Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматтагы жаза чаралары тууралуу

2023-06-22 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын адистери жооп беришет.

Эгерде сыйлоого бир ай калганда кызматчы жосунсуз жорук жасаса жана тиешелүү буйрук менен таризделген жаза (эскертүү) алса, айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык кызматчыны сыйлыктан ажырата алабы?

Ооба, муну жасай алат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 145-беренесине ылайык иш берүүчү ийгиликтүү иши үчүн уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде каралган сыйлоо чараларын колдонот (алкыш жарыялайт, сыйлык берет, баалуу белектер, ардак грамотасы менен сыйлайт, кесип боюнча эң жакшы деген наамга көрсөтөт).

Буга тийиштүү сыйлоо эрежелери, ошондой эле сыйлыктан ажыратуунун негиздери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички ченемдик актыларында камтылууга тийиш (мисалы, Ички тартип эрежелеринде, Сыйлоо жөнүндө жободо ж.б.). Сыйлыктан ажыратуу үчүн негиздер эмгек келишиминде, жамааттык келишимде ж.б. камтылышы мүмкүн.

Иш жүзүндө адатта ички ченемдик укуктук актыларда сыйлыктан ажыратуу үчүн негиз катары төмөнкүдөй себептер көрсөтүлөт:

  • сыйлоо мезгилинде кызматкерде тартиптик жаза мөөнөтүнүн болушу;
  • сыйлоо мезгилинде тартиптик жосундун болушу (бул жосун тартиптик жазага кириптер кылып-кылбаганына карабастан);
  • сыйлоо мезгилинде жумуштан бошотуу;
  • сыйлоо мезгилинде толук иштеген эмес.

Тартиптик жосун же тартиптик жаза сыйлоо мезгилинде жасалганына көңүл бурулушу керек.

Жогоруда аталган документтер жок болгон учурда сыйлыктан ажыратуу сыйлоо мезгилинде тартиптик жазасы бар кызматкерлерди сыйлыктан ажыратуу жөнүндө тиешелүү буйрук чыгаруу менен жетекчинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Бул буйрукту кызматкерге кол койдуруп, тааныштыруу зарыл. Же болбосо конкреттүү кызматкерди сыйлыктан ажыратуу жөнүндө буйрук чыгарса болот (жеке буйрук).

Буйрукта төмөнкү маалыматты көрсөтүү сунушталат:

  • сыйлыктан ажыраган кызматкердин маалыматтары (аты-жөнү, кызматы, түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (бар болсо));
  • сыйлык төлөнбөй турган мезгил;
  • сыйлыктан ажыратуу үчүн негиз.

Буйрукка тиркемелер катары кызматкерди сыйлыктан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон документтерди, мисалы, кызматкердин тартиптик жосун жасагандыгын ырастаган документтерди көрсөтүү керек.

Ооруп калгандан кийин 15 күн ишке чыкпаган жана ооруканадан маалымат баракчасын да, бейтапканадан маалымкат да алып келбеген муниципалдык кызматчыга кандай тартиптик жаза чараларын колдонсо болот?

Эгерде кызматкер анын оорусун тастыктаган документтерди (оорулуунун баракчасын, дарылоо мекемесинен маалымкатты) көрсөтпөсө, анда администрация кызматкерди иштен бошотууга укуктуу. Ошону менен бирге этика боюнча комиссия актыны карап, кырдаалдын себептери жана жагдайлары менен таанышып чыгууга тийиш, ал эми жетекчи комиссиянын чечиминин негизинде чечим кабыл алышы керек.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык кызматчы тартиптик жосунду жасагандыгы үчүн тартиптик, материалдык, жазык жана башка жоопкерчиликтерди тартат. Тартиптик жоопкерчилик деп күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартиптик жорук жасаганы) үчүн кызматчыга карата тартиптик таасир этүү (жаза) чараларын колдонуу түшүнүлөт.

Тартиптик жазалардын түрлөрү:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызмат ордунан төмөндөтүү;

5) ээлеген кызмат ордунан бошотуу.

Тартиптик жаза кызматчыга жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жорук жасалган жагдайларды эске алуу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан салынат. 

Жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат.

ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛ

Жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Б. аттуу жаранга эмгек тартибин бузгандыгы үчүн эскертүү түрүндө тартиптик жаза берилген. Адис Б. тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук менен таанышып чыккандан кийин ага макул эместигин билдирип, айыл өкмөтүнүн башчысынын атына тартиптик жаза берүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен арыз жазган.

Жетектөөчү адис Б.га “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечимге кызматчы сотко даттана алары түшүндүрүлдү.

Тартиптик жаза алган кызматкерди кызмат ордунан төмөндөтүүгө болобу?

Жок, себеби “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык кызмат ордунан төмөндөтүү тартиптик жазанын бир түрү болуп саналат. Ошол эле учурда бир тартиптик жосун үчүн бир гана тартиптик жаза колдонууга болот.

ПРАКТИКАЛЫК МИСАЛ

Комиссия шаардык мэриянын башкы адиси Э.ге карата кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча милдеттерин ак ниетсиз аткаргандыгы үчүн Э.ны кызматынан төмөндөтүү сунушталган. Төмөн турган бош кызмат орундарынын жоктугуна байланыштуу Э. бош кызмат орду түзүлгөндөн кийин 3 ай өткөндөн кийин гана кызматынан төмөндөтүлгөн. Чечимге макул болбой Э. мэрдин атына арыз жазып, аны мурда ээлеген кызматына калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган, себеби тартиптик жаза чарасы жосун аныкталгандан кийин бир айдын ичинде колдонулат, ал эми жосун аныкталгандан бери үч ай өттү. Адистин өтүнүчү канааттандырылган эмес, себеби тартиптик жаза чарасы мыйзамда белгиленген мөөнөттө колдонулган.