Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер тууралуу

2023-05-15 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын адистери жооп беришет.

СУРОО: Айыл өкмөтү жер участогунун ээсин анын жерине инфраструктура объекттерин курууга, мисалы, суу түтүктөрүн төшөөгө уруксат берүүгө мажбурлай алабы?

Ооба, мындай мүмкүнчүлүк мыйзамдарда каралган жана ал “сервитут” деп аталат. Сервитут – бул адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон укугу. Мисалы, өз мүлкүнө жетүү үчүн менчик ээси башка бирөөнүн участогунан өтүшү керек дейли. Мындай учурда участоктон өтүү үчүн сервитут белгиленип, ал чектелген түрдө болот. Сервитуттар ыктыярдуу жана мажбурланган болот. КР Жер кодексинин 53-беренесине ылайык сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарылчылыгына жараша ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлаган сервитут) белгилениши мүмкүн. Келтирилген мисалда сөз ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде пайда болгон мажбурланган сервитут жөнүндө болуп жатат. Бул ыйгарым укуктар айыл өкмөтүндө бар, себеби КР Жер кодексинин 13-беренесине ылайык жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү айыл өкмөтүнүн карамагына кирет.

Ыктыярдуу сервитут тараптардын чечими боюнча белгиленет жана келишим түрүндө таризделет. Айыл өкмөтү мажбурланган сервитутту төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн белгилей алат:

  • 1) эгерде башкача жол мүмкүн эмес болсо, өтө оор болсо же өлчөөсүз чыгымдарды талап кылса, жер участогуна мүмкүнчүлүк алууну;
  • 2) электр берүү, байланыш линияларын жүргүзүү жана эксплуатациялоо, суу менен, жылуулук менен жабдууну, мелиорацияны жана мажбурланган сервитут белгилөөсүз камсыз кылынышы мүмкүн болбогон башка муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн.

Мында сервитутту белгилөөнү, ошондой эле менчик ээсинин сервитуттан баш тартуусун караган айыл өкмөтүнүн чечимине сотко даттанууга болот.

Сервитутту белгилөө зыяндын ордун толтурууга алып келерин да белгилей кетүү маанилүү (эгерде зыян келтирилсе). Алсак, КР Жер кодексинин 57-беренесинде мажбурланган сервитутту белгилөө менен жер участогунун менчик ээсине же жерди пайдалануучуга келтирилген чыгымдар кызыкчылыгында сервитут белгиленген адам тарабынан кайтарылууга тийиш деп көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, эгерде башка бирөөнүн аймагы аркылуу өтүүнү уюштуруунун натыйжасында зыян келтирилсе, анын ордун ошол өткөөлгө муктаж болгон адам толтурат. Ал эми магистралдык суу түтүктөрүн төшөө үчүн мажбурланган сервитут берилсе, анда суу менен жабдуу кызматын көрсөтүүчү, мисалы, муниципалдык ишкана зыяндын ордун толтурат. Мында чыгашанын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган, ал эми жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу макул болбогон учурда – сот аныктайт. Ал эми мажбурланган сервитут киргизилген жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу чыгашаны өндүрүп берүүнүн ордуна кызыкчылыгында сервитут киргизилген адамдан ага жараша акы төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу.

Сервитут жер участогуна болгон укук өткөрүлүп берилген, башкага өткөн учурда сакталып калат. 

Жер участогуна сервитут белгилөө жер участогунун менчик ээсин же жерди пайдалануучуну жер участогуна болгон укугун пайдалануудан жана тескөөдөн ажыратпайт.

СУРОО: Мурда берилген участокко кошумча (этнокомплексти уюштуруу үчүн) жер участогу дагы кандай негизде берилиши мүмкүн?

Сөз болуп жаткан учурда, эгерде бул муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо белгиленсе, кошумча жер участогу түз сатуу жолу менен берилиши мүмкүн. Мындай жобону КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде ар бир ЖӨБ органы кабыл алууга тийиш. Типтүү жобого ылайык, түз сатуу жөнүндө чечимди жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия кабыл алышы керек. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн, шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы бекитет.

Комиссия жер участокту тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участокко берилип жаткан укуктун түрү (менчик, ижара), жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы (түз сатуу), жер участоктун старттык баасы (көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде).

Түз сатууну комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш күндүн ичинде өткөрөт.

Айыл өкмөтү жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага маалыматтык пакетти жиберүүгө милдеттүү.

Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү жер участоктун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат. Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия жер участоктун баасын баалоо наркынын  20 пайызынын чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.

Арыз ээси жер участокту алуудан сүйлөшүүнүн кайсы баскычында болсо да баш тартууга укуктуу.

Комиссиянын жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.

СУРОО: Кыргызстандын көптөгөн жарандары өз убагында жер тилкелерин алышкан эле. Бирок андан бери кыргызстандыктардын жаңы мууну өсүп келе жатат. Эми алар да жер үлүштөрүн ала алабы?

Бул көптөгөн жарандарды да, ЖӨБ органдарын да ойлондурган суроо. Чынында эле, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №632 “Жер жана агрардык реформаны жүргүзүү тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Бул токтомго ылайык колхоздордун, совхоздордун жана башка айыл чарба ишканаларынын учурдагы юридикалык чек араларындагы жерлер жер үлүштөрүнө төмөнкүлөргө бөлүнүп берилиши керек: а) айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндө туруктуу иштеген жана ошол чарбада жашаган, пенсияга чыккан (ошол чарбада иштеп, жашаган) адамдарга, ошол чарбаларда иштеген мезгилинде майып болуп калгандарга; б) чарбада туруктуу жашаган жана саламаттык сактоо, суу чарбасы, билим берүү, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, соода, маданият жана агрозооветхимтехсервис чөйрөсүндө иштеген, айыл чарбасын тейлеген адамдарга; в) чарбанын тышында иштеген жана туруктуу жашоого кайтып келген адамдарга (ушул чарбадан чыккандарга) эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн чечими боюнча.

Процесс 2001-жылга чейин уланып, натыйжада жер үлүштөрүн пайдалануу укугуна миллиондон ашык күбөлүк берилген. Андан кийин жерди Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан гана ижарага алуу мүмкүн болуп калган.

Жер – бул чексиз ресурс болбогонун, жердин жаңы аянттары пайда болбогонун, жерди туш келди тарата берүү мүмкүн эместигин түшүнүш керек. Жерди алгысы келген азыркы муундун өкүлдөрү өткөн кылымдын 90-жылдарында жер алган адамдардын мураскорлору экени тарыхый адилеттүүлүк. Ошондуктан, маселе ар бир үй-бүлөнүн ичинде жана анын муундарынын ортосунда каралууга тийиш.

СУРОО: Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инвестор ага жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүүнү талап кылууда. ЖӨБ органы узак мөөнөттүү ижаранын мөөнөтүн, мисалы, 30 жылга деп өзү аныктай алабы?

Ооба, эгерде сөз жер участогун чукул (убактылуу) пайдалануу жөнүндө болуп жатса, анда бул мүмкүн. Менчик ээси ижара мөөнөтүн 50 жылдын (10, 20, 30 жыл) чегинде өз алдынча аныктоого укуктуу, себеби 50 жылга чейин – бул узак мөөнөттүү пайдалануу мөөнөтүнүн жогорку чеги болуп саналат.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикте турган жер участокторун берүүнүн конкреттүү мөөнөттөрүн жана шарттарын белгилеген жергиликтүү ченемдик актыларды да кабыл алса болоорун эске алуу керек. Мөөнөттөр Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо белгилениши мүмкүн. Мындай жобону КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде ар бир ЖӨБ органы кабыл алууга тийиш.

Жер участогуна менчиктин түрү жана анын категориясы ижара мөөнөтүнө таасирин тийгизген дагы бир маанилүү жагдай болуп саналат. Алсак, айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан беш жылга ижарага берилет. Бирок, кайрак айдоо аянттарына; көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерге; үрөнчүлүк, асыл тукумдук, эксперименталдык чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү үчүн жерлерге жана айыл чарба кооперативдерине карата мөөнөт 20 жылды түзүшү мүмкүн. Мындай жерлерди пайдалануудан натыйжа алуу үчүн беш жыл жетишсиз, ошондуктан мыйзам чыгаруучу узактыгы 20 жылды түзгөн мөөнөттү белгилеген.

Ошондой эле 20 жылга чейин асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүп, жүргүзүү үчүн пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына берилиши мүмкүн. Бирок бул категориядагы жерлерге карата адегенде алардын максаттуу багытын белгиленген тартипте өзгөртүп, аларды Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү зарыл. 20 жыл өткөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү узартылса болот.