Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Балдар көчөдөн мектепке!
Каракол шаарынын йигилик баяны, Ысык-Көл облусу
Көйгөйдү сүрөттөө
Өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалга байланыштуу көптөгөн үй-бүлөлөр жакырчылыктын сазына батты. Ата-энелер өз балдарын кароого алы келбей, бул болсо сабатсыз жана кароосуз калган балдардын көбөйүшүнө алып келди. Көчө балдары жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдар келечектеги жашоого даяр эмес. Мындай жаштар коомдук турмуштун обочосунда калып, тобокелчил топко кирди. Бул балдар өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албайт, окуганга шарттары жок жана муну менен коом жээригендердин катарын толукташууда. Баштапкы билим берүү, тарбия жана чыгармачыл, интеллектуал дараметин өнүктүрүү үчүн шарт түзгөндө бул алардын жашоодо өз ордун табышына жардам берет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кызыл жарым айдын Теңдөөчү мектеби түзүлгөн. Анын негизги максаты – балдарды жалпы билим берүүчү мектепке киргизүү менен (шаардык билим берүү инспекторлору алдын ала тестирлөө өткөргөндөн кийин) кадимки чөйрөгө көндүрүү жана балдарды мамлекеттик структураларга өткөрүү.
Эмне жасалды?
Мектеп 2001-жылы Билим берүү министрлигинен тиешелүү лицензия алгандан кийин 20 көчө баласы үчүн ачылган. Мектептин ачылышы үчүн 2 окуу классы, компьютердик класс, китепкана үчүн бөлмө, коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жыйындар залы жана ашкана оңдолгон. Бардык бөлмөлөр жана ашкана зарыл нерселер менен жабдылган. Ушул тапта эки мугалим, психолог, ашпозчу, кароолчу, тазалоочу жана медайым айлык алып иштейт.
Бирок жыл сайын кароосуз калган балдардын саны өсүүдө. Андыктан Караколдун көчөлөрүндө кайыр сураган, уурулук жасап, милицияга түшкөн, ошондой эле улуулардын көзөмөлүсүз жана багуусуз калган балдар кошумча чогултулду. Мектепте балдарды түшкү тамактанууга тыныгуу жасап эле бир күн бою башталгыч класстын программасы боюнча үйрөтүшөт. Бул демилгени Кызыл жарым айдын Ысык-Көл аймактык өкүлчүлүгү, Кызыл жарым ай Улуттук коому көтөрүп чыккан. Идеяны ишке ашырууга Каракол шаарынын мэриясы, Түрк Кызыл жарым ай уюму, нидерландиялык Кызыл крест жана Skymobile уюлдук компания көмөктөштү.
Окутуу КР Билим берүү министрлигинин облустук бөлүмү менен бекитилген жалпы билим берүү программасынын талаптарына жооп берет. Окуучуларга окуу процесси үчүн мектеп буюмдары, канцелярдык товарлар жана окуу китептери берилген. 69 бала окутулду, алардын ичинен 49у орто жалпы билим берүү мектептерине аныкталды. Кароосуз жана аз камсыздалган балдардан тышкары Теңдөөчү мектепке “Ак-Тилек” базарында иштеген балдар да барат – 32 өспүрүм негизги кызматтардан колдонуп (ысык тамак-аш, жуунучу жана медициналык кызматтар, зарыл болгон кийимдер менен камсыздалат), кечки мектепке барышат. Окуу программасынан тышкары мугалимдер кол өнөрчүлүгү боюнча ийримдер менен алектенишет: кийизден жана оюм менен элдик чыгармачыл буюмдарды жасоо ийрим, футбол, шахмат боюнча секциялар уюштурулду, музыка, бий жана көркөм окуу боюнча сабактар өткөрүлөт.
Негизги мектеп программасынан тышкары мектеп мугалимдери окуучулар менен биргеликте майрамдык иш-чараларды даярдашат, ыр жатташат жана бий үйрөнүшөт. Ошондой эле айрым балдар логопеддин сабактарына катышып, психолог менен коррекциялык педагогика боюнча окуудан өтөт.
2012-2013-окуу жылында 32 бала билим алууда. Дем алыш күндөрүнөн тышкары күн сайын окуучулар КЖАУК Ысык-Көл аймактык өкүлчүлүгүндөгү ашканада ысык тамак ичип турушат. 2-3 жумада бир жолу мончого түшүшөт (акыга, анткени өз мончосунда ремонт жасаш керек), ар бир 3 ай сайын МСБ дарыгерлеринен профилактикалык кароодон өтүп турушат, жаш курагы боюнча ийне алып, медайым күн сайын жеке гигиенасын көзөмөлдөп турат. Соматикалык оорулар болгон учурда бейтапканага жаткырылат же медициналык-социалдык бөлүмдөрдө амбулатордук дарылануу алышат. Жыл сайын май айында балдарды жалпы билим берүүчү мектепке өткөрүү үчүн тестирлөө жүргүзүлөт. Балдардын кыш мезгилинде мектепке баруусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кышкы кийим жана бут кийим берилет.
Мектептин бюджети ачык-айкын. Теңдөөчү мектептин ишин бир нече жолу жергиликтүү ММК чагылдырган, мындан улам коом кароосуз калган балдар көйгөйүнө көңүл бурган. Шаардын бир топ тургундары ошол балдарга каржылык, гуманитардык жардам көрсөтүшөт. Мисалы, Карасаев ат. түрк лицейинин педагогикалык жамааты Орозо майрамында балдарга эт алып келип берди. Көптөр кийим алып келишет. №1 мектептин балдары аларга түрдүү ишчараларды даярдашат, айрым ыктыярчылар педагогдорго бекер жардам берип турушат. Жергиликтүү жамаат көчө балдары окуусун уланата алышы үчүн кошумча каржылоо издөөгө жардам берип келет.
Окшош материалы:
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Нарындыктар достук зонасын жашылдандырышты: Нарын шаардык мэриясынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Сизге сунуш менен келген уюмдардын алдында эшигиңизди жаппаңыз: Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бишкекте “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА Талас жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнөбүз: Баткендеги муниципалитеттер Жалал-Абаддагы айыл өкмөттөрдүн мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүүдө