Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Авариялык абалдагы имараттарды бузуу тууралуу

2023-05-15 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын адистери жооп беришет.

СУРОО: Калктуу конуштардын аймагында жайгашкан эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу боюнча иш-аракеттердин тартиби кандай?

Авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте ишке ашырылат. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009- жылдын 13-августундагы №518 токтому  менен бекитилген. Бул жободо мындай деп белгиленген: имаратты же курулманы бузуу жөнүндө демилге менчик ээсинен, пайдалануучудан, ошондой эле уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияга түшкөн өтүнүчү боюнча чыгышы мүмкүн. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрү, имаратты, курулманы же жайды авариялык же жашоого жараксыз абалга алып келген фактыларды аныктоонун башка жолдору имаратты бузууга себеп болуп берет.

Имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү изилдөөнү жана аларды эски, авариялык абалдагы, пайдаланууга жана жашоого жараксыз категорияга киргизүүнү комиссия жүзөгө ашырат. Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда комиссия мэрдин чечими менен түзүлөт. Айылдык округдарда жана шаар тибиндеги поселоктордо комиссия тийиштүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен түзүлөт. Комиссияны аны түзгөн органдын жетекчиси же анын орун басары жетектейт.

Эгер мамлекеттин менчигинде турган имаратты жана курулманы изилдөө зарыл болсо, анда комиссия менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен түзүлөт.

Комиссиянын курамына жергиликтүү кеңештердин депутаттары, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугу, өнөр жай, экологиялык жана башка коопсуздук чөйрөлөрүндө мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүгө, шаардык, айылдык калктуу конуштарда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин инвентаризациялоого жана каттоого укуктуу органдардын өкүлдөрү, архитектура жана шаар куруу органдарынын, имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөөнү жүргүзүүгө тийиштүү деңгээлде сертификаты бар адистер кирет. Комиссиянын курамына имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөө жүргүзүүгө тиешелүү деңгээлдеги сертификаты бар адистердин киргени маанилүү.

Комиссиянын иштөө тартиби, имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак жайларды эски, авариялык абалдагы, пайдаланууга жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү Жобонун 3-бөлүмүндө баяндалган.

Бузуу жөнүндө маселени чечүүдө менчик ээсине бузулчу кыймылсыз мүлк үчүн төмөнкүдөй түрдө компенсация төлөнөт: муниципалдык фонддон же экинчи рыноктон сатып алынган ошондой баадагы имаратты, курулманы, жайды берүү; акча түрүндө; башка жер участогуна менчик же пайдалануу укугун берүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген компенсациянын башка түрлөрү формасында.

Кыймылсыз мүлктү бузуу ыйгарым укуктуу орган менен кыймылсыз мүлктүн ээсинин ортосундагы келишимге ылайык (бузуу ыктыярдуу болгондо) компенсациядан кийин же соттун чечиминин негизинде (бузуу мажбурлоо тартибинде болгондо) ишке ашырылат.

Имарат, курулма, турак жай эски, авариялык абалда, жашоого жараксыз деп табылышы жана бузуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы менчик ээлерин жана пайдалануучуларды сот чечим чыгарганга чейин же келишим түзүлгөнгө чейин мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык пайдалануу укугунан ажыратпайт.

Окшош материалы: