Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Туруктуу кызмат көрсөтүүнү алгың келеби? Анда убагында төлө!

2023-11-07 / ЖӨБ кызматтары

Нуржан КОЖОШЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун билим жана окутуу боюнча фасилитатору

Суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, аларды ташып чыгаруу жана жок кылуу, көчөлөрдү тазалоо, сейил бактарды жана жолдорду тейлөө сыяктуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр адамдардын күнүмдүк жашоосуна шарт түзөт. Алардын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздап, туруктуу түрдө жаңылап туруш үчүн ишенимдүү финансылык ресурстар керек. Кызмат көрсөтүү үчүн акы алардын финансылык туруктуулугунун өзөгү болуп саналат, жергиликтүү бийлик органдарынын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишке жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат. Бул макалада кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча калктын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуучу аспаптардын бирин – маалыматтык өнөктүктөрдү карап чыгалы. Маалыматтык өнөктүктөр ар кандай максаттарда жана жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө жүргүзүлүп келет. Алар маалыматты жайылтуу, коомдук пикирди өзгөртүү жана адамдардын жүрүм-турумуна таасир этүү үчүн маанилүү механизм катары кызмат кылышат.

Көптөгөн муниципалитеттерде кызмат көрсөтүү үчүн тариф боюнча төлөмдөр аз чогултулуп калган көйгөй келип чыгууда. Бул муниципалдык инфраструктураны, анын ичинде жолдорду, суу менен камсыздоону жана башка турмуш-тиричиликке тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү тейлөө үчүн каражаттын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЖДКЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитеттеринин калкынын арасында маалыматтык өнөктүк өткөрүлгөн.

Маалыматтык өнөктүктөр жарандардын ой- пикирин жана жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн күчтүү аспап болуп саналат. Алар төмөндө тизмеленген бир нече негизги максаттарды көздөйт.

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдар, алардын максаты жана курамы (эмнелер үчүн төлөп жатасыз – адамдын эмгеги, материалдар, энергия ж.б.) жөнүндө маалыматты жайылтуу менен маалымдуулукту жогорулатуу. Жарандар кайсы кызмат көрсөтүүлөр ушул жыйымдар аркылуу каржыланарын жана бул кызмат көрсөтүү алардын жашоосуна кандай таасир этерин түшүнүшү керек.

Пикирлерди жана мамилени өзгөртүү. Маалыматтык өнөктүктөр коомчулуктун пикирин, жарандардын жыйымдарды өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгүн кабылдоосун өзгөртө алат. Өнөктүктөр терс стереотиптер менен күрөшүүгө жардам берет жана кызмат көрсөтүү үчүн өз убагында, калтырбай төлөөгө карата оң маанайды калыптандырат.

Жүрүм-турумга таасир этүү. Айрым маалымат- тык өнөктүктөр жарандардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө, жыйымдарды өз убагында төлөөгө түрткү берет. Бул жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу каржылоону камсыз кылуу үчүн маанилүү.

Масштабдуу маалыматтык өнөктүк 2023- жылы 15 муниципалитетте – ЖДКЖ Долбоорунун өнөктөштөрүндө өткөрүлдү. Өнөктүккө дем берүү үчүн Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактарындагы айылдарда жана кварталдар арасында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Масы, Достук, Бүргөндү, Кеңеш, Жерге-Тал, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө, Чолпон-Ата айылдык аймактарында жана Токтогул шаарында калк үчүн конкурс жарыяланган. Жарандардын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн максаты, көлөмү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө коомдук пикирге таасир этүү өнөктүктүн башкы максаты болду.

Конкурстун маңызы: айыл өкмөтү түзгөн конкурстук комиссия жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер боюнча төлөмдөрдү өзгөчө жигердүү төлөгөн айылды же кварталды аныктады. Конкурсту жарыялаардын алдында пилоттук айыл өкмөтү тарифтерди төлөө боюнча жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө жобону иштеп чыгып, бекитти, андан кийин комиссиянын курамы бекитилди. Конкурстун байге фонду ар бир муниципалитет үчүн 25 миң сомдон болду.

Конкурстун өткөрүлүшү жөнүндө маалыматты айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кварталдык комитеттер, айыл башчылары менен өткөн жолугушууларда таратып чыгышты. Бул иштин жүрүшүндө конкурс жөнүндө жобонун талаптары, ошондой эле ЖДКЖ Долбоору бөлгөн байге фондун алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат беришти. Мындан тышкары, айыл өкмөтү маалыматтык буклеттерди, плакаттарды, баннерлерди даярдап, эл көп чогулган жерлерге, айылдарга жайгаштырып, видеороликтер тартылды, алар социалдык тармактар, WhatsApp тайпалары аркылуу ыкчам таратылып, борбордук аянттардагы экрандарда көрсөтүлдү.

Айылдардын шыктанган тургундары демилгелүү топторду түзүп, ар бир кожолукту кыдырып чыгышып, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөгүсү келбеген тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин айыл өкмөтү- нүн кызматкерлери жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тургундар менен жалпы чогулуш өткөрүштү. Ошол чогулушта байге фонду кандайча колдонулаары талкууга алынды. Жергиликтүү жамааттардын жигердүү мүчөлөрү демилге көтөрүп, кошуналар, туугандар, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, аларды акыны өз убагында төлөөгө түрткү бергенден тышкары, уткан каражаттар айылдардын кайсы муктаждыктарына жумшалаарын да түздөн-түз чечишкени кубандырат.

Мисалы, конкурстун жеңүүчүлөрү – Жерге-Тал айылдык аймагынын Боспиек айылынын Кара- Жыгач жана Тоголок-Дөбө көчөлөрү байге фондун көчөгө жарык орнотууга жумшоону чечишти. Байге фондунун каражатына көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн прожекторлорду сатып алуу чечими кабыл алынып, ал эми прожекторлорду орнотуу жана туташтыруу ишине тургундар өз чөнтөгүнөн төлөштү. Бардык катышуучулар көчөлөргө жарыктар орнотулгандан кийин түнкүсүн көчөлөр жарык, коопсуз жана кооз болот дегенге макул болушту. Эми жашоочулар кечинде жумуштан кийин сейилдеп басып, таза абадан дем ала алышат.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында Боспиек жана Жерге-Тал айылдарынын жашоочулары ичүүчү сууга болгон мамилесин өзгөртүштү. Алар ичүүчү суу кандай күч-аракеттер менен камсыздаларын, сууну керектөөчүгө жеткирүү үчүн кандай кыйынчылыктарды жеңүү керектигин жана кандай чыгымдар кетерин билип калышты. Мындай маалымдуулук сууну аяр жана үнөмдүү колдонуу керектигин, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыны өз убагында төлөө менен жарандык жоопкерчиликти сезиш керектигин, өз убагында жана толук акы төлөө көрсөтүлгөн кызматтардын туруктуулугуна жана сапатына түздөн-түз таасирин тийгизерин түшүнүүгө жардам берет.

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн чогултулган акыны көбөйтүү боюнча маалыматтык өнөктүк муниципалитеттердин калкына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу багытында маанилүү кадам болуп саналат. Кызмат көрсөтүү үчүн акыны өз убагында төлөө аркылуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо анын сапатын камсыз кылууга жана инфраструктураны жакшы абалда сактоого жардам берет. Тургундардын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен күч-аракеттери биздин айылдарды туруктуу жана бардыгы үчүн ыңгайлуу кыла алат.

 

Окшош материалы: