Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын муниципалдык ишканаларында сатып алуулардын жаңы Эрежелери: ачык-айкындуулукту камсыз кылууда кызмат көрсөтүүчүлөргө жардам

2023-11-07 / ЖӨБ кызматтары

Гүлнара САЯКБАЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун эксперти Нуржан КОЖОШЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун билим жана окутуу боюнча фасилитатору

2022-жылдын 14-апрелинде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын жаңы редакциясын киргизген маанилүү мыйзам чыгаруучулук өзгөртүү кабыл алынды. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн усулдарына жана жол-жоболоруна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди, атап айтканда, муниципалдык ишканалар Мыйзам жайылтылган чөйрөгө кирбей калды. Андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун Типтүү тартиби бекитилди.

Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын сатып алууларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун Типтүү тартиби муниципалдык ишканалардын сатып алуулар процессине тиешелүү ички документтери менен байланышкан шилтеме ченемдерин өзүнө камтыйт. Бул документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү ишканалардын жетекчилери бекитиши керек. Дал ушул муниципалдык ишканалар калкка жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Муниципалдык ишканалардын сатып алууларын пландоо жана жүзөгө ашыруу барган сайын маанилүү болуп жатат, себеби бул процесстер ишкананын жыйынтыктарына жана туруктуулугуна тикелей таасирин тийгизет. Сатып алууларды жүргүзүү процессиндеги эреже бузуулар, белгиленген эрежелерди сактабоо терс кесепеттерге жана айрым учурларда кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышына да алып келиши мүмкүн.

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүнүн туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана туруктуулугун камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Бул өзгөчө ар кандай кызматтарды көрсөткөн муниципалдык ишканалардын контекстинен алып караганда маанилүү болуп турат, анын ичинде суу менен камсыздоо, көчөлөрдү тазалоо, таштандыларды башкаруу жана башкалар бар.

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринин туруктуулугу эмне үчүн бардык кызыкдар тараптар үчүн чоң мааниге ээ экенин түшүндүргөн бир нече факторлор бар.

  • тейлөөнүн ишенимдүүлүгү: туруктуу провайдер, адатта, үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча жакшы мүмкүнчүлүккө ээ. Бул, мисалы, суу менен камсыздоодо маанилүү, мында кыска тыныгуулар да калкка көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
  • кызмат көрсөтүүнүн сапаты: туруктуу провайдердин системаларды жана инфраструктураны жаңылоого жана модернизациялоого инвестиция салуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Бул көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга, ошондой эле экологиялык жактан таза жана натыйжалуу технологияларды киргизүүгө шарт түзөт;
  • өнүгүүгө инвестициялар: провайдердин туруктуулугу узак мөөнөттүү өнүгүүгө инвестицияларга каражат бөлүүгө мүмкүндүк берет, бул инфраструктураны бекемдөөгө жардам берип, келечекте кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылат;
  • калктын канааттануусу: калк жергиликтүү провайдерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн алардын ишенимдүүлүгү жана сапатынын деңгээли боюнча баалайт. Туруктуу провайдер калктын канааттануусун жогорулатууга көмөктөшөт жана мунун натыйжасында жамаатты өнүктүрүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзөт, калктын кызмат көрсөтүүчүнүн өзүнө гана эмес, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана жалпысынан эле бийлик институттарына болгон ишеним деңгээлин жогорулатат.

     Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн туруктуулугун бекемдөө максатында ачык-айкын жана натыйжалуу сатып алуулар зарыл, аларды камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканалардын сатып алууларды уюштуруу Эрежелери иштелип чыккан. Эрежелер тартипти жана жол-жоболорду аныктаган нускамалардын жыйындысы түрүндө даярдалган, аларды муниципалдык ишканалар товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда же жумуштарды аткарууда жетекчиликке алышы керек. Бул эрежелер пландоодон баштап келишимдерди түзүүгө чейинки сатып алуулардын жалпы процессин жөнгө салат. Алар өзүнө конкурстук тооруктарды өткөрүүнүн талаптарын, сунуштарды баалоо жол-жобосун, документтерди тариздөөнү жана муниципалдык ишканалардын сатып алууларынын натыйжалуулугун, адилеттүүлүгүн жана ачыктыгын кепилдеген башка өңүттөрүн камтыйт. Бул эрежелер сатып алуулар жаатында мыйзамдарды жана мыкты тажрыйбаларды сактоого шарт түзүп, ошондой эле ресурстардын жана акча каражаттарынын жоопкерчиликтүү пайдаланылышына кепилдик берет. Эрежелер сатып алуулардын жыйынтыктарын тариздөө үчүн үлгүлөрдү жана формаларды, Сатып алуу планынын үлгүсүн, Сатып алуу протоколун, конкурстук сунуштарды ачуу Протоколун жана башка маанилүү өңүттөрдү камтый тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Мындан тышкары, Эрежелер конкурстук документтерди уюштуруу боюнча документтердин туура таризделишин камсыз кылат, анын ичинде коопсуздукка, ишенимдүүлүккө жана эксплуатациялык комплекттүүлүгүнө коюлган талаптарды белгилейт. Алар ошондой эле ишкананын бекитилген жана такталган сатып алуу планын түзүү мөөнөтүн узартышат.

Бул Эрежелерди кабыл алуу жана киргизүү КРнын Салык кодексинин талаптарына да шайкеш келерин баса белгилей кетиш керек. Бул талаптар сатып алуу актысын жокко чыгарууга, накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонууга жана электрондук эсеп-фактураларды берүүгө тиешелүү. Жаңы Эрежелер сатып алууларды өткөрүү системасын оптималдаштырууга жана бул чөйрөдө натыйжалуу жана ачык-айкын иштөөнү камсыз кылууга багытталган.

Ошентип, муниципалдык ишканалардын сатып алууларды уюштуруу Эрежелерин киргизүү муниципалдык ишканаларга сатып алууларды жүргүзүүдө натыйжалуулук жана ачык-айкындуулук үчүн жаңы горизонтторду ачууда, муну менен калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылып жатат.

Муниципалдык ишканалардын сатып алууларын уюштуруу Эрежелери Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун ЖДКЖ Долбоору менен кызматташтыгынын алкагында иштелип чыккан. Бул Эрежелер КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине кароо үчүн жана зарыл болгон учурда биргелешип талкуулоо үчүн жиберилген. Мамагенттик аларды жактырган учурда, алар Типтүү эрежелер катары бекитилип, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таратылып берилет. Ошондо муниципалдык ишканаларда сатып алуулар жаатында бирдиктүү стандарттар жана жол-жоболор болот.

Окшош материалы: