Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин төрагасы алмашканы жөнүндө КР Юстиция министрлигин кабарлоо тууралуу

2023-11-07 / Юридикалык кеңеш

Муниципалдык кызмат боюнча суроолорго ЖӨБ Союзунун эксперттери Айнура БУРКАНОВА, Айнура КЕНЖЕБАЕВА жана БАЖБАнын эксперти Жаныл ТУКЕНАЛИЕВА жооп беришет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештин төрагасы алмашкандыгы жөнүндө юстиция органдарына кабар бериши керекпи?

Бериши керек, антпесе аларга айып салынышы мүмкүн. 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 441-беренесине ылайык, мамлекеттик кайра каттоосуз жана маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө кабарлоосуз ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон анык эмес маалыматтарды берүү юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтомуна) 96-пунктуна ылайык, юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) каттоочу органга чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого милдеттүү:

  • жетекчиси;
  • жайгашкан жери (юридикалык дареги);
  • телефон, факс номерлери жана электрондук дареги;
  • чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) – жеке жактын паспорттук маалыматтары же анын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары;
  • чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) – юридикалык жактын каттоо маалыматтары;
  • жетекчинин паспорттук маалыматтары же анын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары;
  • юридикалык жакты ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү.

Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген маалыматтары өзгөргөндө каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү басылган жана алардын жетекчилеринин колу коюлган билдирүү берилет. Билдирүүгө жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим жана анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү тиркелет. Жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечимге юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү басылууга тийиш.

Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат. Мындан улам аларга да жогоруда көрсөтүлгөн бардык талаптар жайылтылат.

 

Окшош материалы: