Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБАдан квалификацияны жогорулатуу курстары: жер мыйзамдарынын маселелери жана мыкты окутуучу-практиктер – бул артыкчылыктуу маселе

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
БАЖБАдан квалификацияны жогорулатуу курстары: жер мыйзамдарынын маселелери жана мыкты окутуучу-практиктер – бул артыкчылыктуу маселе

Жаңылыктар түрмөгү Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА тарабынан даярдалды

2023-жылдын сентябрь айында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) эки топ үчүн “Жер мыйзамдарынын актуалдуу маселелери” деген темада квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрдү. Ар бир курстун узактыгы 24 академиялык саатты түздү.

Курстар элеттик муниципалитеттердин 19 айыл өкмөтүнүн башчыларынын орун басарлары, жерге жайгаштыруу боюнча адистер жана архивариустар жана Кыргызстандын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын райондук (Ноокат) жетекчисинин орун басары үчүн уюштурулду[1].

БАЖБАнын окутуучулары курстун лекторлору болушту:

  • Айнур КЕНЖЕБАЕВА, КР ЖӨБ Союзунун жер маселелери боюнча консультанты;
  • Гульнура ЖАКЫПБЕКОВА,  КР Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин укуктук маселелер боюнча адиси (жайыт маселелери боюнча юрист);
  • Карлыгач КУБАНЫЧБЕКОВА, КР Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин башкы адиси.

Окутуу курсунда жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу, жер участокторун трансформациялоо, жер мунапысы, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин өңүттөрү жана өзгөчөлүктөрү ж.б. маселелер камтылган.

“Курстун темасы биз үчүн өтө актуалдуу болду, себеби бир нече күн мурун бизге жер комиссиясынын өкүлдөрү текшерүү менен келип кетишкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө көптөгөн суроолор пайда болду, ал суроолорго жоопторду биз күтүп турганбыз. Бирок алар консультация алуу үчүн Айнура КЕНЖЕБАЕВАга кайрылыш керектигибизди айтышкан. Анан окууга келгенден кийин биз дал ушул эксперттен билим аларыбызды билип отурбайбызбы! Ушул 3 күндүн ичинде биз жаңы билимге гана ээ болбостон, талкууларга катышып, суроолорубузга жоопторду алдык. Эч нерсе кокусунан болбойт экен!” – деди Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Таалайбек САДИРОВ.

“Биздин мугалимибиз практик болуп чыкканы мага чоң таасирин тийгизди. Бүгүнкү күндө мындай нерсени сейрек кездештирип калбадыкпы. Көптөгөн лекторлор жана окутуучулар теорияны практикалык кырдаалдык мисалдар менен бекемдебестен гана үйрөтүшөт. Академияга бул үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем”, – деди Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Гүлчынар МАМАТОВА.

Курстун аягында угуучулар квалификацияны жогорулаткандыгы жөнүндө БАЖБАнын лицензияланган сертификаттарын алышты.

[1] “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын программасын Өнүктүрүү саясат институту, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы түзгөн. Коалиция жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо максатын көздөйт жана Швейцариянын финансылык көмөгү менен ишке ашырылууда.


[1] 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы (2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июну №41, 2023-жылдын 25-январындагы №14, 2023-жылдын 19-октябрындагы №190 КР Мыйзамынын редакцияларына ылайык), 19-берене, 9-пункт: “Кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн”.

 

Окшош материалы: