Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маданий жана музыкалык мурастарды сактап калуу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү балдар үчүн музыка сабактарын уюштурууда

2023-12-10 / ЖӨБ кызматтары
Маданий жана музыкалык мурастарды сактап калуу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү балдар үчүн музыка сабактарын уюштурууда

Түрмөктү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун коммуникациялар боюнча адиси Турар БЕКБОЛОТОВ даярдады. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – бул Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан төрт жылдык программа. Бул долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жолу менен 50 муниципалдык түзүлүштө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Толугураак маалыматты сайттан окуй аласыз: www.fb.com/SA2Project

Кызыл-Октябрь айылдык аймагындагы музыкалык ийримге 25 бала барып турат (катышуучулардын саны барган сайын көбөйүүдө), ийримдин айрым катышуучулары аймактык маданий иш-чараларда да өнөрүн көрсөтө баштады.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Гүзар айылында өз алдына бийик максатты койгон Нургүл Сулайманова жашайт. Нургүл музыкага болгон көптөн берки ышкысын айланасындагы коомду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кыймылдаткыч күчкө айландыра алды. Нургүл музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн, ошон үчүн бала кезинен эле кыргыздын салттуу аспабы болгон комузда ойноо чеберчилигин улам өркүндөтүп жүрүп чоңойгон. Музыкалык мектепте окуп, андан соң жогорку музыкалык билимге ээ болгонуна карабастан, жашоосу кайсы бир маалда башка нукка бурулуп, көп жылдар бою Ошто жана Бишкекте бухгалтер кесибин ийгиликтүү аркалап келди.

Үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу Нургүл туулуп-өскөн Гүзар айылына кайтып келген. Бул айыл Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь муниципалитетинин бир бөлүгү болуп саналат. Ал жергиликтүү аскер мекемесинде катчы болуп иштегенине карабастан, жүрөгү ар дайым музыка деп согуп келген эле. Дал ошол мезгилде Нургүл райондо балдар үчүн музыкалык билим берүү кызмат көрсөтүүсү болбогонун түшүнгөн. Жакынкы музыкалык мектептер Өзгөндөн 25 чакырым алыстыкта болгондуктан, Нургүл өз сабактарын баштагысы келгени менен, бирок каржылык жана административдик кыйынчылыктарга туш боломбу деп кооптонуп турган.

2023-жылдын башында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Кызыл-Октябрь айылдык аймагы менен кызматташуусунун башталышы тагдыр өзгөрткөн бурулуш учур болуп калды. Долбоор муниципалитеттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга жана жамааттын мүчөлөрүнүн көңүл сыртында кала берген керектөөлөрүн канааттандырууга жардам берип, өзгөрүүлөрдүн катализаторуна айланды. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен фокус-топтордо талкуулар жана жергиликтүү тургундар менен коомдук угуулар өткөрүлүп, жамааттын керектөөлөрү жана арткычылыктуу маселелери аныкталды. Талкуудан кийин жамаатта жаш муунду ар тараптуу өнүктүрүү үчүн кызмат көрсөтүүлөргө муктаждык бар экени, тактап айтканда, музыка жана комузда ойногонду үйрөткөн сабактар керектиги белгилүү болду. Ошентип, айыл өкмөтү музыкалык билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнү чечти. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы ТАЛАНТБЕК уулу Руслан: “Музыка жана маданият сабактарын уюштуруу менен биз ата-энелердин керектөөлөрүнө эле жооп берип жаткан жокпуз. Биз ошондой эле жаштарыбыздын билим алуусу, эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүп беришибиз керектигин да баамдап турабыз”.

“Мындай мүмкүнчүлүк пайда болгонуна сүйүнүп, конкурска катышып көрөйүн дедим. Натыйжада конкурстан утуп алып, комуз черткенди үйрөткөн “Байчечекей” аттуу балдар классын ачтым”, – дейт Нургүл СУЛАЙМАНОВА.

Ошол эле учурда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында муниципалитеттин кызматкерлерин комплекстүү окутуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ар кандай өңүттөрүн камтыйт, анын ичинде окутуучунун эмгек акысын эсептөө, келишимдерди түзүү, аутсорсинг, мүлктү башкаруу жана коомчулук менен иш алып баруу да бар.

“Балдарды комузда ойноого үйрөтүү менен биз келечек муундар үчүн маданий мурасыбызды сактап калабыз. Мен юридикалык жана жол-жоболук формалдуулуктарды чечүүдө долбоордун жардамын жана муниципалитеттин бул багыттагы колдоосун жогору баалайм”, – дейт Нургүл СУЛАЙМАНОВА.

Нургүлдүн музыкалык мурасты сактап калууга болгон умтулуусунун жыйынтыгы алкоого татыктуу. Беш окуучудан башталган класс көп өтпөй 25 окуучудан турган топко айланды, алардын басымдуу бөлүгүн кыздар түзөт. Окуучулар комузда 10дон ашык белгилүү чыгармаларды өздөштүрүштү. Топ облустук жана райондук деңгээлдерде уюштурулган ар кандай маданий иш-чараларга катыша баштады. Бул ийгилик таржымалы класстан ары да өнүгүп кетти: ата-энелер да жигердүү катышып, балдар иш-чараларга кийип чыга турган улуттук кийимдер менен камсыз кылып турушат.

Бул идеяны ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы маанилүү ролду ойноду: сабак өткөрүү үчүн атайын мейкиндикти камсыз кылып берип, маданий борбордун сахнасында ойноого мүмкүнчүлүк берди. Нургүлдүн кыргыз маданиятын мындан ары жайылтуу боюнча дымактуу пландары бар: ал балдардын комплекстүү фольклордук-этнографиялык ансамблин түзүүгө умтулуп жатат. Нургүл комуздан тышкары балдарга чопо чоордо, ооз комузда, добулбаста, сыбызгыда да ойногонду үйрөтүүгө жан үрөп келатат.

 

Окшош материалы: