Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматтагы класстык чендер тууралуу

2023-06-22 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын адистери жооп беришет.

Кандай учурларда муниципалдык кызматчы ага ыйгарылган класстык ченден ажыратылышы мүмкүн?

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.

Айыл өкмөтүнүн башчысына кандай класстык чен ыйгарылат жана аны ким ыйгарат?

Шаардын мэри сыяктуу эле айыл өкмөт башчысынын кызмат орду саясий муниципалдык кызмат болуп саналат. Саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги ыйгарат. Мамлекеттик агенттик класстык ченди Президенттин 2020-жылдын 8-майындагы №83 “Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, атайын кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди сактоонун, ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жарлыгына (кызматтык пайдалануу үчүн гана жеткиликтүү) ылайык ыйгарат.

Административдик кызмат орундарына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо колдонулат (КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ №101, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ №65 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык).

ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛ

Муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору класстык чени бар С. аттуу жаран 2021-жылдын 25-августунда айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган.

Класстык ченди жогорулатуу бир жылдан кийин – 2022-жылдын 25-августунда мүмкүн болду. Башчынын кызмат орду саясий кызмат болуп санала тургандыгын эске алсак, С. аттуу жаранга класстык ченди КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (МКЖӨБМА) ыйгарат. С. аттуу жаранга класстык ченди ыйгаруу үчүн төмөнкү документтер чогултулушу керек:

  • кадрларды каттоо боюнча жекече баракча;
  • өмүр баяны;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
  • дипломдордун көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
  • 4х6 форматындагы сүрөт (2 даана);
  • буга чейин ыйгарылган класстык чен жөнүндө документ (буйруктан көчүрмө).

Класстык ченди ыйгаруу үчүн ЖӨБ органы бардык документтерди МКЖӨБМАга жиберет. Мындай учурда С. аттуу жаранга “муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси” класстык чени ыйгарылышы керек (айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду үчүн биринчи класстык чен). Эгерде С. аттуу жаран ушул кызматта ишин уланта берсе, кийинки класстык ченди ыйгаруу үч жылдан кийин мүмкүн болот.

Старостага (айыл башчысына) жана лейтенант аскер наамы бар мурдагы аскер кызматкерине кандай класстык чен ыйгарылат?

Сөз болуп жаткан учурда старостага муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору наамы ыйгарылышы керек.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчы-ларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат-чыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө Жобонун 35-пунктунун 4-абзацына ылайык, аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ушул Тартиптин 12-13-пункттарында каралган жоболорду сактабастан ыйгарылат.

1999-жылдын 6-апрелиндеги №35 “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Мыйзамга ылайык кызматчынын лейтенант аскердик наамы муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору класстык ченине теңештирилүүгө тийиш.

Жергиликтүү кеңештин каалаган төрагасы класстык ченди алууга укуктуубу же эмгек акысын алгандар гана алышабы?

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат орду саясий муниципалдык кызмат орундарына кирет (2004-жылдын 21-августундагы №165 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (2014-жылдын 18-июлундагы №144 редакцияга ылайык). 1999-жылдын 6-апрелиндеги №35 “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (2023-жылдын 3-апрелиндеги №78) саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:

  • муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
  • муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси; 
  • муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси; 
  • муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси; 
  • муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси; 
  • муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.

Ошол эле маалда мыйзам класстык чен ыйгаруунун милдеттүү шарты катары эмгек акы алуу шартын белгилебейт. Башкача айтканда, класстык чен кеңештин төрагасына эмгек акы алып-албагандыгына карабастан ыйгарылышы мүмкүн.

Бирок мыйзам класстык ченди жергиликтүү кеңештин юрисдикциясынын аймагындагы калктын санына жараша тандоо зарылдыгын белгилейт. Алсак, жогорку класстык чендер (муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейин) калкынын саны 20001 адамдан жогору болгон жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга, ошондой эле республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасына жана төраганын орун басарына ыйгарылат.

Муниципалдык кызматчы бир канча убакыт өткөндөн кийин муниципалдык кызматка кайрадан кайтып келсе, ага буга чейин ыйгарылган класстык чени сакталып калабы?

Ооба, сакталат. Кызматчылар аларга ыйгарылган класстык чендерде өмүр бою турушат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча гана класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.

Ыйгарылган класстык чен мамлекеттик кызматчыда ал ээлеген мамлекеттик жарандык кызматтын, муниципалдык кызматтын административдик кызмат ордунан бошотулганда жана мамлекеттик жарандык кызматтан, муниципалдык кызматтан кеткенде (анын ичинде пенсияга чыккандыгына байланыштуу) “отставкага кетти” деген көрсөтмө менен, ошондой эле кайрадан мамлекеттик жарандык кызматка, муниципалдык кызматка кирген учурда сакталып калат.

ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛ

А. аттуу жаран мамлекеттик кызматта он жыл иштеген, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору класстык ченине ээ. Беш жылдын ичинде А. аттуу жаран башка өлкөгө иштеп келүү үчүн барып-келип турганда эмгек ишмердүүлүгүндө тыныгуу алган, бирок ал жарандыгын алмаштырган эмес.

Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин А. конкурстан өтүп, кадрлар резервине киргизилген жана бир канча убакыт өткөндөн кийин айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис кызматына дайындалган. Эмгек акыны эсептөөдө туура чечим кабыл алынган: А. аттуу жаран мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык ченине ээ экендиги эске алынып, аны муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспекторунун ченине теңеп, ошондой эле иштеген жылдарын эске алуу керек деген чечим кабыл алынган.

Финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчисине биринчи жолу кандай класстык чен ыйгарылат?

Кызмат орундарынын улук тобуна кирген финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчисинин кызматын ээлеген муниципалдык кызматчыга муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору класстык чен ыйгарылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө Жобого ылайык биринчи класстык чендер (муниципалдык кызматчы ээлеген административдик муниципалдык кызмат орундары тиешелүү болгон административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна жараша) төмөнкүлөр саналат:

1) кенже топтогу кызмат орундары үчүн – муниципалдык кызматтын кенже инспектору;

2) улук топтогу кызмат орундары үчүн – муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;

3) башкы топтогу кызмат орундары үчүн – муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

 

Окшош материалы: