Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын окутууга жана алардын квалификациясын жогорулатууга жергиликтүү бюджеттен акы төлөө тууралуу

2023-11-07 / Юридикалык кеңеш

Муниципалдык кызмат боюнча суроолорго ЖӨБ Союзунун эксперттери Айнура БУРКАНОВА, Айнура КЕНЖЕБАЕВА жана БАЖБАнын эксперти Жаныл ТУКЕНАЛИЕВА жооп беришет.

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын окуусуна жергиликтүү бюджеттен акы төлөөгө болобу? Мындай учурда иш сапарына кеткен чыгымдар кантип төлөнөт?

Мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык кызматчыларды окутууга акы төлөөнүн зарылдыгы тикелей көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 185-беренесине ылайык, иш берүүчү кызматкерди иштен ажыратуу менен квалификациясын жогору- латууга жибергенде, анын негизги иштеген жердеги жумуш орду (кызмат оруну) жана эмгек акысы сакталат. Квалификациясын жогорулатуу үчүн иштен ажыратуу менен башка жерге жиберилген кызматкерлерге кызматтык иш сапарга жиберилген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдө иш сапарынын чыгымдары төлөнөт. Мындан улам эмгек келишими боюнча иштеген муниципалдык кызматчыларга да Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ушул ченеми жайылтылат.

2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.

Мыйзам ошондой эле ЖӨБ органдарына жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутууну каржылоого тыюу салбайт. Кыргыз Республикасы- нын Бюджеттик кодексинин 51-беренеси жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын окуусуна акы төлөөгө, ошондой эле окууга байланыштуу башка чыгымдарды (окуган жерине жетүүгө кеткен жол чыгымдары, жашоого кеткен чыгымдар, суткалык акы ж.б.) төлөөгө тыюу салбайт. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (буга чейин Өкмөттүн) токтомдору менен белгиленген эмес.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпы табиятын жана маанисин кабылдап, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын көңүлгө алып, бул маселе жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңеш) кабыл алган жергиликтүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынууга жатат деген тыянак чыгарууга болот.

Мисалы, жергиликтүү кеңеш жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутууга акча каражаттарын бөлүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутууга байланыштуу чыгымдарды төлөө жөнүндө жобо ж.б. сыяктуу документтерди кабыл алса болот. Окуу кызмат көрсөтүүсү үчүн конкреттүү түрдө ким төлөйт: айыл өкмөтүбү же жергиликтүү кеңешпи – бул маселе ушул Жобо менен аныкталууга тийиш. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга коюлган талаптар сыяктуу эле ЖӨБдүн ар бир органы жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутууга болгон керектөөсүнө баа берип, акы төлөө процессин жөнгө салуучу жобо менен катар ушул максаттарга чыгымдарды бөлүү үчүн негиз боло турган окутуу программасын иштеп чыкканы максатка ылайыктуу болмок.

 

Окшош материалы: