Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Географиялык аталыштар тууралуу

2023-05-15 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын адистери жооп беришет.

СУРОО: Автожол көпүрөсүнүн эки башка аталышын сунуштаган эки айыл тургунунун ортосундагы талашты ким чече алат? Подрядчы же жол-эксплуатациялык уюм процесске кийлигише алабы же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн негизинде көпүрөгө географиялык атты ыйгаруу жөнүндө ЖӨБ органынын чечимин жокко чыгара алабы?

1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнүндө” КР Мыйзамынын (2002-жылдын 25-июлундагы №130, 2008-жылдын 21-июлундагы №159, 2014-жылдын 18-июлундагы №144, 2022-жылдын 20-январындагы №9, 2023-жылдын 6-апрелиндеги №79 КР мыйзамдарынын редакцияларында) 1-беренесине ылайык, көпүрөгө географиялык аталышты, анын ичинде даңкы чыккан адамдын атын ыйгарууга болот.

Бирок чечим көпүрөнүн статусунан көз каранды болот. Көпүрө көчөнүн уландысы болуп, калктуу конуштун чегинде орун алса, же көпүрө шаарлардын ортосундагы жолдун бир бөлүгү болсо, тартип ар кандай болот.

Маселе ЖӨБ органынан келип түшкөндүктөн, көпүрө калктуу конуштун чегинде жайгашкан жана анын көчөсүнүн бир бөлүгү болгон учурду карап көрөлү. Мындай учурда жергиликтүү кеңеш чечимди жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен кабыл алат. Алсак, Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомунун редакциясына ылайык) 10-пунктуна ылайык проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парктарды, бульварларды, көчөлөрдү жана аллеяларды атоо жана өзгөртүп атоо жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо тиешелүү атоолордун жана өзгөртүп атоолордун максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү эске алынат. 10-пунктта көпүрөлөр түздөн-түз айтылбайт, бирок эгер алар көчөнүн бир бөлүгү болсо, анда аларды атоо тартиби окшош болот. 

Суроонун мазмунуна караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамааттын пикирин эске алып, өз ыйгарым укуктарына ылайык чечим чыгарышкан. Бирок мындай чечимге макул болбогон адамдар аны белгиленген тартипте сотто талаша алышат. Бирок, макул эмес тараптар же соттун чечими жок түздөн-түз кийлигишүүгө же мындай чечимди жокко чыгарууга укугу жок.

Окшош материалы: