Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн жеңилдиктер тууралуу

2023-07-18 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын адистери жооп беришет.

Муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринде кандайдыр бир жеңилдиктер барбы?

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 5-беренесине ылайык кызматкерлер үчүн мыйзамдарда каралбаган, кошумча эмгектик жана социалдык-тиричилик жеңилдиктери жамааттык келишимде чагылдырылышы мүмкүн. Бул келишимдер эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда кабыл алынат жана эмгекчилердин укуктарын жана таламдарын коргоого кепилдик берген юридикалык документ болуп саналат. Келишимдер кызматкерлер үчүн кошумча эмгектик жана социалдык-тиричилик жеңилдиктерин камтышы мүмкүн. Мисалы, Жалал- Абад облусунун Ноокен районундагы “Масы- Тазалык” муниципалдык ишканасында эмгекти коргоонун жана социалдык шыктандыруунун төмөнкү элементтери киргизилген: жеке коргонуу каражаттары, күн сайын бир жолу ысык тамак, эмгектин зыяндуу шарттары үчүн үстөк акча, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор, тейлөө зонасын кеңейтүү үчүн сыйакылар, абоненттик базаны көбөйтүү үчүн кошумча төлөмдөр жана сыйакылар, жаңы жылдык майрамдарга жана балдарды коргоо күнүнө карата балдарга белектер. Бул тууралуу кененирээк “Чыгашалуулуктан туруктуулукка чейин: муниципалдык ишкананы өнүктүрүү” деп аталган макаладан окуй аласыз.

Катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу жумуштары эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштарга киреби?

Ооба, кирет. КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмеги (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) менен таштанды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча жумуштар оор жана зыяндуу эмгек шарттарына кирет.

КТКны чогултуп, ташып чыгарган кызматкер өз каражатына атайын кийим сатып алышы керекпи?

КР Эмгек кодексинин 211-беренесине ылайык, кызматкерлерге атайын кийимдер, атайын бут кийимдер жана жекече коргонуунун башка каражаттары, жуугуч жана зыянсыздандыруучу каражаттар белгиленген ченемдерге ылайык акысыз берилүүгө тийиш.

 

Окшош материалы: