Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
БАЖБА жана Шопоков шаары билимди жакшыртуу боюнча өнөктөш болуп калышты
2023-жылдын 10-майында Шопоков шаардык мэриясында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) менен Шопоков шаардык мэриясынын жолугушуусу өттү. Шопоков шаардык мэриясынан калаа башчысы Адылбек БЕКБОЛОТОВ, вице-мэр Чынара ТОКТОГУЛОВА, мэриянын аппарат жетекчиси Жыпара ТОКТАЛИЕВА катышты. БАЖБАнын атынан Академиянын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА жана мекеменин окуу процесси боюнча менеджери Жылдыз КЕРИМОВА катышты.
Бул жолугушууда БАЖБА менен Шопоков шаардык мэриясынын ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. 3 жыл күчүндө боло турган Меморандум мындан ары БАЖБА менен муниципалитеттин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жана кызматташтыкты орнотууга мүмкүндүк берет. Алар Шопоков шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын окутуу жаатында кызматташмакчы.
БАЖБА жана Шопоков шаардык мэриясы шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө макулдашышты. Адылбек БЕКБОЛОТОВ, Шопоков шаарынын мэри: “Биз БАЖБА менен кызматташа баштаганыбызга абдан кубанычтабыз, себеби биз жаңы ишке киришкен кызматкерлер-дин, ошондой эле көптөн бери иштеп келе жаткан кызматкерлердин, ошондой эле биздин шаардык кеңештин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн көптөн бери издеп келгенбиз. Мен өзүм да окугум келет, себеби улам өзгөрүп жаткан мыйзамдарга көз салып турганга үлгүрбөй калуудабыз, ошондой эле тереңирээк казгыбыз келген чөйрөлөр абдан көп”.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















