Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер тууралуу

2023-11-07 / Юридикалык кеңеш

Муниципалдык кызмат боюнча суроолорго ЖӨБ Союзунун эксперттери Айнура БУРКАНОВА, Айнура КЕНЖЕБАЕВА жана БАЖБАнын эксперти Жаныл ТУКЕНАЛИЕВА жооп беришет.

Райондук мамлекеттик администрация жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө кандай функцияны аткарат?

Райондук мамлекеттик администрациянын райондун чегинде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан карамагына төмөндөгүлөр кирет:

  • 1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлери жана ушул Кодекстин 13, 14-беренелеринде көрсөтүлгөн жерлер үчүн белгиленген чектөөлөр менен адамдарга жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү;
  • 3) райондун аймагында жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;
  • 4) райондук маанидеги мал айдап өтүүчү жолдорду, анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилөө;
  • 5) жергиликтүү кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу;
  • 6) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү;
  • 7) өзгөчө баалуу жерлерден башка жерлерде долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;
  • 8) жер реформасын жүргүзүү;
  • 8-1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн бир түрдөн башкасына которуу;
  • 8-2) айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрүн ушул Кодекстин 20-беренесинин 12-пунктунда көрсөтүлгөн турак-жайларды курууга жерлерден жана айыл чарба жерлеринен тышкары, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу;
  • 8-3) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которуу;
  • 8-4) көрүстөн, таштанды полигондору, ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттери, тазалоочу курулмалар, саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттер үчүн бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;
  • 8-5) жер мунапысынын объекттеринин тизмегин бекитүү;
  • 9) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
  • 10) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

Жер мунапысынын объектилери деген эмне?

Жер мунапысынын объектилери 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөн.

Жер мунапысынын объектилери – төмөнкүдөй жер участоктору:

  • а) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар;
  • б) “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынган жерлердин башка түрлөрүн кошпогондо, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары укук мураскерлери болуп саналган органдардын сугат айдоо жерлерин жеке турак жай курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдери бар жер участоктору;
  • в) айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон;
  • г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүштүрүүнүн натыйжасында “айыл чарбалык” максаттуу багыттагы жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар;
  • д) багбанчылык-дача участоктору.

 

Окшош материалы: