Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчыларды сыйлоо тууралуу

2023-06-22 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын адистери жооп беришет.

“КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” наамын ыйгаруу үчүн кандай документтерди, кайда жибериш керек?

2021-жылдын 7-декабрындагы №15 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыктары жөнүндө” Жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланат: жергиликтүү жамаат менен бери дегенде 10 жылдан бери иштеп келаткан, сыйлыктарга көрсөтүү учурунда тартиптик жазасы жок Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, юридикалык жактар, анын ичинде чет мамлекеттердин жарандары сыйланышат. Муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды Агенттиктин сыйлыктарына көрсөтүүгө талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жамааттык чогулушунда тандалат.

Муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунушту Агенттиктин директоруна төмөнкүлөр киргизет:

  • агенттиктин директорунун орун басары;
  • облустук маанидеги тиешелүү шаарлардын мэрлерине – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
  • тиешелүү шаарлардын мэрлерине, тиешелүү айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин төрагаларына – жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары; 
  • республикалык маанидеги шаардын мэрине – республикалык маанидеги шаардын кеңешинин төрагасы;
  • республикалык маанидеги шаардын кеңешинин төрагасына – республикалык маанидеги шаардын мэри;
  • тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын муниципалдык кызматчыларына – жергиликтүү кеңештердин төрагалары;
  • тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларына – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары.

Муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунушта муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдын сиңирген эмгеги толук негизделип берилет, бул сунуш органдын расмий бланкына карабастан гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Наамга көрсөтүлгөн сунушка төмөнкүлөр тиркелет: а) сыйлык баракчасы; б) талапкер тууралуу маалымат (толук өмүр баяны); в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрларды башкаруу кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; г) паспорттун көчүрмөсү.

“Ардактуу тургун” наамын ыйгаруунун тартиби кандай? Бул наамга ээ болгон адам кандай артыкчылыктарга ээ болот жана бул артыкчылыктарды ким белгилейт?

Наамдарды жана жеңилдиктерди жергиликтүү кеңештер белгилешет. Наам ыйгарууга шаардын же айылдык аймактын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салым, жигердүү коомдук жана меценаттык иш негиз боло алат. Жергиликтүү кеңеш “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамдарына ылайык “Шаардын ардактуу жараны жөнүндө” же “Айылдын ардактуу тургуну жөнүндө” жобону иштеп чыкса болот. Жободо жеңилдиктер белгиленип, алардын мүнөзү ЖӨБ органынын ыйгарым укуктарына байланыштуу болууга тийиш, мисалы, муниципалдык транспортто акысыз жүрүүгө болот, ал эми коммерциялык транспортто бул мүмкүн эмес. Жеңилдиктердин көлөмү жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жана депутаттардын позициясына жараша болот. Бул документтин негизинде жергиликтүү кеңештин депутаттары жогоруда саналган эмгеги үчүн шаардын, поселоктун, айыл өкмөтүнүн же айылдын “Ардактуу тургуну наамын ыйгаруу жөнүндө” токтом чыгара алышат.

Пенсияга чыгып жаткан муниципалдык кызматчыга жергиликтүү бюджеттин эсебинен баалуу белек тартуулоого болобу?

Ооба, болот. Эгерде кызматкер бир жамаатта көп жыл иштесе жана кесиптештеринин арасында сый-урматка ээ болсо, анда ЖӨБ органынын жетекчиси жана жамааты “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине ылайык пенсияга чыгып жаткан кызматчыга эстелик белек тартуулай алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын профсоюзу өз тарабынан жамааттын макулдугу менен ден соолукту чыңдоого жолдомо бере алат.

Окшош материалы: