барат;
  • шаардык башкармалыктардын компетенциясына кирген маселелер боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана шарт түзөт;
  • үйгө жана жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерине муктаж жарандардын эсебин мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзөт;
  • ээсиз калган кыймылсыз мүлктү жана ээси жок буюмдарды мыйзамда белгиленген тартипте аныктоо боюнча чараларды көрөт;

в) кызмат көрсөтүү функциялары:

  • ушул Жободо каралган функциялардын жана ыйгарым укуктардын чегинде калкка кызмат көрсөтүүнү уюштурат, санариптик технологияларды киргизип, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарын сактоо менен “бирдиктүү терезе” принциптери боюнча аларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;

г) колдоо функциялары:

  • коомдук тартипти сактоо боюнча ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт;
  • өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык органдарга көмөк көрсөтөт;
  • жарандык коргонуу боюнча зарыл чараларды уюштурууга жана көрүүгө көмөк көрсөтөт;
  • аскерге чакырылчу жаштардын альтернативалык кызмат өтөөсүндө аскер комиссариаттарына көмөк көрсөтөт;
  • тартип бузуулар боюнча административдик комиссиянын ишин уюштурууну жана техникалык жактан камсыз кылууну мыйзамда каралган тартипте жүзөгө ашырат;
  • аксакалдар сотторунун ишине, алардын отчеттук чогулуштарды жана конференцияларды өткөрүүсүнө, ошондой эле материалдарды сактоосуна уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
  • ресоциализациялоодо жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууда пробациянын кардарларына көмөк көрсөтөт, пробация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтөт (коомго пайдалуу жумуштар менен камсыз кылат);
  • мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик органдардын жана муниципалдык түзүмдөрдүн иш-чараларын (рейддерди, алгачкы текшерүүлөрдү ж.б.) өткөрүүдө ар кандай комиссиялардын ишин уюштурат жана катышат;

д) контролдоо, мониторинг жана баалоо жүргүзүү функциялары:

  • шаардык башкармалыктын ишинин жыйынтыктарына, анын ичинде калктын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө канааттануусуна мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
  • Бишкек ш. мэриясынын тийиштүү кызматтары менен бирдикте курулмаларды, сырткы жарнактарды, жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу эрежелеринин сакталышын мыйзамда аныкталган тартипте көзөмөлдөйт;
  • Бишкек ш. мэриясынын тийиштүү кызматтары менен бирдикте соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервисти уюштуруу эрежелеринин сакталышын мыйзамда аныкталган тартипте көзөмөлдөйт;
  • курулуштун жана көрктөндүрүүнүн абалына, анын ичинде муниципалдык имараттардын фасаддарынын, жолдордун, тротуарлардын, жол белгилеринин, чакан архитектуралык формадагы объекттердин жана көрктөндүрүүнүн башка элементтеринин абалына көзөмөлдү жүзөгө ашырат жана Бишкек шаарынын мэриясы аныктаган компетенциянын чегинде чараларды көрөт;
  • муниципалдык менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясы аныктаган компетенциянын чегинде шаардык башкармалыктардын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилген социалдык чөйрөнүн жана башка багыттагы объекттердин сакталышын, материалдык-техникалык абалын жана камсыздалышын көзөмөлдөйт.

 

Окшош материалы: